ДҮЙНӨ
3 мүнөт окуу
Түркия биргелешкен билдирүүдө Израилдин оккупациядагы Батыш Шериада көзөмөлүн кеңейтүүсүн айыптады
Биргелешкен билдирүүдө 1967-жылдан бери оккупация астында турган Палестина жерлеринин, Чыгыш Кудстун да демографиялык түзүлүшүн жана статусун кайрадан түзүүгө багытталган Израилдин чаралары четке кагылды.
Түркия биргелешкен билдирүүдө Израилдин оккупациядагы Батыш Шериада көзөмөлүн кеңейтүүсүн айыптады
Тышкы иштер министрлери Израилди палестиналыктарга каршы мыйзамсыз отурукташкандардын зомбулугун токтотууга чакырышат. / AA
13 саат мурун

Түркия, Араб лигасы, Ислам Кызматташтык Уюму (ИКУ) жана  башка 18 өлкө оккупация астындагы Батыш Шериада Израилдин мыйзамсыз көзөмөлүн кеңейтүүгө багытталган акыркы чечимдерди «эң катуу сөздөр» менен айыпташты.

Түркия, Бразилия, Франция, Испания, Сауд Арабиясы жана башка өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери менен бирге Ислам Кызматташтык Уюму жана Араб Лигасы дүйшөмбү күнү жарыялаган биргелешкен билдирүүсүндө, киргизилген өзгөртүүлөрдүн кеңири масштабдуу экенин белгилешти. Бул өзгөртүүлөр Палестина жерлерин Израилдин «мамлекеттик аймагы» катары кайрадан классификациялоону, мыйзамсыз конуштарды куруу иштерин тездетүүнү жана Израилдин башкаруусун дагы да бекемдөөнү камтыйт.

Тышкы иштер министрлери Израилдин конуштарын эл аралык укуктун, Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин мурунку резолюцияларынын жана Эл аралык Соттун 2024-жылдагы консультативдик корутундусунун ачык бузулушу катары сыпатташты.

Билдирүүдө "бул акыркы чечимдер жер-жерлердеги чындыкты өзгөртүүгө жана кабыл алынгыс иш жүзүндөгү аннексияны алдыга жылдырууга багытталган ачык тенденциянын бир бөлүгү" деп айтылып, бул кадамдар аймактагы тынчтыкты жана туруктуулукту орнотуу аракеттерин жокко чыгарып, маңыздуу аймактык интеграция мүмкүнчүлүктөрүнө коркунуч келтирери эскертилди.

Тышкы иштер министрлери Израиль өкмөтүн чечимдерди дароо жокко чыгарууга, эл аралык милдеттерин аткарууга жана оккупацияланган Палестина аймактарынын "укуктук жана административдик статусун" биротоло өзгөртө турган аракеттерден баш тартууга чакырышты.

Билдирүүдө бул чечимдердин Е1 долбоорунун бекитилиши жана анын тендеринин жарыяланышы менен бирге, Израилдин конуш саясатындагы болуп көрбөгөндөй ылдамдатуунун уландысы экени белгиленди. Мындай аракеттер Палестина мамлекетинин жашоо жөндөмдүүлүгүнө жана эки мамлекеттүү чечимди ишке ашырууга багытталган атайын жасалган түздөн - түз чабуул экендиги айтылды.

Тышкы иштер министрлери ушунун негизинде 1967-жылдан бери оккупацияланган Палестина аймактарын, анын ичинде Чыгыш Кудстун демографиялык түзүмүн, мүнөзүн жана статусун өзгөртүүгө багытталган бардык чараларды четке кагышарын кайталап, "аннексиянын бардык түрүнө каршы экендерин" билдиришти.

Отуркшандардын зомбулугун токтотуу

Батыш Шериадагы тынчсыздандырган кырдаалдын курчушун эске алуу менен, тышкы иштер министрлери Израилди палестиналыктарга карата отурукташкандардын зомбулугун токтотууга жана айыптууларды жоопко тартууга чакырган билдирүүдө, тышкы иштер министрлери өзгөчө Рамазан айында Кудс жана ыйык жерлердин тарыхый жана мыйзамдуу статусунун сакталышынын маанисин баса белгилеп, кайталанган эреже бузуулардын аймактык туруктуулук үчүн коркунуч жаратканын баса белгиледи.

Билдирүүдө: "Биз Палестина аймактарындагы мыйзамсыз конуштардын кеңейишине, күч менен жер которуу саясатына жана аннексия коркунучтарына каршы эл аралык укукка ылайык конкреттүү кадамдарды жасоо боюнча чечкиндүүлүгүбүздү дагы бир жолу ырастайбыз", - деп айтылды.

Ошондой эле, Израилди 1994-жылдагы Париж протоколуна ылайык Палестина администрациясына таандык болгон жана кармалып турган салык кирешелерди дароо бошотууга чакырышты, бул каражаттар Газадагы жана оккупацияланган Батыш Шериадагы палестиналыктарга негизги кызматтарды көрсөтүү үчүн өтө маанилүү экени белгиленди.

Тышкы иштер министрлери адилеттүү, ар тараптуу жана туруктуу тынчтыкка жетишүү боюнча  бекем ниеттерин дагы бир жолу кайталашты. Билдирүүдө Израиль-Палестина  кагылышуусунун 1967-жылдын 4-июнундагы чек аралардын негизинде, Араб тынчтык демилгесине жана БУУнун тиешелүү чечимдерине ылайык, Жакынкы Чыгыштагы эки мамлекеттүү чечимдин алкагында жөнгө салуу аймактык тынчтык, туруктуулук жана интеграция үчүн өтө маанилүү экени баса белгиленди.

Билдирүүдө: "Аймактын элдери менен мамлекеттеринин ортосундагы тынчтыкта жашоо көз карандысыз, эгемендүү жана демократиялык Палестина мамлекети түзүлгөндө гана мүмкүн болот", - деп айтылды.

 

 

 

 

Иликте
Непалда автобус дарыяга кулап 17 адам каза болду
Израиль оккупациядагы Батыш Шериада палестиналык  жигитти өлтүрдү
Нигерияда террордук чабуулдан 50 адам каза болуп, аялдар менен балдар уурдалып кетти
Венгрия орус мунайынын агымы калыбына келгенге чейин Украинага бериле турган ЕБнин насыясын токтотот
Тегеран нааразычылык акцияларынан каза болгондордун саны боюнча АКШнын маалыматтарын четке кагууда
Австрия  Гитлер төрөлгөн үйдү талаш  - тартыштардан кийин полиция борборуна айландырууда
Түштүк Корея АКШ менен Кытайдын ортосундагы учак чыңалуусунан улам АКШга нааразычылык билдирди
Демократтар Трамптын мыйзамсыз тарифтери үчүн компенсация талап кылууда
АКШнын учак конуучу кемеси Жер Ортолук деңизине кирди: Трамп Ирандын кол салуусун карап жатат
Ядролук сүйлөшүүлөрдүн алга жылышы менен Иран АКШ менен энергетикада кызматташуунун белгисин берди
Түркиянын «Кызылелма» (Kızılelma) учкучсуз учагы ASELSANдын жаңы электрондук калканы менен жабдылды
Путин тажрыйбалуу дипломатты Түркиядагы элчиси кылып дайындады
ХАМАС: Газанын келечегине байланыштуу сүйлөшүүлөрдөн мурун Израилдин агрессиясы токтотулушу керек
Британия АКШнын Иранга каршы чабуулдар үчүн базаларын колдонуу өтүнүчүн четке какты
Бириккен Улуттар Уюму жасалма интеллектти жөнгө салууга киришти