ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
UNRWA Израилдин Газадагы көчүрүү планы “чоң концлагерлерди” жаратат деп эскертти
Буга чейин Израилдин коргоо министри Исраэл Кац армияга Газанын түштүгүндөгү Рафахтын урандыларынын үстүндө “гуманитардык шаар” түзүү планын иштеп чыгууну тапшырганын билдирген.
UNRWA Израилдин Газадагы көчүрүү планы “чоң концлагерлерди” жаратат деп эскертти
UN warned that more than 700,000 people have been uprooted since the end of the ceasefire in March. / Photo: AA / AA
11 Июль 2025

Бириккен Улуттар Уюмунун Палестиналык Качкындар боюнча агенттиги (UNRWA) Израилдин палестиналыктарды Газадан түштүктөгү Рафах шаарына күч менен көчүрүү планын айыптады жана бул кадам “ири концлагерлерди” жаратып, гуманитардык кризисти ого бетер курчутат деп билдирди.

UNRWAнын байланыш директору Джульетта Тоума Al Jazeera English агенттигине берген маегинде агенттик "кандайдыр бир калкты мажбурлап көчүрүүгө таптакыр каршы" экенин айтып: "Эгер мындай боло турган болсо, анда азыркы согуш учурунда жана мурда бир нече жолу жер которгон он миңдеген адамдарды түштүккө жана ал жактан белгисиз тарапка түртөт. Азыр жасалышы керек болгон нерсе – ок атышууну токтотууга жетишүү жана UNRWAга өтө зарыл болгон жардамдарды жеткирүүгө мүмкүнчүлүк берүү" деди.

Тоуманын айтымында, UNRWAнын Египет жана Иорданияда 6,000ден ашуун жүк ташуучу унааларында мөөнөтү бүтүп бара жаткан дары-дармектер, бузулуп бара жаткан азык-түлүктөр жана гигиеналык каражаттар бар.

“Биз каалаган нерсе – курчоону алып салгыла, ок атышууну токтоткула, UNRWA жана башка БУУнун мекемелерине өз иштерин аткарууга мүмкүнчүлүк бергиле,” - деди.

Гуманитардык шаар”

БУУ буга чейин Газадагы массалык жер которуулар тууралуу коңгуроо кагып, март айында ок атышпоо келишими аяктагандан бери 700 миңден ашуун адам жер которгондугун билдирген.

Израилдин коргоо министри Исраэл Кац армияга Газанын түштүгүндөгү Рафахтын урандыларынын үстүнө “гуманитардык шаар” куруп бардык палестиналыктарды ал жерге көчүрүү планын даярдоого буйрук бергенин айтты.

Ок атышпоо боюнча эл аралык чакырыктарды четке каккан Израиль армиясы 2023-жылдын 7-октябрынан бери Газага ырайымсыз чабуул жасап, 57 миң 800дөй палестиналыкты, көбү аялдар жана балдарды өлтүрдү. Үзгүлтүксүз бомбалоо аймакты кыйратып, тамак-аштын жетишсиздигине жана оорулардын жайылышына алып келди.

Өткөн жылдын ноябрында Эл аралык кылмыш соту Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуга жана анын мурдагы коргоо министри Йоав Галлантка Газадагы согуш кылмыштары жана адамзатка каршы кылмыштар боюнча камакка алуу ордерлерин чыгарган.

Ошондой эле Израиль Газадагы согушу үчүн Эл аралык адилет сотунда геноцид доосу менен бет-бет турат.

Иликте
Түрк тышкы иштер министри Анталья дипломатия форумунан мурун Аш - Шараа менен жолугушту
Фидан  Пакистандын премьер-министри Шариф менен жолугушту, күн тартибинде АКШ -  Иран орун алды
Эрдоган: "Тынчтык жана коопсуздук үчүн аймактык актерлор негизги ролду ойнойт"
Түркия менен Сомали президенттери энергетикалык кызматташтыкты жана аймактык маселелерди талкуулашты
Сирия күчтөрү АКШ аскерлери чыгып кеткенден кийин Хасакадагы "Касрак" аба базасына кирди
Кемелер АКШнын блокадасына карабастан Перс булуңуна кирүү үчүн жаңы багыттарды карап жатышат
ЭЭА: Европанын авиациялык күйүүчү майы 6 жумага гана жетиши мүмкүн
Польша Газадагы катаал мамиледен улам Израилди айыптады
Израиль Захрани дарыясынын түштүгүндөгү ливандыктарды аймактан чыгып кетүүнү эскертти
Орусиянын Украинага кол салуусунан үч адам каза болду
Пентагон Кубага ыктымалдуу операцияны пландаштырууну тездетүүдө
ФИФАнын төрагасы: Иран сөзсүз түрдө Дүйнөлүк чемпионатка катышат
Түркия парламентинин төрагасы Куртулмуш Израилдин БУУдагы мүчөлүгүн токтотууну талап кылды
Жакынкы Чыгыштагы согуш: энергетикалык зыян 58 млрд долларга жетиши мүмкүн
Иран Ормуз кысыгында АКШ блокадасы улантыла турган болсо Кызыл деңизди жабуу менен коркутту