ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Түркия Израилдин кол салууларына каршы глобалдык аракетке чакырды; Сирияга колдоосун кайталады
Түркия жогорку деңгээлдеги коопсуздук жыйынында Израилдин аракеттеринин Жакынкы Чыгышта жаңы кагылышууга алып келиши мүмкүн экенин эскертип, узак мөөнөттүү аймактык тынчтык жана ички биримдик үчүн таштала турган кадамдарды белгиледи.
Түркия Израилдин кол салууларына каршы глобалдык  аракетке чакырды; Сирияга колдоосун кайталады
/ AA

Улуттук коопсуздук кеңеши эл аралык коомчулукту Израилдин аймакта барган сайын кеңейип бараткан аскердик чабуулдарына каршы чукул чара көрүүгө чакырып, Израилдин аракеттеринин Жакынкы Чыгышты апаатка сүйрөп жаткандыгын эскертти.

Президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигиндеги жыйындан кийин шаршемби күнү жасалган билдирүүдө Израилдин Газадан Ливанга, Сирияга жана Йеменди да камтуу менен Иранга чейин болгон кол салууларынын эл аралык укуктун бузулушу жана атайылап туруксуздаштыруу деген мааниге келгендиги айтылды.

Билдирүүдө : «Израиль башкаруусу эл аралык мыйзамдарды бузуп, Палестина, Ливан, Сирия жана Йеменден кийин Иранды бутага алуу менен Газада геноцид жана адамзатка каршы кылмыштарын улантып аймакты апаатка сүйрөөнү максат кылууда»,- деп айтылды.

Билдирүүдө эл аралык коомчулукту «жоопкерчиликти алууга» жана Израилдин аракеттерин токтотуу үчүн тез чара көрүүгө чакыруу салынды.

Сирияга колдоо уланууда

Кеңеш Сириядагы окуяларды да карап чыгып, өлкөнүн биримдигин жана туруктуулугун калыбына келтирүүгө багытталган аракеттерге Түркиянын колдоосу уланарын ырастады. Ошондой эле, Сириянын эгемендүүлүгүн бузууга багытталган ар кандай аракеттерге жана кагылышуулардын кайрадан тутанышына жол бербөө керектигин эскертти.

“Сириянын аймактык бүтүндүгүн бутага алган чабуулдар жана оккупациялар, ошондой эле өлкөнү кайрадан башаламандыкка түртүшү мүмкүн болгон бөлүп-жаруу аракеттери токтотулушу керек,” – деп айтылды билдирүүдө.

Террорсуз Түркия

Кеңеш ички коопсуздук маселелерине да токтолуп, өкмөттүн "Террорсуз Түркия" максатына жетүүдөгү жетишкендиктерди карап чыкты. Террордук уюмдарга каршы ийгиликтүү жүргүзүлгөн операциялар улуттук биримдикти бекемдеп, улуттук максаттарга карай туруктуу илгерилөөнүн жолун ачканы белгиленди.

Билдирүүдө : «Өлкөбүзгө таңуулоого аракет кылынган террордук кишендердин жоюлушу менен улутубуздун бир туугандыгы дагы да бекемделип, улуттук максаттарыбызга карай ылдам жана ырааттуу кадамдар менен илгерилейбиз»,-деп айтылды.

Кеңеш ошондой эле Россия-Украина согушундагы чыңалуунун күчөп жаткан белгилерине тынчсыздануусун билдирип, туруктуу тынчтыкка салым кошууга Түркиянын даярдыгын кайталады.

Иликте
НАТОнун Анкара саммитинин билдирүүсү жарыяланды
Россия: "Украина эл аралык энергетикалык инфраструктурага каршы террордук аракеттерге барууда"
Эрдоган НАТО ичиндеги коргонуу боюнча кызматташтыкка карата чектөөлөрдү жоюга чакырды
Трамп: «Менин оюмча Иран менен ок атышпоо аяктады»
Иран АКШнын Исламабад ок атышпоо келишимин бузушун айыптады
АКШ Иранга каршы жаңы кол салууларды баштады
Сирия жана Франция он жылдан ашык убакыттан кийин дипломатиялык байланыштарды калыбына келтирүүгө макулдашты
Германия: НАТО өлкөлөрү Украинага 140 миллиард евро жардам берүүгө убада беришет
Президент Эрдоган: "Саммиттен күчтүү чыгабыз"
Трамп менен Эрдоган жолугушуусу: АКШ Түркияга каршы санкцияларды жойот, F-35 боюнча чечим жакында
Эрдоган НАТО саммитине келген  Трампты Анкарада тосуп алды
Кремль: "Анкарадагы НАТО саммитин жакындан көзөмөлдөп жатабыз"
НАТОнун Анкара саммитинде Коргонуу өнөр жай форуму башталды
Түркия курамасы («12 алп адам») Дүйнөлүк кубок жолунда 6 беттештин баарында жеңишке жетти
Министр Фидан: "Түркия Европа коопсуздугунун борбордук актерлорунун бири"