ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
АКШ сексен жылга жакын убакыттан кийин ДСCУдан чыкты
Трамп администрациясы ДССУдан чыгуунун себебин пандемиядагы ийгиликсиздиктер жана саясий тараптуулук деп көрсөттү.
АКШ сексен жылга жакын убакыттан кийин ДСCУдан чыкты
Архивдик сүрөт: Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) логотиби жана АКШ желеги бул иллюстрацияда чагылдырылган. / Reuters

АКШ бийлиги Америка Кошмо Штаттарынын Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюмунан (ДССУ) расмий түрдө чыгуу процессин аяктаганын жана Бириккен Улуттар Уюмунун саламаттык сактоо агенттигиндеги 78 жылдык мүчөлүгүнүн токтогонун жарыялады.

Эл аралык эрежелерге ылайык талап кылынган бир жылдык билдирүү мөөнөтүнөн кийин, уюмдан чыгуу чечими 2026-жылдын 22-январынан тарта күчүнө кирди.

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио жана Саламаттык сактоо жана калкка кызмат көрсөтүү министри Роберт Ф. Кеннеди биргелешкен билдирүүсүндө АКШнын ДССУдан чыкканын жана уюмдун "чектөөчү түзүмүнөн" кутулганын жарыялашты.

ДССУнун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус бул чечимге капаланганын билдирип, чыгууну "жоготуу" жана туура эмес кадам деп мүнөздөдү.

Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюму 1948-жылы 7-апрелде түзүлгөн. АКШ 1946-жылы анын конституциясына кол койгон алгачкы өлкөлөрдүн катарында орун алып, 1948-жылдын июнь айында расмий түрдө бекитүү менен негиздөөчү мүчө болгон.

АКШ президенти Дональд Трамп, өзгөчө COVID-19 мезгилинде жана андан кийин ДССУну эң катуу сынга алгандардын бири болду. Трамп уюмду пандемиянын алгачкы этаптарын начар башкарып, Кытайга өтө жакын болуу менен Пекинден келген жаңылыш маалыматтарды таратуу жана Кытайдан АКШга саякаттоого тыюу салууну "расисттик" деп атап, кризисти саясатташтыруу менен айыптаган.

Трамп ошондой эле АКШ Кытай менен бирге башка көптөгөн өлкөлөргө караганда көбүрөөк төлөм жүргүзгөнүн, бирок буга карабастан адилеттүү мамиле көрбөгөнүн айтып "адилетсиз каржылык жүк" сын-пикирин билдирген. Экинчи президенттик мөөнөтүндө бул сындардын негизинде 2025-жылы АКШны ДССУдан чыгаруу чечимин кабыл алган; муну менен 8 - 10 жылга жакын мүчөлүк жана каржылоо аяктады.

Иликте
Кремль: Путин, Си Цзиньпин жана Трамп 19-ноябрда үч тараптуу саммит өткөрүшөт
Тышкы иштер министрлиги ахыска түрктөрүн эскерди
Мекке келишими ишке кирди
Россия Европанын Украина боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышуусун анын «чын ниетине» байланыштырды
Түркия менен Катар лидерлеринин Стамбулдагы жолугушуусунда тарыхый коргонуу келишимине кол коюлду
Рютте Түркиянын НАТОдогу ролун баса белгиледи
Россиянын Волгоград шаарында дрон чабуулунан 4 адам каза болду
Зеленский Россиянын бүгүнкү күнгө чейинки эң ири туткун алмашууну бекиткенин билдирди
Түрк министри COP31де эскертти: "Мөңгүлөрдүн жоголушу дүйнөлүк суу ресурстарына коркунуч келтирет"
Судандын Дарфур аймагында үч күндүн ичинде 5 275 адам жер которууга аргасыз болду
АКШнын президенти Трамптын атайын өкүлдөрү Москвада орус лидери Путин менен жолугушту
Израиль: "CENTCOM армияга Иранга каршы жаңы чабуул ыктымалдуулугуна даяр болуу билдирүүсүн жөнөттү"
Малатияда S-70 үлгүсүндөгү тик учак кырсыкка учурап, төрт аскер шейит болду
Кызыл Чырым: "Газадагы жер которгон үй-бүлөлөр катуу суукка туш болууда"
Түркиянын А улуттук баскетбол командасы Черногорияны 79-62 эсебинде жеңди