ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Түркия Израилдин медиага карай чабуулдарын айыптады: "Мыкаачылык, мыйзамсыз жана жийиркеничтүү"
Фахреттин Алтун Израилдин Ирандын мамлекеттик телеканалына жасаган чабуулун айыптап, Израиль полициясынын Хайфада ТРТ Арабинин түз эфирин үзгүлтүккө учуратышын жана ТРТ менен Alghad телеканалынын кызматкерлерине күч колдонуусун сынга алды.
Түркия Израилдин медиага карай чабуулдарын айыптады: "Мыкаачылык, мыйзамсыз жана жийиркеничтүү"
Turkish Head of Communications calls Israeli attacks on Iranian state TV 'barbaric'. / AA
17 Июнь 2025

Түркиянын Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун Израилдин акыркы аракеттерин, айрыкча медиа кызматкерлерине багытталган чабуулдарын катуу айыптап, бул аракеттерди "жапайычылык" жана "басма сөз эркиндигине каршы жийиркеничтүү кол салуу" деп сыпаттады.

Дүйшөмбү күнкү билдирүүсүндө Алтун, Израилдин Ирандын мамлекеттик телеканалына жасаган соккусун айыптап, анда журналисттер жана жайкын тургундардын каза тапканын белгиледи.

Фахреттин Алтун X платформасындагы билдирүүсүндө : «Израиль басма сөз өкүлдөрүн жана жарандарды бутага алып Ирандын мамлекеттик телеканалына кол салуусу ачыктан-ачык кыргын болуп саналат. Журналисттерге жана медиа өкүлдөрүнө кол салуу жапайычылык»,- деди.

Алтун каза болгон ирандык журналисттер үчүн көңүл айтып, Израиль өкмөтүн эл аралык нормаларды көп жолу бузганы үчүн мамлекеттүүлүгүн жоготту деп айыптады.

"Биз эл аралык коомчулукту Израилдин агрессиясына жана аймакты отко салган жоопкерсиз аракеттерине каршы чара көрүүгө чакырабыз," – деп кошумчалады.

‘Мыйзамсыз аракеттер’

Башка бир билдирүүсүндө Алтун Израиль полициясынын Хайфа шаарында ТРТ Араби кабарчысы Фехми Штеве жана анын командасынын түз эфирин үзгүлтүккө учуратканын да айыптады. Команданын жабдуулары конфискацияланганын жана TRT Arabi менен Египеттин Alghad TV телеканалдарынын журналисттери зомбулукка кабылганын билдирди.

"Израиль өкмөтү тилекке каршы жасалган кыргындарды бүтүндөй адамзатка жеткирүүгө аракет кылган журналисттерге каршы мыйзамсыз аракеттерин улантууда," – деген Алтун "Бул акылсыздыктын акыркы көрүнүшү" деп айтты.

Батыштын унчукпай турганын да сынга алган Алтун, демократиялык баалуулуктарды жактаган эл аралык мекемелердин реакциясы жок экенине басым жасады. Алтун: «Кылмышкер Израиль болгондо эч кандай нормаларга жана баалуулуктарга маани бербеген жана алардын баарын көрмөксөнгө салган Батыш жана анын «демократиялык» мекемелери бул жана ушул сыяктуу мыйзам бузууларга унчукпай калабы, муну дүйнөлүк коомдук пикирдин баамдоосуна калтырабыз»,-деди.

Алтун Түркиянын басма сөз эркиндигин жана медиа кызматкерлеринин укуктарын коргоодогу чечкиндүүлүгүн дагы бир жолу баса белгилеп: "Биз сөз эркиндигин, маалымат алуу эркиндигин жана медиа кызматкерлеринин укуктарын коргоо боюнча чечкиндүү тарапта болууну улантабыз" деп кошумчалады.

Иликте
Түрк тышкы иштер министри Жакынкы Чыгыштагы согушту кесиптештери менен талкуулады
Вэнс: Пакистандагы Иран тууралуу сүйлөшүүлөрдө "чоң ийгиликтерге" жетишилди
Украина менен Россия Пасхадан кийин дрон чабуулдарын кайра баштады
Хакан Фидан: "Израилдин Түркияны жаңы душман катары жарыялоо аракетин көрүп жатабыз"
Европа Биримдиги Иран согушунан улам энергетикалык бааларды координациялоого чакырууда
Түштүк Корея менен Польша коргонуу жаатындагы байланыштарын тереңдетүүдө
Иран менен АКШ сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учураганга чейин келишимге жетишүү алдында турган
Орусия менен Украинанын ортосунда Пасхага карата ок атышпоо аяктады
Израилдеги оппозиция Нетаньяхуну Иран согушундагы ийгиликсиздик үчүн сындап жатат
Түрк прокурору Нетаньяхуну жана дагы 34 адамды өмүр бою эркинен ажыратууну суранды
Ирандын мамлекеттик медиасы: АКШнын «акылга сыйбаган» талаптарынан улам сүйлөшүүлөр ишке ашкан жок
Вэнс: «Пакистандагы 21 сааттык узун сүйлөшүүлөр АКШ менен Иранды элдештире алган жок»
Эрдоган менен Макрон Иран, Ливан жана Газадагы ок атышууну токтотуу маселелерин талкуулашты
АКШнын чалгын кызматтары: Кытай Иранга абадан коргонуу системаларын жеткирүүнү пландап жатат
АКШнын вице-президенти Вэнс АКШ-Ирандын маанилүү сүйлөшүүлөрүн баштоо үчүн Пакистанга барды