Азербайжан-Грузия чек арасындагы учак кырсыгында шейит болгон түрк аскерлери үчүн азем өткөрүлдү
Аземден кийин аскерлердин сөөктөрү туулган жерлерине жөнөтүлдү.
Жума күнү борбор калаа Анкарадагы Мүртед аба базасы командирлигинде аскердик учак кырсыгында каза болгон түрк жоокерлери үчүн узатуу аземи өткөрүлдү.
Түркиянын Аба күчтөрүнө таандык C-130 учагы 11-ноябрда Азербайжан-Грузия чек арасына жакын жерде кулап, учактагы 20 кызматкердин баары каза тапкан.
Аземде бир мүнөттүк эскерүү болуп, Куран окулду жана шейит түрк аскерлери үчүн дубалар кылынды.
Аскерлердин өздүк маалыматтары окулгандан кийин алардын табыттары туулган жерлерине жөнөтүлүшү үчүн аскердик учактарга жеткирилди.
Аземге Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш, Улуттук коргоо министри Яшар Гүлер, Үй-бүлө жана социалдык кызматтар министри Махинур Өздемир Гөкташ, депутаттар, Түрк Куралдуу күчтөрүнүн жогорку командирлери, Анкара губернатору Васип Шахин, Азербайжан Аба күчтөрүнүн командири генерал-майор Намиг Исламзаде, Азербайжандын Анкарадагы элчиси Решад Маммадов жана шейит үй-бүлөлөрү катышты.
Президент Режеп Таййип Эрдоган да аскерлердин үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып, терең кайгыруу менен дуба кылды.