UNRWAга суу менен электрди бөгөттөгөн мыйзам Израиль парламентинде биринчи окууда өттү
Израиль парламенти Кнессетте сунушталган мыйзам долбоору 28 добуш менен жактырылып, 8 депутат каршы добуш берди.
Израиль парламенти Кнессеттин Бириккен Улуттар Уюмунун Палестина качкындарына жардам берүү жана жумуш менен камсыз кылуу агенттигине (UNRWA) электр энергиясын жана суу менен камсыздоого тыюу салууну көздөгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда жактыргандыгы маалымдалды.
Мыйзам долбоору шаршемби күнү биринчи окуудан 28 добуш «кабыл» жана 8 добуш «каршы» менен өттү.
Палестинанын WAFA маалымат агенттиги мыйзам долбоорунда суу жана электр энергиясы менен камсыздоочулар UNRWAнын алкагында керектөөчү катары катталган эч бир мүлккө кызмат көрсөтпөй тургандыгы каралганын билдирди.
Мыйзам долбоору ошондой эле UNRWA тарабынан колдонулган, Израилдин Жер башкармалыгында катталган жерлерге Израилге көзөмөлдөө укугун берет.
Times of Israel гезитинин маалыматына ылайык, мыйзам долбоору БУУнун агенттигинин Израилде иштешине тыюу салган 2024-жылдын октябрында кабыл алынган мурунку эки мыйзамга кошумча болуп саналат.
Жардамга каршы кысым
Бул аракет Израилдин курчоого алынган Газадагы жана оккупацияланган Батыш Шериадагы палестиналыктарга жардам көрсөтүүнү токтотуу аракеттериндеги акыркы кадамы болууда.
Израиль далил келтирбей туруп, UNRWAнын айрым кызматкерлеринин Палестинанын каршылык көрсөтүү уюму ХАМАС үчүн иштеген деп ырастоодо.
АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио ошол негизсиз дооматтарды кайталап, Бириккен Улуттар Уюму болсо бул дооматтарды четке какты.
UNRWAнын маалыматына ылайык, Израиль 2023-жылдын октябрынан бери Газадагы геноцид башталгандан бери кеминде 381 UNRWA кызматкерин өлтүрдү.
Израиль 2023-жылдын октябрынан бери Газадагы кыргында көпчүлүгү аядар менен балдар болгон дээрлик 70 000 палестиндикти өлтүрдү.
Курчоого алынган аймактын көпчүлүк бөлүгүн урандыга айландырып, калкынын баары жер кторду.