ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Түркиянын президенти Эрдоган Израилдин Иранга каршы соккуларын "ачык провокация" деп айыптады
Эрдоган: «Түркия катары коңшубуз Иранга жасалган кол салууларды катуу айыптайбыз, дос жана боордош Иран элине көңүл айтабыз жана каза болгондорго Аллахтан ырайым, жарадарлардын тез сакайып кетишин каалайбыз»,-деди.
Түркиянын президенти Эрдоган Израилдин Иранга каршы соккуларын "ачык провокация" деп айыптады
/ Anadolu Agency

Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган Израилдин Иранга жасаган аба соккуларын катуу айыптап, бул кол салууларды аймактык жана дүйнөлүк туруктуулукту коркунучка салуу деп мүнөздөдү.

Эрдоган жума күнү Х платформасынан берген билдирүүсүндө : “Израиль аймагыбызды өзгөчө Газаны кан, көз жашы жана туруксуздукка батыруу стратегиясын бүгүн эрте менен абдан коркунучтуу деңгээлге алып келди”,- деди.

Коңшу Иранга жасалган кол салууларды «эл аралык мыйзамды тоготпогон ачык провокация» деп мүнөздөгөн Эрдоган, бул кол салуулардын Израилдин Газадагы кыймылдарынан улам ядролук сүйлөшүүлөр күчөгөн жана эл аралык кысым күчөгөн маанилүү мезгилде жасалганына көңүлдөрдү бурду.

Эрдоган: «Бул кол салуулар Нетаньяху өкмөтүнүн мыйзамсыз менталитетин ачыкка чыгарды»,-деп, Израилдин «жоопкерчиликсиз жана агрессивдүү аракеттери» аймакты жана дүйнөнү кырсыкка түртүп жаткандыгын эскертти.

‘Коңшубуз Иранга жасалган бул жийиркеничтүү кол салууларды катуу айыптайбыз’

Эл аралык коомчулукту аракетке чакырган Эрдоган: "Дүйнөлүк коомчулук аймактык жана глобалдык туруктуулукту бузуп жаткан Израилдин аракеттерин токтотушу керек. Нетаньяху жана анын кыргын тобунун аймакты отко салган кол салуулары дароо токтотулушу керек", - деди.

Жакынкы Чыгышта абалдын дагы да күч алышына каршы Түркиянын позициясын кайталаган Эрдоган : “Дагы бир жолу Жакынкы Чыгышта дагы көп кандын төгүлүшүн, кыйроо жана кагылышууну көрүүнү каалабаганыбызды жарыялайбыз”,- деди.

Эрдоган сөзүнүн акырында Иран менен тилектештигин билдирип : “Түркия катары коңшубуз Иранга жасалган бул жийиркеничтүү кол салууну катуу айыптап, дос жана бир тууган Иран калкына көңүл айтып, каза болгондорго Аллахтан ырайым, жаралуулардын бат айыгып кетишин каалайбыз”,- деди.

Иликте
Белфасттагы зордук-зомбулук окуяларынан кийин Британия Ирландия чек арасындагы көзөмөлдү күчөттү
Сирия купуя документтерди интернетке чыгарып жиберген киберчабуул боюнча иликтөө жүргүзүп жатат
Кудс губернаторулугу: "Израиль UNRWA'га таандык билим берүү комплексин жок кылууну пландап жатат"
Инд океанында  ушул кезге чейинки эң терең жана эң чоң кит көрүстөнү табылды
Пакистан Индия суу агымын чектесе "олуттуу кесепеттерге" дуушар болорун эскертти
Бурханеттин Дуран: Түркия жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн эшиктерин ачууну улантат
Тышкы иштер министри Фиданды Болгариянын премьер-министри Радев кабыл алды
Эрдоган Түрк Кызылайы дүйнөлүк гуманитардык жардам аракеттери менен өзгөчөлөнгөнүн айтты
Peace Now: Израиль Батыш Шериадагы 69 мыйзамсыз конуш үчүн 51 миллион доллар бөлдү
Иран АКШнын акыркы чабуулдарынан кийин ок атышууну токтотууну жарыялоо "маанисиз" экенин билдирди
Пашинян Армения-Түркия темир жолу "тез" ачылат деп үмүттөнөрүн билдирди
Фидан: АКШ менен Иранга сүйлөшүүлөргө кайтууну сунуштайбыз
Улуттук коргоо министрлиги: Түндүк Кипр Түрк Республикасынын кызыкчылыктарын коргоону улантабыз
Президент Эрдоган Түрк Кызылайынын түптөлгөнүнө байланыштуу билдирүү жарыялады
NBC: Трамп коргоо өнөр жайынын жетекчилери менен жолугат