ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
Түркия-Армения нормалдаштыруу процессинде жаңы кадам
Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Өнжү Кечели, Түркия менен Армениянын ортосундагы нормалдаштыруу процессинин алкагында түз сооданы баштоо боюнча бюрократиялык даярдыктар 11-майдан тарта аяктаганын жарыялады.
Түркия-Армения нормалдаштыруу процессинде жаңы кадам
Министрликтин басма сөз катчысы орток чек араны ачуу үчүн керектүү техникалык жана бюрократиялык даярдыктар дагы деле уланып жатканын баса белгиледи. / AA

Басма сөз катчысы Кечели социалдык медиа баракчасында 2022-жылдан бери уланып келе жаткан эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди нормалдаштыруу процессине байланыштуу жүргүзүлүп жаткан ишенимди бекемдөө кадамдары тууралуу билдирүү жасады.

Өз билдирүүсүндө Кечели түз сооданы ишке ашыруу максатында жүргүзүлгөн бюрократиялык иштер 2026-жылдын 11-майына карата аяктаганын айтып, жаңы жобонун чоо-жайы менен бөлүштү.

Жаңы жобонун анегизинде Түркиядан үчүнчү өлкө аркылуу Арменияга же ошол эле жол менен Армениядан Түркияга келген товарлардын жеткен же чыккан жерин эми документтерде "Армения/Түркия" деп көрсөтүүгө мүмкүн экени айтылды.

Чек араны ачуу боюнча техникалык даярдыктар уланууда

Эки өлкөнүн ортосундагы кургактык чек арасын ачуу процессине токтолгон Кечели жалпы чек араны ачуу үчүн зарыл болгон техникалык жана бюрократиялык даярдыктар дагы деле жүрүп жатканын баса белгиледи.

Түркиянын аймактагы тынчтыкка болгон көз карашына көңүл бурган Кечели: "Түштүк Кавказда туруктуу тынчтыкты жана гүлдөп-өнүгүүнү бекемдөө үчүн колдонулган тарыхый мүмкүнчүлүктүн негизинде Түркия аймактагы бардык өлкөлөрдүн жана элдердин жыргалчылыгы үчүн экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө жана кызматташтыкты андан ары илгерилетүүгө салым кошууну улантат", - деп билдирди.

Иликте
Зеленский Россиянын Украинадагы телеканалдын имаратына дрон менен чабуул койгонун жарыялады
Смотрич: Осло келишимдери жараксыз, Батыш Шерианын А жана В аймактары аннексияланышы керек
Израиль күчтөрү оккупацияланган Батыш Шериада жүргүзүлгөн рейд учурунда бир палестиналыкты өлтүрдү
Польшада роботтор жасалма интеллектке каршы нааразылык акциясын өткөрүштү
Тышкы иштер министрлиги Младичке сөөк коюу  өткөрүлгөнүнө каршылык билдирди
Зеленский АКШ Орусия-Украина согушун басаңдатуу үчүн кадамдарды жасап жатканын айтты
Россиянын Киевге жасаган ракета жана дрон чабуулунан эки адам каза болуп, он адам жараланды
Сауд Арабиясы хуситтердин өлкөгө кол салууларынан 73 адам жаракат алганын билдирди
Улуттук аялдар волейбол командасынын Европа чемпиондугу Италиянын басма сөз беттеринде
Орусия: Германия Бонндогу Башкы консулдугубузду негизсиз шылтоо менен жапты
Президент Эрдоган Европа чемпиону болгон А Улуттук аялдар волейбол командасын куттуктады
Кыргызстан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жеңишке жетти
Жер Ортолук деңизиндеги эң ири айлана-чөйрөнү коргоо өнөктүгү Фетхиеде башталды
Индонезиядагы жанар тоо атылып чыккандан кийин 1500дөн ашык каттам токтотулду
Стамбул аэропорту Европадагы алдыңкы ордун сактап калды