ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Иран Израилдин кол салууларында 60тан ашуун кишинин каза болгонун жарыялады
Иран Саламаттыкты сактоо министрлиги 13-июндан бери Израилдин чабуулдарында 5,332 адамдынжаракат алганын билдирди.
Иран Израилдин кол салууларында  60тан ашуун кишинин каза болгонун жарыялады
/ AA

13-июндан бери Израилдин Иранга жасаган чабуулдарынан кеминде 606 адам каза болуп, 5,332 адам жаракат алды.

Ирандын Саламаттыкты сактоо министрлиги шейшемби күнү курман болгондордун арасында аялдар жана балдардын бар экенин билдирди, бирок кошумча маалымат берген жок.

Израиль Тегеран ядролук бомба чыгаруунун босогосунда турганын айтып 13 - июндан бери Ирандагы аскердик жана ядролук объектилер да болгон түрдүү жерлерге абадан сокку урду. Иран болсо бул ырастоону четке какты.

Иран жооп иретинде ракета жана дрондор менен сокку урду, ал эми АКШ да жекшемби күнү Ирандын үч өзөктүк объектисин бомбалоо менен кагылышууга кошулду.

Тынчтык келишими

Аймактагы эки атаандаштын ортосунда 12 күндүк аба согушунан кийин, АКШнын президенти Дональд Трамп дүйшөмбү күнү Израиль менен Ирандын ортосундагы кагылышууну токтотуу үчүн ок атышпоо келишимин жарыялады.

Ок атышпоо келишими шейшемби күнү саат 04:00дө (GMT) күчүнө кирип, "12 күндүк согушту" токтотту.

Бирок Израилдин коргоо министри Исраэл Катц Ирандын шейшемби күнү ок атышпоо келишимин бузду деп ырастап, Израиль армиясына Тегеранга катуу чабуул жасоо буйругун берген. Иран бул дооматты четке кагып, мындан аркы чабуулдарга чечкиндүү жооп берерин билдирди.

Шейшемби күнү Трамп Израилге нааразычылыгын билдирип, Тель-Авив да, Тегерандын да ок атышпоо келишимин бузганын айтты.

Израилдин маалыматына караганда, Ирандын ракеталык чабуулдарынан кеминде 29 адам өлүп, жүздөгөн адам жарадар болгон.

Иликте
Кувейт Ирандын  кол салууларын айыптады
Россия менен Афганистан аскердик кызматташтык келишимге кол коюшту
Коммуникация башкармалыгынын башчысы Дуран Азербайжанды куттуктады
АКШ Ормуз кысыгы аркылуу өтүү акысы үчүн санкция салды
Ирандын революция сакчылары Кувейттеги АКШнын аба базасын бутага алганын билдирди
Келерки жумалар Украинанын Европа Биримдигине мүчөлүк процесси үчүн абдан маанилүү
1,7 миллионго жакын мусулман ажылыкка барды
Хамас Кассам бригадасынын командири Авденин Израилдин чабуулунан каза болгонун ырастады
Израиль армиясы Газага кол салууда Хамастын аскердик лидерин өлтүргөнүн билдирди
БУУ Европадагы ысык аба ырайын климаттык кризистин "аёосуз эскертүүсү" деп мүнөздөдү
ДССУ:Испанияда жаңы учур катталып,круиздик кемедеги хантавирус жуктуруп алгандардын саны 13кө жетти
Эрдоган: «Түркия дүйнөдө сейрек кездешүүчү ийгилик аңгемесин жазып жатат»
АКШнын аскерлери Ирандын түштүгүндөгү деңиз жана ракеталык буталарга сокку урду
Израилдин президенти Герцог Израиль коомун «желмогуз» деп мүнөздөдү
Орусия чет элдиктерди жана дипломаттарды Киевден чыгып кетүүгө чакырды