ДҮЙНӨ
3 мүнөт окуу
Дамаскта Асад режими менен байланышы бар эң чоң массалык көрүстөн табылды
Асад режими кулагандан кийин өлкөнүн жалпысында өзгөчө Дамаск жана анын айланасында көп сандаган массалык көрүстөндөр табылды.
00:00
Дамаскта Асад режими менен байланышы бар эң чоң массалык көрүстөн табылды
The graveyard reportedly contains thousands of bodies, many of them secretly transported over a 14-year period from hospital morgues, prisons and torture centers. / Photo: AA / AA

Анадолу агенттиги Сириянын борбор шаары Дамасктын түндүгүндөгү Аль-Тал аймагында мурдагы Башар Асад режими менен байланышы бар деп эсептелген эң чоң массалык көрүстөндүн көрүнүшүн жарыялады. Көрүстөндө 14 жыл ичинде ооруканалардын өлүкканаларынан, түрмөлөрдөн жана кыйноо борборлорунан тымызын ташылып көмүлгөн миңдеген сөөктөр бар.

Ошол мезгилде режимдин армиясында иштеген жүк ташуучу унаанын айдоочу Хусейн Аллави Анадолу агенттигине берген маегинде бул операциянын коркунучтуу чоо-жайын айтып берди.

Аллавинин айтымында, Седная түрмөсүндө каза болгон туткундардын сөөктөрү алгач Хараста аскердик ооруканасынын өлүкканасына, андан соң Аль-Тал жана башка алыскы аймактарга жеткирилген.

"Бардык сөөктөрдүн номуру коюлган, бирок аты-жөнү жок болчу" деди Аллави. "Өлүкканалар толуп калганда жумасына эки жолу сөөктөрдү ташып кетчүбүз. Кээде бир жүк ташуучу унаада 200-250 сөөк болот эле".

Ал ошондой эле жүк ташуучу унаалардын бир нече көмүү пункттарына жеткирилгенин түшүндүрдү. “Биз унааларды чуңкурлардын жанына токтотчубуз жана адамдар унаалардын ичине кирип, сөөктөрдү чуңкурларга ыргытышчу. Андан кийин бульдозерлер келип чуңкурларды жаап коюшчу”.

Аллави бул конвойлордун дайыма аскердик коштоодо болгонун айтты. “Бизди алды-артыбыздан коштоп жүрүшчү. Сөөктөрдү күндүз гана жеткирчүбүз”.

Аль-Тал аймагы толгондон кийин режим сөөктөрдү жакынкы Аль-Кутайфа аймагына көмө баштаган. “Биз сөөктөрдү 10 жыл бою Аль-Кутайфага ташыдык. Мен акыркы жолу 2019-жылы ошол жакка жеткиргем,” - деди Аллави.

Көптөгөн массалык көрүстөндөр табылууда

Аллави, режимдин бул коркунучтуу ишин акыркы күндөрүнө чейин улантканын билдирди. Анын айтымында, Нежха аймагына алып барган сөөктөрдүн көпчүлүгүндө кыйноонун белгилери бар.

“Түшүрүү үчүн төрт киши керек болчу жана бул 10–15 мүнөттөй убакытты алчу. Кээ бир сөөктөр узак убакытка калтырылгандыктан чирип баштаган. Эгер муздаткыч болбосо, сөөктөр самындай эрип кетчү,” - деди.

Режимдин бийлиги учурунда унчукпай жүргөнүн эскерип, ал мындай деди: “Мунун баары бүттү. Айта турган нерселерим бар, мурда айта албаган нерселер. Ошол кезде сүйлөсөң, жоголуп кетчү элең. Бирок азыр режим жок. Бул бүттү”.

Бүгүнкү күндө Аль-Тал аймагында казыла элек чоң чуңкурлар дагы деле бар.

Сирия бийлиги жакында расмий иликтөөлөрдү баштайт деп күтүлүүдө. Коопсуздук күчтөрү жана жарандык коргонуу топтору бул жердин массалык көрүстөн катары колдонулганын ырастоо үчүн иш алып барышат.

Асад режими кулагандан кийин өлкөнүн жалпысында өзгөчө Дамаск аймагында бир нече массалык көрүстөндөр табылды. Кээ бирлеринде таанылгыс абалда чирип кеткен калдыктар бар.

Аль-Тал аймагы азыр режим менен байланышкан эң чоң массалык көрүстөн деп эсептелүүдө, бул түздөн-түз күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнө негизделген.

Дамасктын Сбейне районунда Сириянын жарандык коргонуу топтору дагы бир массалык көрүстөндү табышты. Халептеги коопсуздук күчтөрү болсо Наккарин айылында режим тарабынан өлтүрүлгөн жарандардын сөөгү бар деп эсептелген көрүстөндү табышты. Алгачкы божомолдор боюнча бул жерде 1,500гө жакын сөөк бар.

29-декабрда Сириянын расмий маалымат агенттиги SANA Хомстун Хула районуна жакын жерде Асад режиминин курмандыктары бар деп болжолдонгон дагы бир көрүстөн табылганын кабарлады.

Баш калаанын Хусейния аймагы, Сайида Зайнаб, Дараанын Изра району жана Дамасктын Багдад көпүрөсү аймагы сыяктуу башка көптөгөн жерлерде да массалык көрүстөндөр аныкталды.

Иликте
Израиль оккупация астындагы Чыгыш Кудста кечил аялга кол салды
Иран депутаты өлкөдө көпкө созула турган согушка жетиштүү ракета жана дрон запасы бар экенин айтты
Израиль басып алынган Батыш Шериада 100дөн ашык мыйзамсыз конуштарды курууга уруксат берди
Израиль басып алган Батыш Шериада бир палестиналыкты өлтүрдү
Израиль полициясы Палестинанын желеги деп ойлоп  Венгриянын желегин тартып алды
Индияда катуу ысык болуп, жетекчилер жардам көрсөтүү чараларын карап жатат
Мексика өлкөдөгү ЦРУ агенттерин иликтейт
АКШнын согуш министри Иран менен болгон согуш боюнча биринчи жолу көрсөтмө берет
Трамп жардамчыларына блокадага даярдануу буйругун берди
БУУнун Коопсуздук Кеңеши Газадагы ок атышууну "адилеттүү жана туруктуу тынчтыкка" айлантууга чакырды
Мунай баалары АКШнын Иранга карата блокаданы узартуу пландарынан улам көтөрүлдү
Нетаньяху Иран согушу башталгандан бери биринчи жолу коррупция боюнча сот алдына чыкты
Парламент президентти шайлай алган жок; Косово мөөнөтүнөн мурда жалпы шайлоо өткөрөт
Ок атышууну токтотууга карабастан, Израиль Газага кол салууларын улантууда жана бир бала каза болду
Перс булуңунун лидерлери Жиддада саммит өткөрүштү