ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Трамп ирандык жетекчилер АКШ чабуулдарын токтотуу үчүн өзүнө телефон чалганын айтты
АКШ президенти ирандык жогорку мартабалуу жетекчилердин АКШнын чабуулдарын токтотуусун каалаганын ортого салды. Тегеран болсо ырастоону четке кагып, билдирүүнүн чындыкты чагылдырбаганын билдирди.
Трамп ирандык жетекчилер АКШ чабуулдарын токтотуу үчүн өзүнө телефон чалганын айтты
Иран Трамптын телефон чалуу тууралуу билдирүүлөрүн америкалык аскерлердин чегинүүсүн жашырууга багытталган жалган шылтоо катары четке какты. / AP

АКШнын Президенти Дональд Трамп "Fox News" телеканалына берген билдирүүсүндө Ирандын жогорку мартабалуу жетекчилери АКШнын чабуулдарын токтотууну сурануу үчүн өзүнө түз телефон чалышканын айтты.

Трамп менен Тегеран бийлигинин ортосундагы сейрек кездешүүчү түз байланыштардын бири катары каралган бул сүйлөшүү АКШ президентинин Вашингтондун күн ичинде Иранга каршы "катуу" чабуул жасалганын айткан учурда ишке ашты.

Трамп Fox News каналына АКШнын операциясына 49 "Томагавк" ракетасы, ошондой эле радар жана абадан коргонуу системаларын бутага алган согуштук учактардын ​​катышканын айтты.

Ракеталардын Тегерандан 65 километр алыстагы жерлерди жана Ирандын Перс булуңунун жээгиндеги түштүк-батыш тилкесинде жайгашкан аскердик позицияларына сокку урганы маалымдалды.

Трамп Тегеран уланып келе жаткан кризисти токтото турган келишимге кыска убакытта кол койбосо АКШнын аскердик кадамдары ылдам күч алууга даяр экени боюнча эскертти.

Fox News билдиргенине караганда Трамп келишимге жетишилбесе бомбалоонун эртең кечинде да уланарын айтты.

Тегеран Американын дооматтарды четке какты

Fox News кабарчысы Трей Ингст Трамп менен Кырдаалдык бөлмөдө сүйлөшкөнүн билдирди. Ингсттин айтымында, сүйлөшүү учурунда бөлмөдө вице-президент Жей Ди Вэнс менен бирге АКШнын расмий өкүлдөрү Стив Виткофф жана Жаред Кушнер да болгон.

Ингст X эсебинен жасаган билдирүүсүндө Трамптын ага мунун "дүйнө тарыхындагы эң көп бузулган ок атышууну токтотуу" экенин айтканын билдирди.

Иран болсо Трамптын "Ирандын расмий өкүлдөрү өлкөгө каршы багытталган бомбалоолорду токтотууну суранышты" деген дооматтарын "жалган" деп мүнөздөдү.

Ирандын мамлекеттик телеканалы жогорку мартабалуу ирандык жетекчиге шилтеме жасап, Трамптын сөздөрү АКШнын Тегеран менен тирешүүдөн баш тартуусун жашыруу максатында айтылганын билдирди.

Бул билдирүүлөр АКШнын Ирандын түштүгүнө жасаган чабуулдарынан жана Ирандын буга жооп катары Американын аймактагы аскердик базаларын бутага алуусунан улам чыңалуу эң жогорку чегине жеткен учурга туш келди.

Ирандан АКШга “аймак тозокко айланат” деген эскертүү

Иран Ормуз кысыгынын тегерегиндеги чыңалуудан улам бул аймак АКШ үчүн "тозокко" айланарын эскертти.

"Mehr" маалымат агенттигинин билдирүүсүндө Ислам революциясынын сакчылар корпусунун (ИРСК) Аэрокосмостук күчтөрүнүн командири Сейид Межид Мусави "ыйык Ормуз кысыгына" карата коркунуч жаратуу аракеттерине каршы эскертүү берди.

Мусави: "Эгерде Ормуз кысыгынын коопсуздугуна коркунуч келтире турган болсоңор, Ирандын төрт тарабынан аймакты силер үчүн тозокко айландырабыз”,- деди.

Мусави эскертүүнүн айактагы"америкалыктардын тайманбастыгына" жооп катары берилгенин айтты.

Буга чейин Революция сакчылары коркупу Кувейттеги "Али ас-Салим" жана "Ахмед ал-Жабир" авиабазалары, ошондой эле Бахрейндеги "Шейх Иса" аскердик базасында жайгашкан АКШнын 18 ири аскердик объектиси соккуга учураганын жарыялаган.

Иликте
Канаданын АКШга каршы жооп иретиндеги тарифтери күчүнө кирди
АКШ Ирандын көптөгөн танкерлерине кол салды
Жаңы Зеландия Израилди Батыш Шериадагы мыйзамсыз конуштарды кеңейтүүнү токтотууга чакырды
Иран Иордандагы АКШ базасын бутага алды: Американын эсминецтерин атканын билдирди
Катар жана Кытай Ормуз кысыгындагы кеме жүрүү эркиндигин талкуулашты
Непал-Кытай чек арасындагы селден каза болгондордун саны 1400гө жетти
Венгрия 10 орус дипломатын өлкөдөн чыгарды
UNIFILдин чыгышы жакындап, БУУнун Коопсуздук Кеңеши тынчтыкты сактоо күчтөрүнүн келечегин чечет
Ирандан чабуулчулар "толугу менен өкүнгөнгө" чейин каршылык көрсөтүү убадасы
Зеленский Россиянын Украинадагы телеканалдын имаратына дрон менен чабуул койгонун жарыялады
Смотрич: Осло келишимдери жараксыз, Батыш Шерианын А жана В аймактары аннексияланышы керек
Израиль күчтөрү оккупацияланган Батыш Шериада жүргүзүлгөн рейд учурунда бир палестиналыкты өлтүрдү
Польшада роботтор жасалма интеллектке каршы нааразылык акциясын өткөрүштү
Зеленский АКШ Орусия-Украина согушун басаңдатуу үчүн кадамдарды жасап жатканын айтты
Россиянын Киевге жасаган ракета жана дрон чабуулунан эки адам каза болуп, он адам жараланды
Сауд Арабиясы хуситтердин өлкөгө кол салууларынан 73 адам жаракат алганын билдирди
Орусия: Германия Бонндогу Башкы консулдугубузду негизсиз шылтоо менен жапты
Индонезиядагы жанар тоо атылып чыккандан кийин 1500дөн ашык каттам токтотулду
Орусия АКШ жана Кытай менен үч тараптуу саммит өткөрүүгө даяр
Революциялык гвардия: АКШ блокадасы Иранга караганда Вашингтонго көбүрөөк чыгым алып келиши мүмкүм