ДҮЙНӨ
3 мүнөт окуу
Израиль курчоого алынган Газанын 30 пайызын буфердик аймакка айлантты
Израиль геноцидин тынымсыз улантуу менен Палестинанын Газа аймагынын 30 пайызын буфердик аймакка айландырганын жарыялап, согуш болуп жаткан аймакка карата гуманитардык жардамдарга бөгөт коюу саясатын уланта тургандыгын билдирди.
Израиль курчоого алынган Газанын 30 пайызын буфердик аймакка айлантты

Израиль армиясы шаршемби күнкү билдирүүсүндө "Газа тилкесиндеги бир нече негизги аймактарды жана каттамдарды толук оперативдүү көзөмөлгө алгандыгын" билдирди.

"Газа тилкесинин болжол менен 30 пайызы оперативдүү коопсуздук периметри болуп аныкталды",- деп кошумчалады.

Өзгөчө Израилдин абадан кол салууларынын "болжол менен 1200 террористтик бутага" сокку урганын жана 18-марттан бери "100дөн ашуун максаттуу операциянын жүргүзүлгөндүгүн" белгиледи.

Коргоо министри Израэль Кац бул айда жасаган билдирүүсүндө армиянын Газаны "кичирейтип, обочолонгон" абалга келтиргендигин айтты.

Израилдик жетекчилер кайра кайра жүргүзүлгөн рейддердин Хамасты Газада барымтада кармалган 58 барымтаны бошотууга мажбурлоонун бир гана жолу экендигин айтышууда.

"Газага жардам жок"

Шаршемби күнү палестиналык “Ислам жихады” тобу барымтадагы израилдик-немистин видеосун жарыялады. Видеодо барымта израилдик жетекчилерге жана АКШнын президенти Дональд Трампка бошотулушу үчүн чакырык салган.

Үй -бүлөсү жана израилдик маалымат каражаттары барымтанын Кудстан Ром Браславский экендигин белгиледи.

Газадагы кыргынга параллель ХАМАС Израилдин ортомчулар аркылуу жаңы 45 күндүк жаңы ок атышууну токтотууну сунуш кылгандыгын жана мунун ондогон барымтанын бошотулушун камтыгандыгын айтты.

Нетаньяху шаршемби күнү барымтадагыларды бошотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүчүлөр жана коопсуздук кызматкерлери менен жолугушту жана: "Барымтадагыларды бошотуу үчүн жасалган кадамдарды улантуу боюнча көрсөтмө берди", - деп билдирди анын командасы.

Хамас сунуштун согуштун толугу менен токтошу үчүн Хамастын куралсыздандырылышын камтыгандыгын белгиледи.

ХАМАСтын жогорку мартабалуу расмий өкүлү Махмуд Мардави АФПге берген билдирүүсүндө топтун Израилдин документине жооп даярдап жатканын, бирок Хамастын “куралдардын эч бир сүйлөшүүгө кошулбай тургандыгын” баса белгиледи.

Кац Израилдин 2 миллион 400 миң адам жашаган, курчоого алынган аймакка жардамдын киришине бөгөт коюуну уланта тургандыгын айтты.

Израиль 2-мартта жардамдардын киришин токтотуп, аймактагы гуманитардык кризисти ого бетер начарлатты.

"Бул жардамга бөгөт коюу Хамастын муну эл аркылуу курал катары колдонуусуна жол бербөөнүн негизги кысым жасоо куралдарынын бири", - деди коргоо министри.

Медициналык кайрымдуулук уюму Чек тааныбаган дарыгерлер (MSF) Израилдин кол салуулары жана жардам эмбаргосунун Газаны көрүстөнгө айландыргандыгын билдирди.

MSF координатору Аманде Базеролле: "Газа палестиналыктардын жана аларга жардам берүүгө аракет кылгандардын массалык көрүстөнүнө айланды",- деп кошумчалады.

"Палестиналыктар же аларга жардам берүүгө аракет кылгандар үчүн коопсуз башпаанек жок болгондуктан, гуманитардык кийлигишүү коопсуздук жана материалдык жетишсиздиктен улам оорлошуп жатат",- деди.

Бириккен Улуттар Уюмунун Гуманитардык иштерди координациялоо кеңсеси 18-марттан бери Газада "жарым миллионго жакын адамдын кайрадан жер которгондугун" болжолдогондугун белгиледи жана буга чейин Газанын согуш башталгандан бери абдан олуттуу гуманитардык кризис менен бетме - бет экендигин эскерткен.

Кыргын

Израиль 2023-жылдын октябрынан бери блокададагы Газада көпчүлүгү аялдар жана балдардан турган 51 миңден ашуун палестиналыкты өлтүрдү.

18-мартта бир тараптуу ок атышпоо токтотулуп, курчоого алынган аймактын чоң бөлүгүн урандыга айландырган жана дээрлик бүт калкты жер которткон геноциддик согушун кайра баштаган.

Тель-Авив аймакты курчоого алып, чукул муктаж болгон гуманитардык жардамдын киришине бөгөт болду.

Эл аралык кылмыш соту былтыр ноябрь айында Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху жана мурдагы коргоо министри Йоав Галлантты Газадагы согуш кылмыштары жана адамзатка каршы кылмыштары үчүн камакка алууга ордер чыгарган.

Израиль өзгөчө аймакка карата согушунан улам Эл аралык Сотто геноцид доосу менен бетме - бет келип турат.

Иликте
Украинанын президенти Зеленский: "Биз Европа Биримдигине толук мүчө болууга татыктуубуз"
Иран армиясы:"Кувейт жана Бахрейндеги АКШ базалары менен борборлоруна дрондор менен чабуул жасадык"
Тышкы иштер министри Фидан Украинага барат
Коопсуздук боюнча башкармалык 15-июль Демократия жана улуттук биримдик күнүнө карата видео жарыялады
Иранда суу өндүрүүчү жайга кол салуу болду
15-июль түнүндөгү окуялар жана элдин дастанга айланган каршылыгы
Иран армиясынын басма сөз катчысы: "Ормуз кысыгы АКШнын чабуулдары менен ачылбайт"
Деңиз күчтөрүнүн командири Татлыоглу Латакияга барды
Президент Эрдоган Пакистандын коргонуу  жана кургактык күчтөрүнүн командири Мунирди кабыл алды
Феттулахчы террордук уюм (ФЕТӨ) деген эмне?
Түркия 2016-жылдын 15-июлунда ишке ашпай калган төңкөрүш аракети менен билинген Bylock
Алиев Түркия-Азербайжан карым - катнаштарына баа берди:"Ушундай жакын дос болгон башка эки өлкө жок"
МИТ ДЕАШ террордук уюмунун жетекчилеринин бири болгон Талип Гүлерди кармады
Түркия  Дамаскта өткөн Сирия Элдик парламентинин биринчи сессиясын ыраазычылык менен кабыл алды
Түрк изилдөөчүлөрүнүн жасалма интеллект боюнча изилдөөсү эл аралык адабияттарга кирди