ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Зеленский Орусияда Уфадагы мунай иштетүүчү заводго чабуул койгондорун билдирди
Орусиянын чабуулдарынын натыйжасында болсо кечээ кечинде Днепропетровск облусунда бир адам каза болуп, үчөө жаракат алганы кабарланды.
Зеленский Орусияда Уфадагы мунай иштетүүчү заводго чабуул койгондорун билдирди
Дрон чабуулуна кабылган Москвадагы мунайды кайра иштетүүчү завод

Украина президенти Владимир Зеленский Орусия Федерациясына караштуу Башкортостан Республикасынын борбору Уфадагы мунай иштетүүчү заводго кайрадан чабуул койгондорун жарыялады.

Социалдык медиа аккаунтундагы билдирүүсүндө Владимир Зеленский Орусиядагы бир нече буталарга кол салгандарын айтты.

Уфадагы мунай иштетүүчү заводго кайрадан чабуул койгондорун бөлүшкөн Зеленский, мунай иштетүүчү заводдун фронттон болжол менен 1300 чакырым алыстыкта ​​​​жайгашканын билдирди.

Зеленский ошондой эле алар өлкөсүнөн дээрлик 600 чакырым алыстыкта ​​​​жайгашкан Орусиянын Пенза облусундагы ракета компоненттерин чыгаруучу объектти да бутага алгандарын маалымдады.

Орусия тынчтыкты камсыз кылышы керектигин баса белгилеген Зеленский: "Орусия бул согушту токтотушу керек", - деди.

Зеленский Орусиядагы буталарга чабуулардын видеосун да бөлүштү.

Украина армиясы мурда Уфадагы мунай иштетүүчү заводго кол салган.

Ошол эле учурда, Украинанын Аскер-аба күчтөрүнүн командирлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө ылайык, орус армиясы кечээ кечинде өлкөгө 2 ракета жана 153 куралдуу учкучсуз учуучу аппарат менен чабуул койду.

Билдирүүдө Украинанын Аскер-аба күчтөрү бир ракетаны жана 130 пилотсуз учуучу аппаратты зыянсыздандырганы кабарланды.

Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматынын социалдык медиадагы билдирүүсүндө, орусиялыктардын чабуулдарынын натыйжасында Днепропетровск аймагында бир адам каза болуп, үчөө жаракат алганы маалымдалды.

Иликте
Иранда суу өндүрүүчү жайга кол салуу болду
Иран армиясынын басма сөз катчысы: "Ормуз кысыгы АКШнын чабуулдары менен ачылбайт"
Алиев Түркия-Азербайжан карым - катнаштарына баа берди:"Ушундай жакын дос болгон башка эки өлкө жок"
Украина: Россиянын көмүскө флотуна таандык 14 кемеге чабуул койдук
Киев жаңы ракеталык чабуулдарга учурап, Россиянын Украинадагы чабуулдарынан 8 адам каза болду
Россия: "Украина кризисти тынчтык жолу менен чечүүнү каалабайт"
Россия Украинанын 376 дронун атып түшүргөнүн жарыялады
Трамп Иранды "чабуулдар катуу болушу мүмкүн" деп коркутту
Иран жаңы чабуулдардан кийин АКШны эскертти жана Тегерандын Ормуз кысыгынын тагдырын чечерин айтты
Трамп НАТО саммити негизги маселелерди чечкенин айтып, альянстын биримдигин мактады
Иран: Авантюралык аракеттерге дароо жооп берилет
Трамп: "Бүгүн кечинде Иранга  катуу сокку урабыз"
Россия: "Украина эл аралык энергетикалык инфраструктурага каршы террордук аракеттерге барууда"
Трамп: «Менин оюмча Иран менен ок атышпоо аяктады»
Иран АКШнын Исламабад ок атышпоо келишимин бузушун айыптады
АКШ Иранга каршы жаңы кол салууларды баштады
Сирия жана Франция он жылдан ашык убакыттан кийин дипломатиялык байланыштарды калыбына келтирүүгө макулдашты
Германия: НАТО өлкөлөрү Украинага 140 миллиард евро жардам берүүгө убада беришет
Кремль: "Анкарадагы НАТО саммитин жакындан көзөмөлдөп жатабыз"
Азербайжан Украинадагы SOCAR объектисине жасалган кол салууга байланыштуу Россияга нота берди