Эрдоган Кипрдеги Тынчтык операциясынын 51 жылдыгында шейиттерди эскерди
Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдоган Кипр түрктөрүн коргоо үчүн 1974-жылы ишке ашырылган Тынчтык операциясын эскерүү менен Түндүк Кипр Түрк Республикасын тынчтык жана эркиндик майрамы менен куттуктады.
Президент Режеп Таййип Эрдоган жекшемби күнү Түндүк Кипр Түрк Республикасында (ТКТР) тынчтык жана эркиндик майрамын белгилеп, 1974-жылдагы Кипр Тынчтык операциясынын 51 жылдыгын эскерди.
Эрдоган Кипр аралын Грецияга кошуу аракетине байланыштуу Кипрдин Рум төңкөрүш аракетине жооп иретинде Түркия баштаган аскердик операцияны эскерүү үчүн Түндүк Кипр Түрк Республикасына барды.
Эрдоган Кипр түрк элине карата кайрылуусунда : «Кипр Тынчтык операциясынын 51 жылдыгында Кипр түрк калкынын жашоосу үчүн каза болгон шейиттерибизди ыраазычылык менен эскерем, баатыр ардагерлерибизге терең ыраазычылыгымды билдирем»,-деди.
Көп жылдарга созулган көйгөй
Кипр БУУнун ар тараптуу чечимди камсыз кылуу аракетине карабастан кипрлик гректер менен түрктөрдүн ортосунда ондогон жылдардан бери келе жаткан келишпестик менен бетме - бет.
1960-жылдардын башында башталган этникалык чабуулдар түрктөрдүн коопсуздук үчүн анклавдарга чегинүүсүнө себеп болду.
1974-жылы аралды Грецияга кошууну көздөгөн гректердин төңкөрүш аракети Түркиянын кепил өлкө катары кипрдик түрктөрдү куугунтук жана зордук-зомбулуктан коргоо үчүн аскердик кийлигишүүсүнө жол ачты. Мунун натыйжасында 1983 - жылы Түндүк Кипр Түрк Республикасы түзүлдү.
Акыркы жылдарда Түркия, Греция жана Улуу Британия сыяктуу кепил державалардын колдоосу астында 2017-жылы Швейцарияда ишке ашпай калган аракет менен бирге тынчтык процесси мезгил-мезгили менен күн тартибине келди.
Кипрдин грек администрациясы 2004-жылы Европа Биримдигине кошулду. Ошол эле жылы кипрдик гректер бир тараптуу түрдө БУУнун көптөн бери келе жаткан келишпестикти токтотуу планына бөгөт коюшкан.