Трамптын командасынын Москва менен сүйлөшүп жашыруун Украина тынчтык планын даярдагандыгы билдирилди
Axios маалыматы боюнча, 28 пункттан турган сунуш Украинадагы тынчтыкты, коопсуздук кепилдиктерин, Европанын туруктуулугун жана АКШнын Киев жана Москва менен келечектеги мамилелерин камтыган темаларды камтыйт.
Шейшемби күнү Axios басылмасынын билдиргенине караганда Трамп администрациясынын Россия - Украина согушун токтотуу үчүн жаңы пландын долбоору боюнча Москва менен "жашыруун" иштеп жатканын билдирди.
Кабарга караганда атын атагысы келбеген АКШ жана орус жетекчилери 28 пункттан турган пландын өткөн айда Израиль менен Хамастын ортосунда Израилдин Газага карата эки жылдан ашык кыйратуучу согушунан кийин кабыл алынган Трамптын 20 беренелик Газа ок атышпоо планынын негизинде түзүлгөнүн белгилешти.
Кабарда долбоордун төрт негизги теманын тегерегинде түзүлгөнү билдирилген. Украинадагы тынчтык, коопсуздук кепилдиктери, кеңири Европа коопсуздугу жана АКШнын Киев жана Москва менен болгон мамилесинин келечеги.
Пландын Украинанын чыгышындагы аймактык көзөмөл сыяктуу негизги талаш-тартыштарды кандай чечери тууралуу маалыматтар белгисиз.
АКШ жетекчиси Трамптын атайын өкүлү Стив Виткоффтун бул аракетти жетектеп жатканын жана Россиянын өкүлү Кирилл Дмитриев менен кенен сүйлөшүүлөрдү өткөргөнүн айтты. Дмитриевди октябрь айынын аягында Майамиде Трамптын командасы менен үч күн сүйлөшүү өткөргөндүгү билдирилди.
Ак үйдүн расмий өкүлү Трамптын "эгер ийкемдүүлүк болсо, бул маанисиз согушту токтотууга мүмкүнчүлүк бар деп эсептей турганын" жана АКШнын расмий өкүлдөрүнүн ортого чыккан план тууралуу европалык өнөктөштөрүнө маалымат бере баштагандыгын белгиледи.
АКШнын жогорку даражалуу аскер кызматкерлери Украинада
Шаршемби күнү Politico басылмасынын маалыматы боюнча, АКШнын эки жогорку даражалуу аскер кызматкери Орусия менен токтоп калган тынчтык сүйлөшүүлөрүн жандандыруу максатында Киевге согуш мезгилинде сейрек кездешүүчү сапар менен барышкан. Бул сапар алдын ала жарыяланган эмес.
Politico пландоо менен тааныш адамдарга шилтеме жасап, армиянын катчысы Дэн Дрисколл жана башкы штабдын төрагасы генерал Рэнди Жорждун Украинанын президенти Владимир Зеленский, жогорку даражалуу командирлер жана мыйзам чыгаруучулар менен жолугушаарын билдирди.
Wall Street Journal өзүнчө булактарга таянып, Дрисколлдун кийинчерээк орус жетекчилер менен да жолугушуусу күтүлүп жатканын кабарлады.
Ак үйдөн же Пентагондон дароо комментарий берилген жок.
Wall Street Journal билдиргендей, Ак үйдүн Дрисколл жана жогорку командирлерге кайрылуусунун себептеринин бири Москванын аскердик делегацияларга жакшы жооп кайтаруу үмүтү жана мурдагы негизинен натыйжасыз болгон аракеттерден улам көңл калуучулук болгонун жазды.
Politico билдиргендей АКШнын аскер өкүлдөрүнүн Киевдеги сүйлөшүүлөрүндө Украинанын муктаждыктары жана Москва менен токтоп калган тынчтык процесстерин жандандыруу аракеттери да болгон кенен стратегия каралат.