ТҮРКИЯ
3 мүнөт окуу
Эрдоган: "Түркиянын ШКУга кошулушу Батышка аркасын салуу деген маанини билдирбейт"
Президент Режеп Таййип Эрдоган Анкара Шанхай Кызматташтык Уюму менен күчтүү байланыштарды түзүп, кеңири тышкы саясат жүргүзүп жатканын айтат.
Эрдоган: "Түркиянын ШКУга кошулушу Батышка аркасын салуу деген маанини билдирбейт"
(АРХИВ) «Биздин максатыбыз — 360 градустук көз караш менен өз салмагыбызды арттыруу», — деди Эрдоган. / Anadolu Agency

Шаршемби күнү президент Режеп Таййип Эрдоган Түркиянын Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) кошулуу аракеттери Батышка аркасын салуу дегенди билдирбей турганын айтты.

Эрдоган Кыргызстандын борбор шаары Бишкекте өткөн ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитинен кайтып келе жатып, президенттик учакта журналисттерге маектешип, Анкаранын кеңири тышкы саясат жүргүзүп жатканын айтты.

Эрдоган: "Биздин максатыбыз - 360 градустук көз караш менен өз салмагыбызды жогорулатуу", - деди.

Россия-Украина согушуна токтолгон Эрдоган өзүнүн да Росиянын президенти Владимир Путиндин да кагылышуунун кыска убакта тынчтык жолу менен аякташын каалаарын айтты.

Ошондой эле Кара деңиздеги жарандык деңиз транспортун коргоонун маанисин баса белгилеп, кагылышуулардын ​​жарандык коопсуздукка жана коммерциялык ишмердүүлүккө коркунуч келтире турган жеңгээлге жетпеши керектигин айтты.

Эрдоган дан кризисинин, айрыкча Африкадагы кризистин кайра күчөшү жөнүндө эскертип, көйгөй күчөй электе чара көрүүнүн пайдалуу болорун айтты.

F-35 программасы, KAAN согуштук учагы

Президент Эрдоган коргонуу маселелери боюнча да билдирүүлөр жасап, Түркия F-35 согуштук учагы программасына кайра кошулуу боюнча сүйлөшүүлөрдү улантып жатканын айтты.

«Түркиянын программага кайрадан кошулушу боюнча сүйлөшүүлөрүбүз уланууда. Америкадагы процесстер аяктагандан кийин бул маселе артта калат деп ойлойбуз. Дипломатиялык аракеттердин баарын жасап жатып да KAANдан баш тартпайбыз. Өзүбүздүн абадан коргонуу системаларыбызды өнүктүрүүдөн баш тартпайбыз. Тескерисинче, Түркиянын мүмкүнчүлүктөрүн көбөйтүп жатабыз. Күчтүү Түркия ушундай болот. Бул күчтүү Түркиянын жол картасы», - деди Эрдоган.

Мекке коргонуу келишими

Эрдоган Мекке коргонуу альянсына да токтолуп: «Бул альянс аймагыбызда туруктуулук жана коопсуздук үчүн түзүлгөн. Биз өз жолубуз менен улантабыз, боордошторубуз менен бирге өзүбүздү чыңдайбыз», - деди.

Греция жана демилитаризацияланган аралдар

Эрдоган Грецияны «туура эмес жолунан» кайтып, демилитаризацияланган статуска ээ аралдарды куралдандыруу аракеттерин токтотууга чакырды.

Президент: «Тарых андан сабак алгандар үчүн абдан жакшы жол көрсөткүч. Биз аймагыбызда тынчтык, коопсуздук жана туруктуулук үчүн иштөөнү улантабыз. Греция муну түшүнүшү керек: Түркия эч кимдин жерин көз артпайт жана өз укугун эч кимге тебелетпейт», - деди.

Террорсуз Түркия процесси

«Террорсуз Түркия» демилгесине байланыштуу Эрдоган Анкаранын бул процессти жөн гана белгиленген мөөнөткө кармануу катары эмес, максаттарына жетүү маселеси катары карай турганын айтты.

Эрдоган: «Албетте, мамлекет катары биздин жол картабыз, план жана мөөнөтүбүз бар», - деди.

Процесске байланыштуу алкактык мыйзамга токтолгон президент аны ишке ашыруу үчүн ПКК террордук уюму куралын таштап, жок кылынышы керек экенин айтты.

Маселеге эң кеңири көз караш менен карап, ошого жараша максатка көңүл буруп жатышканын айткан Эрдоган: «Биз улуттун бир туугандыгын бузган, социалдык интеграцияга доо кетирген жана мурда терроризм жараткан жаракаларды кайра жандандыруу коркунучун жараткан ыкмаларга чыдай албайбыз», - деди.

Сирияга байланыштуу YPG жетектеген SDFтин таркатылышы

Президент Эрдоган Сирия маселеси боюнча да баа берди. Сириянын бардык элементтери менен бирдиктүү бир бүтүн болушун каалаарын айткан Эрдоган мындай биримдик туруктуу өнүгүү жана потенциалды жогорулатуу үчүн маанилүү экенин баса белгиледи.

YPG жетектеген SDFтин таркатылышына токтолгон Эрдоган: «Мен мындай кадам Сирия үчүн гана эмес, бүткүл аймак үчүн жаңы доордун эшигин ачарына ишенем. Терроризм маселеси жана курал-жарак, зомбулук доору эми аякташы керек», - деди.

Иликте
Венесуэлада миңдеген адам шайлоо графигин жана оппозиция лидеринин кайтышын талап кылды
Украина Россия менен болгон алмашуунун алкагында 252 адамдын сөөгүн алды
Иранда болгон селде эки адам каза болуп, эки адам дайынсыз жоголду
Президент Илхам Алиев Индиянын тышкы иштер министри Жайшанкарды кабыл алды
Президент Эрдоган Канаданын премьер-министри Карни менен биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү
Президент Эрдоган: «Адилеттүү чечимдер үчүн ортомчулук кылууну улантабыз»
Түндүк Кореянын Түштүк Кореянын чек арасына 960 миң мина койгону айтылууда
Израиль армиясы Батыш Шерианын түштүгүндө эки палестиналыкты өлтүрдү
Кытайдын Тибет автономиялуу аймагында 7 баллга жеткен жер титирөөдөн 16 адам каза болду
Түркияда кош жарандыгы бар жарандарга Болгарияда боло турган шайлоого катышуу үчүн чакырык салынды
Улуу Британия ыктымалдуу кризистерге даярдык көрүүгө чакырды
Күрөш боюнча дүйнө чемпионаты эртең Казакстанда башталат
Орусиянын президенти Путин Украина менен макулдашууга даяр экенин билдирди
Албанияда студенттердин нааразылык акциялары уланууда
Сирия режимдин кулатылган лидери Асад жана анын бир тууганы Махир Асад боюнча Интерполго кайрылды