САЯСАТ
3 мүнөт окуу
Тарифтер боюнча чечим Кытайдын колунда — Трамп
Трамп Кытайдын Вашингтон менен келишим түзүшү керектигин жактап, дүйнөнүн экинчи чоң экономикасынын Боинг менен түзүлгөн маанилүү бир келишимден артка кадам ташташын катуу тил менен сынга алды.
Тарифтер боюнча чечим Кытайдын колунда — Трамп
16 Апрель 2025

АКШнын президенти Дональд Трамп соода тууралуу сүйлөшүүлөрүндө столго отурушу керек болгон тараптын Кытай экендигин айтты. Ак үйдөн берилген маалыматка караганда Трамптын бул позициясы  Пекинди  Боинг менен түзүлгөн чоң масштабдуу келишимди бузду деп айыптагандан кийин белгилүү болду.

Ак үйдүн катчысы Каролин Левитт шейшемби күнү өткөргөн пресс  - жыйынында президент Трамптын:"Топ эми  Кытайдын кортунда. Кытай биз менен келишим түзүүгө мажбур.  Биздин алар менен келишим түзүүбүздүн кереги жок", - дегенин билдирди.

«Кытай менен башка өлкөлөрдүн ортосунда эч кандай айырма жок, болгону алар чоңураак», – деп кошумчалады Левитт.

Левиттин билдирүүлөрү АКШнын президенти Дональд Трамптын Кытайдын АКШнын авиациялыкк компаниясы Боинг менен түзүлгөн маанилүү келишимди бузгандыгын ортого салуусунан кийин келди. Бул айыптоо Bloomberg Пекиндин аба жолу компанияларына Боингге таандык жаңы учактарды тапшырууну токтотуу буйругунан кийин жасалды.

Кабарда өзгөчө Пекин башкаруусунун Кытай аба жолу компанияларынан  АКШлык компаниялардан учакка тиешелүү жабдууларды жана запастык бөлүктөрүн сатып алууну токтотууну суранганы белгиленген.

Трамп Truth Social сайтынан жарыялаган бир билдирүүсүндө: «Толугу менен убада берилген учактарды өткөрүп ала албай тургандарын» айтышты. Чоң Боинг келишимин бузушту»,- деди. Бирок Трамп сөз кылган Боинг келишими тууралуу кенен маалымат берген жок.

Трамп бул жылдын башында президентикке кайтып келгенден бери союздаш жана атаандаш өлкөлөргө жаңы бажы тарифтерин киргизди. Бирок Кытайга карата эң катуу кадамын таштап бир топ Кытай товарына 145 пайыздык катнашта кошумча салык киргизди.

 Европа Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен немис жумалык  Die Zeit гезитине берген маегинде Трамтын Европа Биримдигине 10 пайыздык тариф киргизишинен кийин Европа Биримдиги менен АКШнын ортосундагы карым  - катнаштын «татаалдашкандыгын» айтты.

Европа Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен ыктымалдуу сүйлөшүүлөр тууралуу берилген суроого : «Биз европалыктар позициябызды так түрдө ортого салып жатабыз, америкалыктар да өз позицияларын белгилешүүдө»,- деп жооп берди.

Канада өкмөтү өзгөчө шейшемби күнү берген билдирүүсүндө автомобиль өндүрүүчүлөрүнө карата тарифтик жеңилдиктерди сунуштай тургандыгын билдирди. Бирок бул жеңилдиктин компаниялардын өндүрүш иштерин Канадада улантуу шартына караштуу экендиги маалымдалды. Оттованын бул кадамы Трамп башкаруусунун саясаттарынын негизги өнөр жай тармагынын АКШга жылышына алып келиши мүмкүн деген кооптонуу менен ташталды.

«Урмат - сый жок»

Трамп шейшемби күнү Truth Social сайтынан берген билдирүүсүндө Пекинди буга чейинки сооа келишиминде берген убадаларын  орундатпоо менен айыптады. Трамп сөз кылган келишимдин алгачкы президенттик мезгилинде АКШ менен Кытайдын ортосунда күч алган бажы салыгы тууралуу согуштун токтотулушуна мүмкүнчүлүк бере турган макулдашуу болгондугу тууралуу баа бериле алган.

АКШнын президенти Кытайдын «сатып алууга макул болгон нерселердин бир бөлүгүн гана»  алганын белгилеп, Пекиндин мурдагы президент Жо Байден башкаруусун «сыйлабагандыгын» айтты.

Жылдын башынан бери Трамп Кытайдан жасалган импортторго жогорку тарифтерди киргизип  АКШ бир топ соода өнөктөшүнө 10 пайыздык «базалык» тарифти киргизе баштады.

Трамп администрациясы бул тарифтерден бошотууларды кеңейтип, смартфондор жана ноутбуктар сыяктуу айрым технологиялык өнүмдөрдү дүйнөлүк 10 пайыздык бажы тарифинен жана Кытайга карата колдонулган 125 пайыздык  кошумча салыктан бошотту.

Трамп шейшемби күнү социалдык медиада жарыяланган билдирүүсүндө АКШлык фермерлер соода талаш-тартыштары учурунда көп учурда «оппоненттерибиз менен мисалы, Кытай менен алдыңкы сапка коюлгандыгын" белгилеп, аларды коргоого убада берди.

Кытайдан жасалган бир топ импорт 145 пайыздык кошумча бажы тарифи менен бетме  - бет же Трамптын Кытайдын  фентанилди жеткирүү чынжырындагы ролунан улам  киргизген мурунку 20 пайыздык  тарифтерге туш болууда.

Буга жооп иретинде Пекин АКШнын айыл чарба продукцияларына каршы тарифтерди киргизүү менен жооп кайтарып, андан соң АКШнын импортуна 125 пайыздык  бажы тарифин киргизди.  

Боинг акциялары шейшемби күнү  2,4 пайыздык баа жоготту.

Иликте
Ок атышууну токтотууга карабастан, Израиль Газадагы палестиналыктардын үйлөрүн талкалап жатат
Сириянын президенти Сириянын экономикалык өнүгүүсү үчүн Эл аралык валюта кору менен жолугушту
Лавров Украина боюнча Рубио менен бетме-бет жолугушууга даяр
Батыш Шериада мыйзамсыз отурукташкандардын чабуулдарынан каза болгон палестиналыктардын саны өсүүдө
БУУ: Эль-Фаширдеги жайкын тургундар "элестетүү мүмкүн болобогон" мыкаачылыкка туш болууда
Шараа Трамп менен жолугушуу үчүн АКШга келди
Трамп Газа боюнча Эл аралык коопсуздук күчү "жакында" түзүлөрүн айтты
Израиль министри Мамданинин жеңишинен кийин Нью-Йорктогу жөөттөрдү качып кетүүгө үндөдү
Түркия Газадагы ок атышпоону улантууга чакырып, гуманитардык жардамдын жетишсиз экенин билдирди
Түркиянын тышкы иштер министри Фидан Финляндияга барды
Нью-Йорктун тарыхында калыптанган тартипти бузуп, жеңген жаш мусулман талапкер-Зохран Мамдани
Нью-Йорктуктар жаш мусулман Зохран Мамданини мэр кылып шайлоо менен АКШнын саясатын өзгөртүштү
Мерц Сириянын президентин качкындар жана экономикалык маселелерди талкуулоо үчүн Германияга чакырды
Перу мурдагы премьер-министрине башпаанек берген Мексика менен дипломатиялык мамилелерин үздү
Трамп Нигерия жана Украина тууралуу сөз кылды
Трамп Орусия менен Кытай жашыруун өзөктүк сыноолорду жүргүзгөнүн айтты
Украинада орусиялыктардын чабуулунан алты адам, анын ичинде эки бала каза болду
Израиль Ливандын түштүгүнө кол салып, ок атышпоо келишимин бузду
Хегсет: «АКШ менен Кытай чыңалууну басаңдатуу үчүн аскердик байланыш түзүмүн түзүшөт»
Трамп «христиандарды өлтүрүү» боюнча айыптап, АКШнын Нигерияга аскердик операциясын кыйытты