ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Түркиянын тышкы иштер министри: Газадагы эл аралык туруктуулук күчү тууралуу сүйлөшүүлөр улантылууда
Эл аралык өнөктөштөр Газада туруктуу тынчтык жана чыңалуулардын азайтылышы үчүн иштеп жатып, Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан Газа, Сирия жана Украинадагы ортомчулук аракеттеринин улантылып жатканын баса белгиледи.
Түркиянын тышкы иштер министри: Газадагы эл аралык туруктуулук күчү тууралуу сүйлөшүүлөр улантылууда
Түркиянын жогорку дипломаты Хакан Фидан Газаны турукташтыруу күчү Израил күчтөрү менен палестиналыктарды ажыратууга багытталганын айтты. / Reuters

Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан ишемби күнү берген билдирүүсүндө Газадагы Эл аралык турукташтыруучу күчү (ISF) тууралуу баа берүүлөрдүн уланып жатканын жана сүйлөшүүлөрдүн бул күчтүн ыйгарым укуктарына жана аракеттенүү эрежелерине багытталганын айтты.

Фидан күчтөрдүн түзүлүшү боюнча «чоң суроо» бар экенин, кайсы өлкөлөрдүн кошулаары, командалык структура кандай болоору жана алардын «биринчи миссиясы» эмне болору белгисиз экенин айтты.

Фидан : “Миңдеген суроо бар. ISFти жайгаштыргандан кийин процесс акырындык менен калыптанат", - деди.

Түркиянын тышкы иштер министри күчтүн биринчи максатынын палестиналыктар менен израилдиктердин чек ара линиясында бири биринен бөлүнүшү жана кагылышуу коркунучун азайтуу болушу керектигин айтты.

Түркия ок атышууну токтотуу келишиминин кепилдеринин бири, бирок Израиль өкмөтү түрк коопсуздук күчтөрүнүн ISFке кошулушуна каршы, анткени Тель-Авивдин Анкара менен болгон мамилеси Газадагы согуштан улам чыңалган.

Түркия тынчтык келишиминин кепилдеринин бири болуп саналат, бирок Тел-Авивдин Анкара менен карым - катнаштары Газада уланып жаткан согуштан улам чыңалгандыктан Израиль башкаруусу түрк коопсуздук күчтөрүнүн ISFке кошулушуна нааразычылык билдирүүдө.

“Украинада, Газада жана Сирияда иштердин жолуна кириши үчүн аракет кылынууда”,- деген Фидан АКШнын президенти Дональд Трамп да колдогон ортомчулук аракеттеринин “Түркиянын максат жана кызыкчылыктары менен чоң өлчөмдө дал келгендигин” сөздөрүнө кошумчалады.

Тышкы иштер министри Фидан Катарда өткөн 2025 Доха форумунда сүйлөгөн сөзүндө сириялык качкындарды кабыл алуудагы Түркиянын ролун баса белгилеп, Сирияны турукташтыруу үчүн эл аралык аракеттерди координациялоого чакырды.

Сириядагы жарандык согушунан кийин ачык каалга саясатын жүргүзгөндөрүн белгилеген Фидан: "Сириядагы кризис башталганда ушундай саясат жактырылды. Натыйжада көп сандаган сириялык качкын согуштан качып чек ара капкаларыбызга келди. Жыйынтык катары бул саясат гуманитардык максаттарга кызмат кылды",- деди.

Израилдин «толук чыгарылышы»

Израиль - Палестина маселесиндеги ортомчулардын бири болгон Катардын премьер - министри сүйлөгөн сөзүндө Газа сүйлөшүүлөрүнүн “орчундуу” бир мезгилде экендигин белгиледи жана чукул түрдө алдыга жылууга чакырды.

Катардын премьер - министри Шейх Мухаммед бин Абдуррахман Аль Тани Газада эки айга жакын убакыттан бери күчүндө болгон ок атышууну токтотуу келишиминин израилдик бөлүктөр оккупациядагы Палестина жерлеринен чыгып кетмейинче аягына чыгарылбай турганын билдирди.

Эл аралык турукташтыруу күчтөрү

БУУнун Коопсуздук Кеңеши АКШ колдогон Газадагы чыр-чатакты токтотуу боюнча комплекстүү планды бекитип, убактылуу Эл аралык турукташтыруу күчүн (ЭСК) түзүүгө уруксат берди.

2803-2025-резолюция Тынчтык Кеңешине жана катышуучу мүчө мамлекеттерге өткөөл бийликтин астында оперативдүү бөлүмдөрдү түзүүгө мүмкүндүк берет.

Туруктуулукка жеткенден кийин, Израиль күчтөрү чыгып кетет жана коопсуздук тосмосу Газа коопсуз болгонго чейин күчүндө болот.

Кеңештин кызмат мөөнөтү 2027-жылдын аягына чейин узартылып, аткарылган иштер тууралуу отчеттор эки жылда бир берилип турат.

Иликте
Түркияда кош жарандыгы бар жарандарга Болгарияда боло турган шайлоого катышуу үчүн чакырык салынды
Улуу Британия ыктымалдуу кризистерге даярдык көрүүгө чакырды
Күрөш боюнча дүйнө чемпионаты эртең Казакстанда башталат
Орусиянын президенти Путин Украина менен макулдашууга даяр экенин билдирди
Албанияда студенттердин нааразылык акциялары уланууда
Сирия режимдин кулатылган лидери Асад жана анын бир тууганы Махир Асад боюнча Интерполго кайрылды
Президент Эрдоган ТМУнун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды
Зеленский Байдендин эвакуация сунушун "Мага ок-дары керек" деген жообу менен четке какканын айтты
Стамбул аэропортуна 'Эң көп байланыштырган аэропорт' сыйлыгы
Ак карлуу Улудаг күздүн түстөрүнө бөлөндү
Трамп алар Иран менен сүйлөшүү өткөрбөгөндөрүн жана жакында "бир нерсе болорун" айтты
АКШ менен Гайана аскердик кызматташтыкты күчөтүү боюнча келишимге кол коюшту
Галатасарай Франциядан 3 упай менен кайтып келди
Король Фахд эл аралык аэропортуна кол салуудан 1 адам каза болуп, 8 киши жаракат алды
Газа жана Ливан тууралуу макалаларга нааразы болгондор Нью-Йорк Таймс имаратынын алдына чогулду