ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Россия АКШ менен "Путин - Трамп тоннели" долбооруна байланыштуу сүйлөшүүлөрдүн башталганын билдирди
Россиянын президентинин экономика боюнча жооптуу өкүлү Беринг кысыгынын астына темир жол тоннелинин курулушу Россия менен АКШнын экономикалык жактан өсүшүнө салым кошоорун билдирди.
Россия АКШ менен "Путин  - Трамп тоннели" долбооруна байланыштуу сүйлөшүүлөрдүн башталганын билдирди
Россия АКШ менен "Путин - Трамп тоннели" долбооруна байланыштуу сүйлөшүүлөрдүн башталганын билдирди / Reuters

Россиянын президентинин экономика боюнча атайын өкүлү Кирилл Дмитриев Москва менен Вашингтондун Беринг кысыгынын астына тоннель куруу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштаганын жарыялады.

Россиянын түз инвестициялык фондун (RDIF) да жетектеген Дмитриев жума күнү X платформасында: "Тоннель боюнча сүйлөшүүлөр башталды",- деди.

АКШнын президенти Дональд Трамп жума күнү Ак үйдө Украинанын президенти Владимир Зеленский менен өткөргөн жолугушууда Россия менен АКШны темир жол транспорту аркылуу байланыштырган Беринг кысыгындагы тоннель долбооруна кызыкдар экенин билдирди.

Дмитриев заманбап тоннелдин курулушун сегиз жылга жетпеген убакытта бүткөрүүгө болорун жана ага 8 миллиард доллардан аз каражат сарпталарын билдирди. Бул америкалык миллиардер Илон Маскка таандык The Boring Company компаниясынын технологияларынын жардамы менен мүмкүн болот.Бул көрсөткүч азыркы сметалык 65 миллиард доллардан бир топ төмөн.

Долбоорду “Путин-Трамп тоннели” деп атаган Дмитриев долбоордун ресурстарды биргелешип иштетүү, жумуш орундарын түзүү жана экономикалык өсүш потенциалын баса белгиледи.

Дмитриев РДИФтин Россия менен Кытайдын ортосунда буга чейин чек арадан өтүүчү темир жол көпүрөлөрүнүн курулушанда болгондой бул тууралуу да тажрыйбага ээ экендигин белгиледи.

Иликте
Украинанын президенти Зеленский: "Биз Европа Биримдигине толук мүчө болууга татыктуубуз"
Иран армиясы:"Кувейт жана Бахрейндеги АКШ базалары менен борборлоруна дрондор менен чабуул жасадык"
Тышкы иштер министри Фидан Украинага барат
Коопсуздук боюнча башкармалык 15-июль Демократия жана улуттук биримдик күнүнө карата видео жарыялады
Иранда суу өндүрүүчү жайга кол салуу болду
15-июль түнүндөгү окуялар жана элдин дастанга айланган каршылыгы
Иран армиясынын басма сөз катчысы: "Ормуз кысыгы АКШнын чабуулдары менен ачылбайт"
Деңиз күчтөрүнүн командири Татлыоглу Латакияга барды
Президент Эрдоган Пакистандын коргонуу  жана кургактык күчтөрүнүн командири Мунирди кабыл алды
Феттулахчы террордук уюм (ФЕТӨ) деген эмне?
Түркия 2016-жылдын 15-июлунда ишке ашпай калган төңкөрүш аракети менен билинген Bylock
Алиев Түркия-Азербайжан карым - катнаштарына баа берди:"Ушундай жакын дос болгон башка эки өлкө жок"
МИТ ДЕАШ террордук уюмунун жетекчилеринин бири болгон Талип Гүлерди кармады
Түркия  Дамаскта өткөн Сирия Элдик парламентинин биринчи сессиясын ыраазычылык менен кабыл алды
Түрк изилдөөчүлөрүнүн жасалма интеллект боюнча изилдөөсү эл аралык адабияттарга кирди