Ирандын мунай министринин мунай жана жаратылыш газ тармагында АКШ менен кызматташуунун мүмкүн экенин белгилеши бул жаатта өкмөт өкүлү тарабынан сейрек айтылган билдирүү катары катталды.
Мохсен Пакнежад жума күнү жергиликтүү маалымат каражаттарында жарыяланган билдирүүсүндө Тегерандын Вашингтон менен энергетика тармагында кызматташуу мүмкүнчүлүгү тууралуу суроого: “Бардык нерсе мүмкүн”,- деп жооп берди.
Муну менен бирге мындай эки тараптуу энергетикалык кызматташтыктын учурда кантип ишке ашары же ишке ашар-ашпасы белгисиз бойдон калып жатканын кошумчалады.
Анын билдирүүлөрү Омандын ортомчулугу менен Иран менен АКШнын ортосунда жүрүп жаткан кыйыр ядролук сүйлөшүүлөр учурунда айтылды. Сүйлөшүүлөрдүн акыркы айлампасы шейшемби күнү Женевада өттү; ал эми алгачкы айлампасы бир нече жума мурун Маскат шаарында ишке ашкан.
Эки тарап тең негизги принциптер боюнча алга жылуу болгонун моюнга алышты жана бул сүйлөшүүлөрдү Ирандын ядролук программасынын айланасындагы көптөн бери чечилбей келген маселелерди жөнгө салуудагы алдыга ташталган кадам катары мүнөздөштү.
Жарым расмий «Тасним» маалымат агенттигинин кабарына караганда, экономикалык дипломатия маселелери боюнча тышкы иштер министринин орун басары Хамид Ганбари Ирандын Соода палатасындагы жыйында: мунай жана газ тармагындагы өз ара кызыкчылыктар, орток энергетикалык кендер, тоо-кен инвестициялары жана атүгүл учактарды сатып алуу маселелери АКШ менен талкууланган алкактын ичинде экенин билдирди.
Ирандын мунай өнөр жайы АКШ жана Европа өлкөлөрүнүн катаал санкцияларына дуушар болду; экспорттун басымдуу бөлүгү аймактык өнөктөштөргө, өзгөчө Кытай менен Россияга багытталган.
Өлкө дүйнөдөгү эң ири мунай жана жаратылыш газынын запастарына ээ. Айрым изилдөөлөр Иран жаратылыш газы боюнча дүйнөдө экинчи, ал эми мунай боюнча үчүнчү орунда турарын көрсөтүүдө.
Иран менен АКШ 1979-жылдагы Иран төңкөрүшүнөн бери расмий дипломатиялык же соода карым - катнаштарына ээ эмес. Төңкөрүштүн натыйжасында АКШ колдогон Пехлеви режими кулатылып, андан соң Тегерандагы АКШ элчилиги басып алынган.
Ирандын энергетика секторундагы чыңалуунун тамыры төңкөрүшкө чейинки мезгилге чейин барат.
1951-жылы премьер-министр Мохаммад Мосаддык «Англо-Иран мунай компаниясын» (Anglo-Iranian Oil Company) улутташтыруу боюнча мыйзамды парламенттен өткөрүп, Ирандын мунай өнөр жайын мамлекеттин көзөмөлүнө алган жана Британиянын ондогон жылдарга созулган үстөмдүгүнө чекит койгон. Бул кадам ири эл аралык келишпестикти жана экономикалык басым кампаниясын козгогон; Мосаддык 1953-жылы АКШ менен Британия колдогон төңкөрүштүн натыйжасында бийликтен кулатылган.
Бирок эксперттер Оман ортомчулук кылган сүйлөшүүлөр ядролук тыгынтыкты чечкен жоктугунан, 1979-жылдан бери биринчи жолу Иран менен АКШнын энергетикада кызматташтык орнотуу мүмкүндүгү аз экенин эскертет.
Аймактык чыңалуунун күчөшү, анын ичинде АКШнын аскердик күчтөрүнүн топтолушу жана Ирандын аскердик машыгуулары сүйлөшүүлөргө көлөкө түшүрүүнү улантууда.
















