ЭКОНОМИКА
3 мүнөт окуу
Трамптын тарифтери Индиянын кийим-кечелерди экспорттоосуна таасир этти
АКШнын тарифтери индиялык кийим өндүрүүчүлөр үчүн кризисти жаратууда, анткени америкалык кардарлар буюртмаларды токтотуп же Индиядан көчүп кетүүнү суранышат.
Трамптын тарифтери Индиянын кийим-кечелерди экспорттоосуна таасир этти
Жаңы Делидеги кийим-кече фабрикасында жумушчулар кийим тигип жатышат. [Архивдик сүрөт] / Reuters
8 Август 2025

АКШ президенти Дональд Трамп Индиядан кийим-кече экспорттоого жогорку тарифтерди киргизгенден кийин, Индиянын кийим өнөр жайы оор абалда калды. Бул чечим АКШдагы сатып алуучулар арасында дүрбөлөң жаратып, өндүрүшчүлөрдү өндүрүштү башка өлкөлөргө которууга мажбур кылууда.

Gap жана Kohl's сыяктуу ири АКШ бренддерине кийим жеткирүүчү Pearl Global компаниясы, кардарлардан жаңы тарифтердин чыгымын өзүнө алуу же өндүрүштү башка өлкөлөргө которуу боюнча шашылыш өтүнүчтөрдү алганын билдирди.

Pearl Global компаниясынын башкаруучу директору Паллаб Банержи Reuters агенттигине берген маегинде:"Бардык кардарлар мага чалып жатышат. Алар бизден өндүрүштү Индиядан башка өлкөлөргө которууну талап кылышууда," - деди.

Pearl компаниясы Бангладеш, Индонезия, Вьетнам жана Гватемалада фабрикаларды иштетет.

Индия азыр АКШга кийим экспорттоодо 50 пайыздык тарифке туш болууда — өткөн бейшембиде 25 пайыз киргизилген, ал эми 28-августта дагы 25 пайыз кошулмакчы. Бул чечимди Индия өкмөтү "өтө өкүнүчтүү" деп атады.

Ал эми Бангладеш жана Вьетнам сыяктуу атаандаш кийим өндүрүү борборлору 20 пайыздык, Кытай болсо 30 пайыздык тарифке туш болууда.

Бул тарифтердин көтөрүлүшү АКШнын Орусиядан мунай сатып алууну улантып жаткан Индияга карата чараларынын бир бөлүгү болуп саналат. Бул кадам АКШнын камсыздоо чынжырларын Индияга которуу боюнча мурдагы күтүүлөргө карама-каршы келет.

Эми айрым америкалык кардарлар буюртмаларды токтотуп, башкалары тарифтер төмөн болгон өлкөлөргө өндүрүштү которууну талап кылышууда.

ТийиштүүTRT Global - In trade talks, Modi may not benefit from any diplomatic goodwill or personal rapport with Trump

‘Жеңил өнөр жай оор абалда’

RichaCo Exports компаниясы быйыл АКШга 111 миллион долларлык кийим экспорттогон, анын кардарларынын арасында J. Crew Group да бар. Бардык кийимдер Индиядагы эки ондогон фабрикаларда өндүрүлгөн.

Компаниянын жалпы кирешесинин 95 пайызы АКШдан түшөт, деп билдирди башкы менеджер Динеш Ражежа.

"Биз (Непалдын борбору) Катмандуда өндүрүш базасын түзүүнү карап жатабыз," - деди ал. Анан "Жеңил өнөр жай оор абалда”,-деп кошумчалады.

Буга чейин Индиянын эң ири зергер жана саат өндүрүүчүсү Titan компаниясы АКШ рыногуна төмөн тариф менен кирүү үчүн өндүрүштү Жакынкы Чыгышка которууну карап жатканын Reuters агенттигине билдирген.

Индиянын эң ири кийим өндүрүүчүсү Raymond компаниясынын каржы башчысы Амит Агарвал, компаниянын Эфиопиядагы фабрикасына үмүт артып жатканын айтты. Бул фабрика АКШга болгону 10 пайыздык тариф менен экспорт кылат жана үч айдын ичинде өндүрүш линияларын көбөйтүп, АКШ кардарларына кызмат көрсөтө алат.

АКШ Индиянын эң ири кийим экспорт рыногу болуп саналат. Көптөгөн экспорттоочулар бул тарифтер премьер-министр Нарендра Модинин "Индияда жасалган" демилгеси аркылуу дүйнөлүк өндүрүш борбору болуу максатын бузушу мүмкүн деп кооптонушууда.

Индиянын кийим борборунда дүрбөлөң

Индиянын түштүгүндөгү Тируппур кийим борбору, өлкөнүн трикотаж борбору деп эсептелет жана кийим экспортунун үчтөн бир бөлүгүн түзөт. Быйыл башында Reuters агенттиги бул аймакка барып, экспорттоочулар менен сүйлөшкөндө, келечекке ишеним чоң болчу.

Азыр бул борбордо дүрбөлөң өкүм сүрүүдө.

“Тируппурдагы айрым фабрикалар кардарлардан буюртмаларды токтотуу өтүнүчүн алышкан, ал эми башкалары 50 пайыздык тариф толук күчүнө киргенге чейин мүмкүн болушунча көп товар жөнөтүүнү пландашууда”, деди Cotton Blossom India компаниясынын аткаруучу директору Навин Майкл Жон.

"Бир импорттоочу, ич кийимге буюртма берген, эгер жип сатып ала элек болсоңуз... азырынча токтотуп туруңуз деп кайрылды," - деди ал.

“Тируппурдагы айрым кийимдер АКШ кардарларына болгону 1 долларга чейин бааланат, ал эми аялдар же эркектер үчүн футболкалардын баасы 3,5-5 доллардын тегерегинде болот. Бул кийимдер жакында 50 пайыздык тарифке туш болушу мүмкүн”,-деди Тируппур Экспорттоочулар бирикмесинин башкы катчысы Н. Тируккумаран.

Иликте
Израиль жаңы пландын негизинде оккупациядагы Батыш Шериада 19 отурукташуу жерин мыйзамдаштырат
Израилдин Рамаллах, Бейтүллахим жана Эриха шаарларына жасаган рейддери чыңалууну күчөтүүдө
Европа Биримдиги Россиянын активдерин "мөөнөтсүз тоңдуруу" аракетинде
Түркия Украинанын Черноморск портуна жасалган  кол салуу тууралуу кооптонуусун билдирди
Эрдоган: Түркия Россия-Украина согушун токтотуу үчүн тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрө алат
Түркияда өндүрүлгөн "Тайфун" баллистикалык ракетасы сыноодон ийгиликтүү өттү
Палестина Сауд Арабиясына 2-1 эсебинде утулуп, Араб Кубогунан четтетилди
Ок атышпоо эрежелерине баш ийбеген Израиль Ливандын чыгышы менен түштүгүнө сокку урду
Косовонун премьер-министри: Депортацияланган мигранттар Косового келди
Эрдоган: Тарыхый жоопкерчилигибиздин бир бөлүгү катары тынчтык жана диалог үчүн иштеп жатабыз
Орусиянын Борбордук банкы ЕБнин тоңдурулган активдерди конфискациялоо планын мыйзамсыз деп сыпаттады
Путин Мадурону колдоп, экономика жана энергетика жаатында кызматташууга убада берди
Трамп европалыктар эми аны өздөрүнүн лидери катары көргөндөрүн билдирди
БУУ: Селдер Газа калкынын 40 пайызына коркунуч туудурууда
АКШ Израилге Газадагы согуштук калдыктарды тазалоосу үчүн кысым көрсөтүп жатат