ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Сириянын Ракка шаарында YPG террордук чабуулу негизги суу түтүгүн жардырды
YPG террордук уюму Евфрат дарыясынын үстүндөгү Эски көпүрө боюнча өткөн түтүктөрдү талкалагандан кийин, түндүктөгү шаарга суу берүү толугу менен токтотулган.
Сириянын Ракка шаарында YPG террордук чабуулу негизги суу түтүгүн жардырды
Сирия армиясынын күчтөрү Евфрат дарыясынын батышында алга жылышууда, YPG террордук тобуна каршы операциялар уланууда. / AA

Сириянын жаңылыктар агенттигинин (SANA) маалыматы боюнча, YPG террордук уюму Евфрат дарыясынын үстүндөгү Эски көпүрөнү жардырып, Сириянын түндүгүндөгү Ракка шаарына суу жеткирүүнү толугу менен токтоткон.

SANA агенттиги Ракка медиа башкармалыгына шилтеме жасап, «YPG шаарды азыктандыруучу Эски көпүрө аркылуу өткөн негизги суу түтүктөрүн жардырып жибергендиктен, Раккага суу берүү толугу менен токтотулду» деп билдирди. Агенттик ошондой эле террристтик топ кийинчерээк Раккадагы Жаңы Аль-Рашид көпүрөсүн да жардырып жибергенин билдирди.

Мурда Сирия армиясы YPG террордук уюмун аймактан кууп чыгып, Ракка провинциясындагы стратегиялык Табка аймагын толук көзөмөлгө алган. Сирия армиясынын операциялар башкармалыгы өкмөттүк күчтөр аймакты коргоп, YPG террористтеринен тазалаганын жарыялаган.

Иликте
Чехиянын борбору Прагада бүгүн да учактарга бомба коюлганы тууралуу билдирүү келди
Эфиопиянын Оромия аймагындагы куралдуу кол салууда 34 адам каза болду
Изилдөө: "Тынч океандагы пластик калдыктары суунун түсүн өзгөртүп жатышы мүмкүн"
Корсика аралындагы жагымсыз аба ырайынан улам эки адам унаасында каза болду
Бельгияда парламент депортация процесстери үчүн үйлөрдү тинтүүгө жол ачкан мыйзам долбоорун жактырды
Рубио кызматынан кетип, Ак үй үчүн талапкер болуу пландары бар деген сөздөрдү четке какты
Түркиянын коргонуу жана аэрокосмос өнөр жайы экспорттук ийгилигин улантууда
Иран армиясынын басма сөз катчысы Экреминия "АКШга жооп кайтарабыз" деп эскертти
Австралия Борнеодогу токой өрттөрүн өчүрүүгө жардам берүү үчүн Индонезияга учак жөнөттү
АКШ Кубанын армиясына жана энергетикалык камсыздоо тармактарына каршы жаңы санкцияларды жарыялады
Путин Япониянын JTI тамеки компаниясынын Россиядагы активдерин убактылуу башкарууга өткөрдү
НАТО-Украина кеңеши Брюсселде кезексиз жыйын өткөрдү
Европа Биримдигинен Украинага 4,36 миллиард евролук колдоо
Эмине Эрдоган Түркия менен Түштүк Кореянын ортосундагы "терең тамырлаган достукка" көңүл бурду
Брюсселге бара жаткан учак бомба коркунучунан кийин Брюссель аэропортуна коопсуз конду