САЯСАТ
3 мүнөт окуу
АКШ Түркиядагы өзөктүк энергетикалык долбоорлорду каржылоого даяр
АКШнын Мамлекеттик департаментинин кеңешчиси Вашингтон жана Анкара "терең достор жана жакшы өнөктөштөр" экенин айтты.
АКШ Түркиядагы өзөктүк энергетикалык долбоорлорду каржылоого даяр
Америкалык аткаминер Түркия менен узак мөөнөттүү өнөктөштүктү баса белгиледи.. / AA

АКШнын Мамлекеттик департаментинин кеңешчиси Жастин Фридман Вашингтондун Түркия менен атомдук энергетика тармагында кызматташууга ачык экенин белгилеп, өзгөчө чакан модулдук реакторлор (SMR) үчүн каржылоого даяр экендиктерин, бирок жылыш үчүн ишке аша турган долбоорлорду күтүп жатышкандарын айтты.

1-2-июлда Стамбулда өткөрүлгөн 11-Атомдук электр станциялары саммитинин алкагында Анадолу агенттигине маалымат берген Фридман : «Бул долбоорлорду каржылоо менен далдаштыра алышыбыз үчүн долбоорлордун көрсөтүлүшүн күтүп жатабыз»,-деди.

Фридман: «Алар күтүп жатышат; бизге жакшы долбоорлор керек»,-деп айтты.

АКШнын Экспорт-импорт банкы менен АКШнын Эл аралык өнүгүү финансы корпорациясынын (DFC) Румыния жана Польшадагы өзөктүк долбоорлорго 17 миллиард доллардан ашык каржы бөлгөндүгүн эске салган Фридман, эми Түркияга басым жасагандарын айтты.

«Бул мекемелер Түркиядагы мүмкүнчүлүктөрдү изилдеп жатышат жана өзгөчө SMR долбоорлорунун жүрүшүн колдой турган программалары бар», - деп кошумчалады ал.

Биринчи атомдук электр станциясы

Түркия Жер Ортолук деңизинин жээгинде Орусиянын мамлекеттик атомдук агенттиги Росатом менен биргеликте курулган төрт блоктук Аккую атомдук станциясы менен алгачкы өзөктүк долбоорун ишке ашырууда. Завод толук кубаттуулукта иштей баштаганда Түркиянын 60 жылдык электр энергиясына болгон муктаждыгынын болжол менен 10 пайызын камсыздайт.

Анкара ошондой эле Кара деңиз жээгиндеги Синопто жана Фракия аймагында чоң масштабдагы атомдук станцияларды курууну пландоодо. Максат 2050-жылга чейин орнотулган өзөктүк кубаттуулукту 20 гигаваттка жеткирүү. Түркиянын узак мөөнөттүү энергия пландоосунда каралып жаткан варианттардын арасында чакан модулдук реакторлор да бар.

Фридман 2014-2017-жылдары АКШнын Анкарадагы элчилигинде саясий кеңешчи болуп кызмат кылган. Фридман бүгүнкү жолугушууларында түрк жана америкалык фирмалардын SMR тармагында табигый кызматташтык потенциалына басым жасады.

Америкалык кеңешчи Фридман : «Бүгүнкү күндө да түрк фирмалары Түркиянын тышында ишке ашырылган ядролук долбоорлорго тетиктерди, материалдарды жана кызматтарды берип жатышат. Ошондуктан америкалык фирмалардын бул тажрыйбадан пайда көрүүнү каалашы табигый нерсе»,-деди.

«Амбициялык максат»

Фридман өзөктүк энергетика тармагындагы кызматташуу эки өлкөнүн өнөктөштүгүн бекемдей алат деп эсептейт. АКШнын президенти Дональд Трамптын 2050-жылга чейин өлкөгө 400 гигаваттык жаңы өзөктүк кубаттуулук куруп берүүнү максат кылганын белгилеген кеңешчи мунун «өтө амбициялуу» план экенин жана бул пландын АКШны дүйнөлүк лидер кыла турганын айтты.

Фридман : «Өзөктүк кызматташтык Анкара менен кеңири стратегиялык карым-катнашыбызды түзгөн негизги тармактардын бири. Бул тармакта биргелешип иш алып баруу менен өнөктөштүгүбүздү дагы да алдыга жылдырууну максат кылуудабыз»,-деди.

Фридман Түркия менен АКШнын «бекем дос жана жакшы өнөктөш» экенин белгилеп, өзөктүк энергетика тармагындагы кызматташтык өнүгөт деген үмүтүн билдирди. «Биз эки тараптын тең бул багытта жылгысы келгендигинин белгилерин көрүп жатабыз. Мен бул процесстин бир бөлүгү болгонума кубанычтамын»,-деди ал.

Жакынкы келечекте эки өлкөнүн ортосунда эки тараптуу өзөктүк келишим түзүлөбү деген суроого Фридман : «Жакында келишим болот деп үмүттөнөм. Мен бул келишимди даярдай турган топтун бир бөлүгү болгум келет. Бирок учурда бөлүшө ала турган конкреттүү өнүгүү жок»,-деди.

Иликте
Президент Эрдоган Алжирдин президенти Теббун менен cүйлөштү
Кувейт Ирандын  кол салууларын айыптады
Россия менен Афганистан аскердик кызматташтык келишимге кол коюшту
Коммуникация башкармалыгынын башчысы Дуран Азербайжанды куттуктады
АКШ Ормуз кысыгы аркылуу өтүү акысы үчүн санкция салды
Ирандын революция сакчылары Кувейттеги АКШнын аба базасын бутага алганын билдирди
Келерки жумалар Украинанын Европа Биримдигине мүчөлүк процесси үчүн абдан маанилүү
1,7 миллионго жакын мусулман ажылыкка барды
Хамас Кассам бригадасынын командири Авденин Израилдин чабуулунан каза болгонун ырастады
Израиль армиясы Газага кол салууда Хамастын аскердик лидерин өлтүргөнүн билдирди
БУУ Европадагы ысык аба ырайын климаттык кризистин "аёосуз эскертүүсү" деп мүнөздөдү
ДССУ:Испанияда жаңы учур катталып,круиздик кемедеги хантавирус жуктуруп алгандардын саны 13кө жетти
Эрдоган: «Түркия дүйнөдө сейрек кездешүүчү ийгилик аңгемесин жазып жатат»
АКШнын аскерлери Ирандын түштүгүндөгү деңиз жана ракеталык буталарга сокку урду
Израилдин президенти Герцог Израиль коомун «желмогуз» деп мүнөздөдү