ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Түркия "Эркиндик флоту" кемесине жасалган кол салууну айыптады
Анкара Эркиндик флоту коалициясына таандык жарандык кемеге жасалган кол салууну айыптады.
Түркия "Эркиндик флоту" кемесине жасалган кол салууну айыптады
/ AA

Түркия жума күнү “Эркиндик флоту” коалициясына таандык жарандык кемеге жасалган кол салууну айыптады. Бул кол салуу Израилдин эки айдан бери уланып жаткан Палестина блокадасынан улам ачкачылыктын босогосунда турган Газа калкы үчүн кырдаалды ого бетер курчутту.

Анкара бул кол салуунун эл аралык суулардагы навигацияга жана деңиз коопсуздугуна коркунуч жаратарын билдирди.

Times of Malta бир Израиль учагынын Мальтанын аба мейкиндигине киргендигин жана үч саатка жакын ошол жерде болгонун андан кийин Израилге кайтып кеткендигин тастыктады.

Учуу маалыматтарына ылайык, учак аралдын үстүндө кыска убакытка токтоп, андан кийин Хурд Банкынын үстүндө, чыгыш тарапта, 5,000 фут бийиктикте бир катар маневрлерди жасаган. Жалпысынан учак абада жети саатка жакын убакыт болгон.

Газага гуманитардык жардам жеткирүү үчүн 16 кишини алып бара жаткан кеме ошол эле күнү дрон кол салуусуна кабылып, зыян тартты. Кемедеги адамдарды Мальта күчтөрү куткарышты.

Израилдин Газа блокадасын акырына чыгарууну максат кылган бир группа активист “Эркиндик флоту” коалициясынын билдирүүсүндө дрондор менен жасалган кол салуунун кемени электрсиз калтыргандыгын жана “чөгүү коркунучуна” алып келгендиги белгиленди.

"Саат 02:13тө (03:13 GMT+3) борттогулардын коопсуз экени тастыкталды, бирок баары кемени таштап кетүүдөн баш тартышты"- деп айтылды жана кырдаалдын саат 03:45те (04:45 GMT+3) көзөмөлгө алынгандыгы да кошумчаланды.

“Абийир” аттуу кеменин азыр да эл аралык сууларда экени жана жетекчилер тарабынан көзөмөлдөнүп жаткандыгы белгиленди.

Кол салуунун жоопкерчилигин алган тараптын болбогонуна карабастан “Эркиндик флоту” коалициясы Израилди айыптаган билдирүү жарыялады.

"Израиль палестиналыктарды ачарчылыкка дуушар кылуу саясатын улантуу үчүн гуманитардык кемелерди бомбалоого даяр", - деп билдирди Кент университетинин доктору Шахд Хаммури.

Палестина боюнча БУУнун баяндамачысы Франческа Албанезе X платформасында Эркиндик флотундагы адамдардан жардам сураган чакыруу алганын билдирди.

"Тийиштүү мамлекеттик органдарды, деңизчилик органдарын кемеге жана анын экипажына керектүү жардам көрсөтүүгө чакырам",,- деди.

Өзгөчө: “Тийиштүү бийлик органдары чындыкты аныктап, тиешелүү чараларды көрөрүнө ишенем,” -деп кошумчалады.

Иликте
Израилдин Газага чабуулдарынан каза болгондордун саны 73 миң 399га жетти
Президент Эрдогандан "17-август" билдирүүсү
Филиппинде тропикалык циклон жана муссон жамгырларынын айынан 23 адам каза болду
Президент Эрдоган Аль-Жазира телеканалына маек куруп берди:
Трамп Мекке биргелешкен коргонуу келишимине кол коюлганына канааттанганын билдирди
Орусия: "Украинанын ракеталык чабуулунанан Белгород облусунда 6 адам каза болду"
Түркиянын 17 жашка чейинки кыздардан турган командасы дүйнөлүк чемпионатта күмүш медалды жеңип алды
Орусия Украинадагы аскердик өнөр жай объектилерине жана кемеге сокку урганын жарыялады
Индонезиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 51ге жетти, Түркия жабырлануучуларга көңүл айтты
Иран Трамптын Ормуз кысыгы боюнча билдирүүсүн четке кагып, "Ирандын аймагы бойдон каларын" билдирди
ХамаХамас Газадагы ок атышууну токтотуу келишимин туруктуу кылуу үчүн Каирге барат
Румыния: Испаниянын НАТО согуштук учагы аба мейкиндигин бузгандыгы үчүн УУАны атып түшүрдү
Түрк Кызылайы Газада протездик колдоо долбоорун баштады
Түштүк Корея лидери Ли Түндүк Корея менен болгон чыңалууну токтотууну каалаганын билдирди
TRT Казакстандагы маалымат каражаттары үчүн жасалма интеллект боюнча окутууларды өткөрөт