САЯСАТ
3 мүнөт окуу
Иран менен АКШ Римде өзөктүк сүйлөшүүлөрдүн бешинчи айлампасын өткөрүшөт
АКШнын президенти Дональд Трамп эгерде келишимге жетишилбесе, Ирандын өзөктүк программасына карата абадан кол салуу менен коркуткан.
Иран менен АКШ Римде өзөктүк сүйлөшүүлөрдүн бешинчи айлампасын өткөрүшөт
/ Reuters

Иран менен Америка Кошмо Штаттары жума күнү Римде Тегерандын тездик менен өнүгүп жаткан өзөктүк программасы боюнча бешинчи айлампадагы сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө даярданууда. Бул сүйлөшүүлөрдө уранды байытуу маселеси негизги маселе катары каралууда.

АКШнын президенти Дональд Трамптын  Ирандын уранды байытууну толугу менен токтотуусу керектигин жана бул шарттын Тегерандын кыйын абалдагы экономикасына карата санкциялардын жоюлушун камтыган кандайдыр бир келишимдин негизги элементи болорун баса белгилөөдө. Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчи болсо жума күнү эрте менен онлайн берген билдирүүсүндө байытууну токтотуунун «келишим түзүүбүз мүмкүн эмес» деген мааниге келерин белгиледи.

Арагчи социалдык медиа  Х платформасынан берген билдирүүсүндө : «Келишим түзүүнүн жолу ракета илими эмес»,- деди. «Чечим чыруунун убактысы келди».

Сүйлөшүүлөргө АКШнын атынан Жакынкы Чыгыш элчиси Стив Виткофф менен мамлекеттик департаменттин саясатты пландаштыруу  боюнча директору Майкл Антон катышат. Жетекчилер сүйлөшүүлөрдүн кайда өткөрүлөрүнө байланыштуу маалымат берише элек.  Италиянын борбор шаарында болгон мурдагы сүйлөшүү бул жердеги Оман элчилигинде өткөн.

Сүйлөшүүлөргө Омандын тышкы иштер министри Бадр аль-Бусаиди ортомчулук кылууда. Оманды Тегеран да, Вашингтон да ишенимдүү ортомчу катары кабыл алууда.

Байытуу темасы сүйлөшүүлөрдө ачкыч маселе болууну улантууда. Сүйлөшүүлөр Ирандын өзөктүк программасын чектөөнү жана анын ордуна АКШнын өлкөгө каршы киргизген оор экономикалык санкцияларынын бир бөлүгүн алып салууну көздөйт. Бул жагдай эки өлкөнүн ортосундагы жарым кылымга жакын кастыктын көлөкөсүндө ишке ашууда.

Трамп эгер келишим түзүлө албай турган болсо Ирандын өзөктүк программасын бутага алган аба соккулары менен коркутууну улантууда. Иран бийликтери курал деңгээлинде байытылган урандын запасы менен өзөктүк курал жасоону улантуу тууралуу дагы көп эскертүүдө.  

«Атайын чаралар»

Байытуу талкуулардын негизги өзөгү болууну улантууда. Виткофф бир учурда Ирандын уранды 3,67%га чейин байыта аларын айткан, бирок кийинчерээк бардык байытуунун токтотулушу керектигин жактаган. Американын бул позициясы убакыттын өтүшү менен ого бетер катаалдашты.

Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Тэмми Брюс сүйлөшүүлөр тууралуу суроого жооп берип жатып, Вашингтондун байытууну толугу менен токтотууну талап кылып жатканын кайталады жана: "Биз сүйлөшүүлөр ийгиликтүү болот деп ишенебиз",- деди.

"Ирандыктар да үстөлдө, ошондуктан алар биздин позицияны түшүнүп, сүйлөшүүлөрдү улантып жатышат", - деп кошумчалады Брюс бейшемби күнү.

Буга чейин айтылган идеялардын бири Ирандын өз өлкөсүндө  байытууну токтотуусун, бирок региондук өлкөлөр жана АКШ колдогон консорциум аркылуу уранды жеткирүүнү улантуусун  күтүүдө.

Бирок Ирандын Тышкы иштер министрлиги байытуунун өлкөнүн чек араларында улантылышы керектигин жактап жатат жана 2010-жылдагы сүйлөшүүлөрдө ушундай эле күйүүчү май алмаштыруу сунушу колдоо көргөн эмес.

Ошол эле учурда Израиль коркунуч сезе турган болсо Ирандын өзөктүк объектилерин жалгыз өзү жок аларын айтты. Бул Газадагы согуштан улам чыңалып турган Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды ого бетер татаалдаштырууда.

Арагчи бейшемби күнү берген билдирүүсүндө Израиль коркутууларын уланта бере турган болсо Ирандын өзөктүк объектилерин коргоо үчүн «атайын чаралардын» көрүлөрүн белгиледи жана АКШны Израилдин кандайдыр бир кол салуусуна шериктеш катары карай турганын эскертти.

Иликте
Ок атышууну токтотууга карабастан, Израиль Газага кол салууларын улантууда жана бир бала каза болду
Перс булуңунун лидерлери Жиддада саммит өткөрүштү
Губернатор: Украинанын дрондору Орусиянын Туапсе мунай иштетүүчү заводуна кол салды
Эрдоган: "Жасалма интеллект жана технологиялык төңкөрүш дүйнөлүк жумушчу күчүн өзгөртүүдө"
Иран согушу Сомалинин жетиштүү тамактанбаган балдарын катуу жабыркатты
"Трамп Ирандын Ормуз кысыгын кайра ачуу сунушуна макул эмес"
Ок атышпоо келишимин бузган Израиль Ливандын түштүгүндө төрт кишини өлтүрдү
Ирактын Координациялык алкагы премьер-министрликке Али аз-Зайдинин талапкерлигин көрсөттү
Герцогдун учагы Түркиянын аба мейкиндигине кире албай, узак жолдон кийин Казакстанга конду
Түштүк Корея Түндүк Кореянын ядролук программасына каршы чукул глобалдык аракеттерди көрүүгө чакырды
АКШ Иран авиакомпанияларын колдогон фирмаларды санкциялар тууралуу эскертти
Индонезиянын Батыш Ява провинциясында таксинин айынан болгон поезд кырсыгынан 14 адам каза тапты
Түркия экспортту жогорулатуу жана дүйнөлүк инвестицияларды тартуу үчүн реформаларды баштоодо
Европа энергия үчүн кошумча 32 миллиард доллар төлөөгө аргасыз болду
Ким Чен Ын эстеликтин ачылышында Орусияны толук колдоого убада берди