СПОРТ
1 мүнөт окуу
Миландагы оюндардын ачылыш аземинде израилдик спортчуларга нааразычылык билдирилди
Израиль командасы Милан Кортина 2026 Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземинде өлкөсүнүн Газадагы палестиналыктарга карата геноцидден улам нааразычылыкка учурады.
Миландагы оюндардын ачылыш аземинде израилдик спортчуларга нааразычылык билдирилди
Чачыранды ышкырыктар Израилдин төрт өкүлүн Миландагы аземде тосуп алды. / Reuters

Милано–Кортина 2026 Кышкы Олимпиадасынын ачылыш аземи жалпысынан жакшы маанайда өтүп жаткан, Израилдин олимпиада командасы стадионго киргенде нааразычылык менен беттешти.

Өлкөнүн желегин алып жүргөн жана күлүмсүрөгөн төрт кишилик Израиль делегациясы жума күнү катышуучу өлкөлөрдүн парады учурунда Сан - Сиро стадионуна кирди бирок стадиондо жаңырган музыканы көрүүчүлөрдүн нааразычылыгы токтотту.

Израилдик сопртчулар ачылуу аземинен мурун курчоо астындагы Газада Израиль ишке ашырган геноцидден кийин азем учурунда чыгышы мүмкүн болгон душмандык менен тосуп алууга даяр экенин билдиришти.

Израилдин геноциддик согушу учурунда 72 000 палестиналык каза болуп, 171 400дөн ашуун адам жараланды. Отчеттор бул сандардын аз болушу мүмкүн экенин жана жалпы каза болгондордун саны 200 000ге жетиши мүмкүн экендигин ортого салууда.

Имараттар менен үйлөрдүн 90 пайызга жакынын кулаткан Израиь Газанын жарымынан көбүн басып алууга аракет кылууда.

Газа саламаттыкты сактоо жетекчилеринин билдиргенине караганда октябрь айында башталган ок атышпоодон кийин көпчүлүгү жаран болгон 560 палестиналык өлтүрүлдү. Израилдик жетекчилер ошол эле мезгилде палестиналык каршылык көрсөтүүчүлөрдүн төрт израилдик аскерди өлтүргөнүн айтышууда.

Иликте
Россия: "Украина кризисти тынчтык жолу менен чечүүнү каалабайт"
Россия Украинанын 376 дронун атып түшүргөнүн жарыялады
Сабиха Гөкчен аэропорту алгачкы 6 айда 23,6 миллион жүргүнчүнү кабыл алды
Президент Эрдоган НАТО саммитинин алкагында Албаниянын премьер-министри Раманы кабыл алды
Президент Эрдоган Словакиянын президенти Пеллергини менен жолугушту
Түркия дүйнөдөгү калкы эң көп 18 -  өлкө болду
Трамп Иранды "чабуулдар катуу болушу мүмкүн" деп коркутту
Трамп: Эрдоган мыкты эле, НАТО узун жолду басып өттү
Иран жаңы чабуулдардан кийин АКШны эскертти жана Тегерандын Ормуз кысыгынын тагдырын чечерин айтты
Трамп НАТО саммити негизги маселелерди чечкенин айтып, альянстын биримдигин мактады
Президент Эрдоган НАТО саммитин тарыхый жетишкендик деп мүнөздөдү
Иран: Авантюралык аракеттерге дароо жооп берилет
Трамп: "Бүгүн кечинде Иранга  катуу сокку урабыз"
НАТОнун Анкара саммитинин билдирүүсү жарыяланды
Россия: "Украина эл аралык энергетикалык инфраструктурага каршы террордук аракеттерге барууда"