САЯСАТ
2 мүнөт окуу
Түркиянын президенти Эрдоган ШКУнун саммитине катышуу үчүн Кытайга барды
Президент Эрдогандын 5 жылдан кийин ишке ашырган Кытайга сапары Анкара менен Бээжиндин ортосундагы стратегиялык карым – катнаштар күчтөнгөн мезгилге туш келди.
Түркиянын президенти Эрдоган ШКУнун саммитине катышуу үчүн Кытайга барды
Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган жана анын жубайы Эмине Эрдоган Кытайга келишти. / AA

Түркиянын Президенти Режеп Таййип Эрдоган Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) Мамлекет башчыларынын Кеңешинин 25-жыйынына ардактуу конок катары катышуу үчүн жекшемби күнү Кытайдын Тяньцзинь шаарына барды.

Президент Эрдоганды Бээжин эл аралык аэропортунда Кытайдын мамлекеттик министри Лей Хайцао, Түркиянын Бээжиндеги элчиси Селчук Үнал жана элчиликтин кызматкерлери тосуп алышты.

Эрдоган, Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин 25-саммитинин алкагында Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин тарабынан лидерлердин урматына берилүүчү кечки сый тамакка катышат.

Түркиянын Коммуникация башкармалыгынын башчысы Бурханеттин Дурандын мурунку жарыясына караганда дүйшөмбү күнү кеңейтилген саммитте сөз сүйлөй турган президент Эрдоган 31-августтан 1-сентябрга чейин Кытайда жолугушууларды өткөрөт.

Беш жылдык арадан кийин ишке ашкан сапар Анкара менен Пекиндин стратегиялык карым-катнаштары барган сайын күчөгөн мезгилге туш келди. Саммиттин алкагында президент Эрдогандын Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин жана башка катышуучу лидерлер менен эки тараптуу жолугушуулары пландалууда.

Президент Эрдоганды жубайы Эмине Эрдоган, тышкы иштер министри Хакан Фидан, Улуттук чалгындоо уюмунун (MİT) башчысы Ибрахим Калын, энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Алпарслан Байрактар, казына жана каржы министри Мехмет Шимшек, улуттук коргоо министри Яшар Гүлер коштоп жүрүшөт.

Делегациянын курамында өнөр жай жана технология министри Мехмет Фатих Кажыр, соода министри Өмер Болат, АК партиянын төрагасынын орун басары Халит Йеребакан, МХПнын төрагасынын орун басары Исмаил Фарук Аксу, Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын башчысы Бурханеттин Дуран, Коргоо өнөр жайынын төрагасы Халук Гөргүн жана президенттин жеке катчысы Хасан Доган да бар.

ШКУ жана Түркия

2001-жылы Кытай, Орусия жана Борбор Азия өлкөлөрү тарабынан негизделген Шанхай Кызматташтык Уюму аймактык коопсуздук, экономикалык кызматташтык жана терроризмге каршы күрөшкө басым жасайт.

Толук мүчөлөргө Орусия, Беларусь, Кытай, Индия, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Пакистан, Тажикстан жана Өзбекстан кирет. Уюмга 2017-жылы Индия менен Пакистандын, 2023-жылы Ирандын жана 2024-жылы Беларустун кошулуусу менен төрт жаңы мүчө кошулган.

Түркия 2012-жылдан бери Шанхай Кызматташтык Уюмунда диалог өнөктөшү статусуна ээ. Мындай статуска жетишкен НАТОго мүчө биринчи жана жалгыз мамлекет катары Түркиянын кадамы Анкаранын Евразия чөлкөмү менен бекем алака түзүүгө жана ошол эле учурда Батыш менен союздаштык байланыштарын сактоого умтулуусун көрсөтүп турат.

Эрдогандын жетекчилиги астында Түркия ШКУ менен байланышын бекемдеп, 2017-жылы ШКУнун Энергетика клубуна төрагалык кылып, Кытай жана Орусия сыяктуу негизги мүчөлөр менен соода жүгүртүүнү көбөйттү.

Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммити порт шаары Тяньцзинде дүйшөмбү күнгө чейин өтөт.

Иликте
Министр Фидан: "Биринчи өзгөчөлүгүбүз  жүргүзгөн саясатыбызда туруктуу болуу"
Трамп Германиядагы АКШ аскерлерин кыскартууну карап жатат
АКШ  өнөктөштөрүн Ормуз кысыгын ачуу үчүн жаңы коалиция түзүүгө чакырууда
Трамп: АКШ менен Ирандын ортосундагы сүйлөшүүлөр телефон аркылуу жүргүзүлөт
Ирандын аскердик кеңешчиси: "АКШнын эмбаргосу ишке ашпайт"; Тегеран кагылышууну тандашы мүмкүн
Түркия менен Испания Израилдин флотилияга кийлигишүүсүнө каршылык көрсөтүүгө чакырышты
Түркия Израилдин флотилияга кийлигишүүсүн "каракчылык актысы" деп айыптады
Израиль оккупация астындагы Чыгыш Кудста кечил аялга кол салды
Иран депутаты өлкөдө көпкө созула турган согушка жетиштүү ракета жана дрон запасы бар экенин айтты
Израиль басып алынган Батыш Шериада 100дөн ашык мыйзамсыз конуштарды курууга уруксат берди
Израиль басып алган Батыш Шериада бир палестиналыкты өлтүрдү
Израиль полициясы Палестинанын желеги деп ойлоп  Венгриянын желегин тартып алды
Индияда катуу ысык болуп, жетекчилер жардам көрсөтүү чараларын карап жатат
Мексика өлкөдөгү ЦРУ агенттерин иликтейт
АКШнын согуш министри Иран менен болгон согуш боюнча биринчи жолу көрсөтмө берет