Президент Эрдоган Түндүк Кипр Түрк Республикасынын түптөлүшүнүн 42 – жылы менен куттуктады
Президент Эрдоган : «Улуттук дообуз Кипрди эч качан жалгыз калтырбоо, Кипр түрк калкы менен тилектештигибизди бардык тармакта бекемдөөнү улантабыз»,- деди.
Президент Режеп Таййип Эрдоган
Президент Режеп Таййип Эрдоган Түндүк Кипр Түрк Республикасынын 42 жылдыгына карата куттуктоо жарыялады.
Эрдоган куттуктоосунда : «Түндүк Кипр Түрк Республикасынын түптөлүшүнүн 42 жылдыгы менен чын жүрөктөн куттуктаймын. Бул маанилүү күндө Кипр түркү боордошторума саламымды жана сүйүүмдү билдирем. Баатыр шейиттерибизди урмат - сый менен эскерип, ардагерлерибизге ыраазычылык билдирем. Улуттук дообуз Кипрди эч качан жалгыз калтырбайт, Кипр түрк калкы менен тилектештигибизди бардык тармактарда бекемдөөнү улантабыз»,- деди.