Британиянын премьер-министри Стармер: Газадагы балдардын азап чегүүсү "таптакыр чыдагыс"
Британ парламентинде сүйлөгөн сөзүндө премьер-министр Стармер, Израилдин жардамдардын кирүүсүнө чектелүү түрдө уруксат беришин «толугу менен жетишсиз» деп сындап, гуманитардык жардамды чоң өлчөмдө көбөйтүүгө чакырды.
Британиянын премьер-министри күнөөсүз балдардын бомбалоодон улам тарткан азап-тозогу "таптакыр чыдагыс" экенин айтып, "Газа элин ачка калтырууга жол бере албайбыз" деп билдирди.
Кеир Стармер шейшемби күнү Британиянын Общиналар палатасында сүйлөгөн сөзүндө "Газадагы үрөй учурган кырдаал тууралуу айткым келет, ал жерде күнөөсүз балдардын кайрадан бомбалоодон тарткан азап-тозогу таптакыр чыдагыс", – деп билдирди.
Батыш Жээктеги кандайдыр бир отурукташууга Улуу Британиянын каршы экенин дагы бир жолу баса белгилеген Стармер, Газага гуманитардык жардамды олуттуу түрдө көбөйтүү талабын кайталады.
"Израилдин күчөп жаткан чабуулдарына карата үрөй учурган абалда экенибизди бүгүн расмий түрдө билдиргим келет", – деп кошумчалады.
Израиль өкмөтүнүн Газага негизги жардамга гана уруксат бере турганы тууралуу жарыясына байланыштуу Стармер мунун «толугу менен жана таптакыр жетишсиз» экенин айтты.
Стармер: “Газа элинин ачкачылыктан өлүшүнө жол бере албайбыз”,-деп баса белгиледи.
Ок атышпоо боюнча эл аралык чакырыктарды четке каккан Израиль армиясы 2023-жылдын октябрынан бери Газага жасаган ырайымсыз чабуулунда болжол менен 53 миң 500 палестиналыкты, көбү аялдар жана балдарды өлтүрдү.