Күрөш боюнча легендарлуу Халк Хоган 71 жашында каза болду
Америкалык актер жана рестлер Халк Хоган дүйнөдөн кайтты
Профессионалдык күрөш дүйнөсүнүн мурутчаны, банданалуу иконасы Халк Хоган 71 жашында дүйнөдөн кайтты. Өлүмү тууралуу кабарды Флорида полициясы жана World Wrestling Entertainment (WWE) аттуу көңүл ачуу уюму билдирди.
Флорида штатынын Клируотер шаарынын жетекчилери бейшемби күнү эртең менен келген инфаркт кабары боюнча окуя болгон жерге барышты.
Полиция Хогандын ооруканада каза болгонун Facebook аркылуу билдирди.
Чыныгы аты Терри Жин Боллеа болгон Хоган WWE тарыхындагы эң чоң жылдыздардын бири катары кабыл алынууда.
1985-жылы уюштурулган биринчи WrestleMania башкы каарманы болгон Халк Хоган, көптөгөн жылдар WWE жылдызы болду. Андре Гиганттан жана Рэнди Саваждан, Рокко чейин, ал түгүл компаниянын президенти Винс МакМахон сыяктуу көптөгөн кишилер менен рингге чыкты.
Хоган карьерасында кеминде алты жолу WWE чемпиондугун жеңип алган, 2005-жылы WWE Даңк Залына (Hall of Fame) киргизилген.
Күрөш дүйнөсүнөн да жылдыз болгон Халк Хоган көптөгөн тасмаларда роль жаратып, телеберүү программаларында орун алган. VH1 каналында чыккан жана анын жашоосун чагылдырган "Hogan Knows Best" аттуу телеберүүсү аркылуу кеңири аудиторияга таанылган.
WWE Х аркылуу жасаган билдирүүсүндө Hall of Fame мүчөсү, легендарлуу ысымдын дүйнөдөн кайтышына байланыштуу кайгыруусун билдирди.
Билдирүүдө: "Популярдуу маданияттын эң таанымал инсандарынын бири болгон Хоган, 1980-жылдары WWEнин дүйнөгө таанылышына чоң салым кошкон. WWE катары Хогандын үй-бүлөсүнө, досторуна жана күйөрмандарына көңүл айтабыз", - деп айтылды.