Түркиянын Ассос шаарында 2200 жылдык мозаика табылды

Нуреттин Арслан табылганы Анадолудагы эллиндик искусствонун эң алгачкы үлгүлөрүнүн бири деп мүнөздөдү.

Ассосто 2200 жылдык мозаика табылды / AA

Археологдор Түркиянын байыркы Ассос шаарында 2200 жылдык керемет мозаика менен 1800 жылдык мүрзөнү табышты. Эллиндик доордун сейрек кездешүүчү казынасы экени айтылган мозаиканын татаал геометриялык жана гүл оюмдары бар. Бул оюм-чийимдердин кийинчерээк Византия доорунда башка бир максатта колдонулган спорт аянтчасын кооздогондугу болжолдолууда. Казуу тобунун башчысы Нуреттин Арслан табылганы Анадолудагы эллиндик искусствонун эң алгачкы үлгүлөрүнүн бири деп мүнөздөдү.