ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
Түркиянын биринчи cүзүп жүрүүчү жаратылыш газ платформасы Кара деңиз портуна барды
Кара деңиздеги өндүрүштү күнүнө 20 миллион куб метрге чейин көбөйтүүсү күтүлүп жаткан платформа, Түркияда болжол менен 8 миллион үй-бүлөнүн жаратылыш газга болгон муктаждыгын камсыздайт.
Түркиянын биринчи cүзүп жүрүүчү жаратылыш газ платформасы Кара деңиз портуна барды
/ AA

Түркиянын биринчи сүзүп жүрүүчү жаратылыш газ өндүрүү платформасы Осман Гази ишемби күнү Кара деңиз жээгиндеги Зонгулдактагы Филос портуна келди.

Бул чоң платформа Стамбулдун каратылышынын 572 жылдыгы болгон 29 - майда Стамбулдагы президенттиктин Долмабахче кеңсесинен салтанаттуу түрдө узатылды. Иш-чарага Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган менен энергетика жана жаратылыш ресурстары министри катышты. Платформа Стамбул кысыгынан өтүп, өз багытына жетти.

Күндүн ичинде 10,5 миллион куб метр жаратылыш газын иштетүү жана 10 миллион куб метр газды өткөрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон бул платформа Кара деңиздеги жаратылыш газ өндүрүшүн эки эсеге көбөйтүп, күнүнө 20 миллион куб метрге жеткирмекчи.

Бул платформанын Түркиядагы болжол менен 8 миллион үй-бүлөнүн жаратылыш газ муктаждыгын камсыз кылары күтүлүүдө жана ал 20 жыл бою бул аянтта кызмат кылат.

Платформанын узундугу 298,5 метр, туурасы 56 метр жана тереңдиги 29,5 метр болуп, 140 кызматкер иштейт. Платформанын 2026-жылдын ортосуна чейин ишке кириши күтүлүүдө.

Иликте
Түркияда кош жарандыгы бар жарандарга Болгарияда боло турган шайлоого катышуу үчүн чакырык салынды
Улуу Британия ыктымалдуу кризистерге даярдык көрүүгө чакырды
Күрөш боюнча дүйнө чемпионаты эртең Казакстанда башталат
Орусиянын президенти Путин Украина менен макулдашууга даяр экенин билдирди
Албанияда студенттердин нааразылык акциялары уланууда
Сирия режимдин кулатылган лидери Асад жана анын бир тууганы Махир Асад боюнча Интерполго кайрылды
Президент Эрдоган ТМУнун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды
Зеленский Байдендин эвакуация сунушун "Мага ок-дары керек" деген жообу менен четке какканын айтты
Стамбул аэропортуна 'Эң көп байланыштырган аэропорт' сыйлыгы
Ак карлуу Улудаг күздүн түстөрүнө бөлөндү
Трамп алар Иран менен сүйлөшүү өткөрбөгөндөрүн жана жакында "бир нерсе болорун" айтты
АКШ менен Гайана аскердик кызматташтыкты күчөтүү боюнча келишимге кол коюшту
Галатасарай Франциядан 3 упай менен кайтып келди
Король Фахд эл аралык аэропортуна кол салуудан 1 адам каза болуп, 8 киши жаракат алды
Газа жана Ливан тууралуу макалаларга нааразы болгондор Нью-Йорк Таймс имаратынын алдына чогулду