ДҮЙНӨ
3 мүнөт окуу
Австралияда шайлоо алдында партия лидерлери жөнөкөй билдирүүлөрдү жасашууда
Премьер-министр Энтони Албаниз жана оппозиция лидери Питер Даттон жекшемби күнү өтө турган шайлоого чейин акыркы жолу шайлоочуларга кайрылып, өзгөрүп жаткан демографиялык түзүлүш, турак жай басымы жана таасирдүү энергия планын түзүү боюнча билдиришти
00:00
Австралияда шайлоо алдында партия лидерлери жөнөкөй билдирүүлөрдү жасашууда
/ Reuters

Австралиянын премьер-министри Энтони Албаниз жана оппозиция лидери Питер Даттон алдыдагы жалпы шайлоолордун алдында ар бири өзүн "алсыз тарап" катары көрсөтүүдө.

Борбордук сочул жумушчу партиясынын лидери болгон Албаниз жума күнү Квинсленд, Виктория жана Тасмания штаттарына барды. Консервативдик либералдык-улуттук коалициянын лидери Даттон Түштүк Австралия жана Батыш Австралия штаттарында шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзгөн.

Албаниз 2004 -  жылы консерватор Жон Ховарддан бери эч бир Арстарлия премьер  - министринин шайлоодо утуп чыкпагандыгын белгиледи. Ховарддын 11 жылдык бийлиги  2007 -  жылы акырына чыккан.

Албаниз жума күнү журналисттерге берген маегинде: «Чечкинсиз болгон шайлоочу саны абдан көп. Алдыбызда чоң бир тоскоолдук бар. 2004 -  жылдан бери эч ким кайрадан шайланбады»,- деди.

Даттон болсо чечкинсиз шайлоочулардын коалицияны колдой тургандыгына ишенгендигин айтты. Добуш берүү милдеттүү болгон Австралияда көптөгөн киши жаза албоо үчүн гана добуш берет жана көпчүлүк учурда талапкерин шайлоо болгон күнү белгилейт.

Даттон өткөн аптада журналисттерге : «Биз мүмкүнчүлүгү аз тараппыз жана менин оюмча бул шайлоодо көптөгөн киши чыныгы нааразычылык добушун берет анткени премьер  - министрдин бул шайлоодон утуп чыккандыгын ойлоп жатат»,- деген.

Жаш шайлоочулардын саны "Бэби Бумерлерден" көп болгон биринчи шайлоо

Эки талапкердин кампаниясы да Австралиянын өзгөрүп жаткан демографиясына басым жасады. Бул шайлоо, Baby Boomer деп аталган жана Экинчи Дүйнөлүк согуштун аягы менен 1964-жылдын аралыгында төрөлгөн муундун жаш шайлоочулар тарабынан саны боюнча алгачкы жолу өтүшү менен өзгөчөлөнөт.

Эки кампания тең биринчи жолу үй алууну каалагандарга, көпчүлүк үчүн өтө кымбат болгон кыймылсыз мүлк рыногуна кирүүгө жардам бере турган саясаттарды убада кылды. Энергетика маселеси талапкерлердин пикирлери экиге бөлүнгөн маанилүү пункттардын бири. Оппозиция 2035-жылдан баштап электр энергиясын өндүрө турган мамлекет тарабынан колдоого алынган жети атомдук электр станциясын курууга убада берди. Эскилиги жеткен көмүр станцияларынын жабылышынан улам пайда болгон боштукту жаратылыш газы менен иштеген электр станциялары толтурат.

Жумушчу партиясы 2030 -  жылга чейин Австралиянын энергетика тармагынын  82 пайызынын күн жана шамал  турбиналары сыяктуу жаңыланууга боло турган энергетика булактары менен иштешин пландап жанан жана жаратылыш газга дагы аз көз каранды болууну максат кылууда.

Жумушчу партиясы  атаандаш Даттондун коалициясынын  ядролук максаттарын каржылоо үчүн кызматтарда чоң кыскартуларды жасай тургандыгын   билдирген.

Жумушчу партиясы коалицияны АКШнын президенти Дональд Трамп жана анын Өкмөттүн натыйжалуулугу департаментин тууроо менен айыптады жана федералдык мамлекеттик сектордогу жумуш орундарынын бештен биринен көбүн кыскарта тургандыгын билдирди.

Жума күнү Албаниз : «Американы же башка бир жерди көчүрүп алуунун кереги жок. Австралияга таандык бир жол менен кетишибиз керек»,- деди.

Сенатор: «Афтралияны кайрадан керемет абалга алып келели»

Оппозициянын сенатору Жасинта Нампижинпа Прайсөткөн айда колдоочуларына башкарууларынын Австралияны кайрадан кереметтүү абалга алып келерин айтып Трампты туурабагандыгын белгиледи.

Коалиция шайланса, 41,000 федералдык мамлекеттик кызмат орундугун кыскартуудан жооптуу боло турган Прайс  журналисттерге республикачылдардын "Американы кайра улуулат"   деген ураанды эске салган сөздөрдү колдонгонун эстебегендигин айтты.

Даттон жума күнү Либералдык партия жетектеген өкмөттүн мамлекеттик карызды азайта тургандыгын айтты.

"Мен өлкөбүздү кайра оң жолго салгым келет, экономикабызды жакшы башкарууну каалайм жана муну либералдык өкмөт гана жасай алат. Эгерде биз экономиканы жакшы башкарсак, инфляцияны азайтып, үй-бүлөлөргө жашоонун кымбатчылык кризисинен чыгууга жардам бере алабыз», - деди Даттон.

 

Иликте
Омандын жээгинде мунай ташуучу танкер атылды
Орусиянын Краснодар аймагына дрон чабуулунан кийин мунай иштетүүчү заводдо өрт чыкты
TEKNOFEST Көгүлтүр мекенде Turkcell компаниясы алыстан роботтук хирургиялык сыноо өткөрдү
Израилдин Газага кол салууларынан каза болгондордун саны 73 миң 422ге жетти
Президент Эрдоган: "Аймагыбызда туруксуздукка жол бербей турганыбызды билдирдик"
Европа Биримдигинен Украинага 6,1 миллиард евролук коргонуу колдоосу
Түркиянын А улуттук волейбол командасы Словенияны 3:1 эсебинде жеңди
Омандын тышкы иштер министри Бусаиди эртең Тегеранга барат
АКШ 75 өлкөнүн жарандары үчүн иммиграциялык визаларга тыюу салууну жокко чыгарды
Орусиянын Ozon компаниясына таандык үч кампага дрондор менен чабуул жасалды
АКШ менен Канаданын ортосундагы тарифтик чыңалуу: Трамп Оттава администрациясын катуу сынга алды
Израилдин Газага жасаган геноциддик чабуулдарынан каза болгондордун саны 73 419га жетти
Пезешкиан: Иран "согуш да, тынчтык да эмес" деген кырдаалдын токтошун каалайт,компромисске барбайт
Пакистан жана Малайзия коопсуздук чөйрөсүндө кызматташууну тереңдетүү боюнча макулдашты
Израилдин аскер кызматкерлери Нетаньяху шайлоону кийинкиге калтыруу үчүн чыңалууну күчөткөнүн айтат