ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Трамп Нетаньяхуну Газада "согуш баатыры" деп атады
Израиль армиясы Газа тилкесин басып алуу пландарын бекитип жатканда АКШ президенти Израилдин лидерин эл аралык жана ички юридикалык иликтөөлөрдүн алкагында мактады.
Трамп Нетаньяхуну Газада "согуш баатыры" деп атады
АКШнын президенти эл аралык жана ички соттук куугунтуктоолордун астында турган Израилдин лидерин мактады, ал эми Израил армиясы Газа шаарын басып алуу планын бекитти [Архивдик сүрөт] / AP

АКШнын президенти Дональд Трамп Эл аралык кылмыш соту (ICC) Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунуга согуш кылмыштары үчүн камакка алуу ордерин чыгарганына карабай өзүн "согуш баатыры" деп сыпаттады жана Нетаньяхуну да ушундай эле түрдө мактады.

Трамп шейшемби күнү консервативдик радио алып баруучусу Марк Левин менен болгон маегинде "Ал жакшы адам. Ал жерде күрөшүп жатат... Ал согуш баатыры, анткени биз чогуу иштедик. Ал согуш баатыры. Мен да ошондоймун," - деди.

Трамп Нетаньяхуга каршы жоопкерчилик чараларын четке кагып, "Алар аны түрмөгө отургузууга аракет кылып жатышат," - деди.

Трапмтын бул сөздөрү менен ЭКСтин камакка алуу ордерине же Израилдеги Нетаньяхунун коррупциялык иши боюнча соттук териштирүүсүнө шилтеме жасап жаткандыгы белгисиз бойдон калды.

2020-жылдан бери соттолуп жаткан Нетаньяху кызматта турган учурда кылмыш иши козголгон биринчи Израиль лидери болуп саналат.

Өткөн жылдын ноябрында ЭКС Нетаньяху менен мурдагы коргоо министри Йоав Галлантка Газадагы согуш кылмыштары жана адамзатка каршы кылмыштар үчүн камакка алуу ордерин чыгарган.

Ошондой эле Израиль Газага каршы кыйратуучу согушу үчүн Эл аралык адилет соттунда геноцид доосу менен бетме-бет келүүдө.

Газаны басып алуу планы

Израилдин маалымат каражаттары кабарлагандай, коргоо министри Исраэль Кац жана башкы штабдын төрагасы Эйал Замир коопсуздук кабинетинин чечиминен кийин Газа тилкесин басып алуу пландарын бекитти.

Армия 60 миң кошумча аскерди мобилизациялоону тездетип, 20 миң аскердин кызмат мөөнөтүн дагы 40 күнгө узартат.

12-канал Кац менен Замирдин Тель-Авивдеги Коргоо министрлигинде Түштүк командирлиги, Башкы штабы, Аскердик чалгындоо, Операция директорлугу жана Шин Беттин жогорку даражалуу өкүлдөрү менен жолугушканын кабарлады.

Маалыматка ылайык, Замир басып алуу планынын этаптарын, анын ичинде Газанын түндүгүндөгү Израиль күчтөрүн бекемдөө чараларын түшүндүрдү.

2023-жылдын 7-октябрынан бери Израиль АКШнын колдоосу менен Газада массалык өлтүрүү, мажбурлап көчүрүү, кыйратуу жана ачкачылык сыяктуу геноцид катары мүнөздөлгөн аракеттерди жүргүзүп келет.

Окуялардын натыйжасында 62 миңден ашуун адам каза болуп, 156 миң адам жаракат алды, 10 миңден ашуун адам дайынсыз жоголду жана жүз миңдеген адамдар жер которду.

Иликте
Cуданда Ыкчам колдоо күчтөрүнүн алтын базарына кол салуусунда  5 киши каза болду
Ок атышууну токтотууга карабастан, Израилдин Газадагы чабуулдарынан 24 саатта дагы 5 адам каза болду
Түркиянын деңиз флотунун күчү Израилди жаңы суу астында жүрүүчү кемелерди сатып алууга мажбурлоодо
Франция Украинага абадан коргонуу системаларын берет
Ирактын премьер-министри Зейди АКШнын мамлекеттик катчысы Рубио менен жолугушту
АКШнын өкүлү: Түркия менен АКШнын ортосундагы С-400 келишпестиги "чечилет"
Ак үй "Trump TV" каналын ишке киргизди
160тан ашык спортчу Ирландия-Израиль беттешин бойкоттоо чакырыгына кол коюшту
Японияда Дужуан тайфунунан төрт адам каза болду
Министр Фидан Түркия-Египет-Пакистан-Сауд Арабиясынын тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышты
АКШнын президенти Трамп Нью-Йоркто Франциянын президенти Макрон менен жолугушту
Израилдин Газадагы чабуулдарынан 9 адам жаракат алды
Орусия: "Украинадагы логистикалык борборлорго, портторго жана кемелерге сокку урдук"
Алгачкы жыйынтыктар боюнча парламенттик шайлоодо "Бирдиктүү Орусия" партиясы артыкчылыкка ээ болду
Халепте аскердик аянтта болгон жарылуулардан 4 адам жаракат алды
Ирандын Революциялык гвардия корпусу: "Ормуз кысыгында MQ-1 үлгүсүндөгү дрон атып түшүрүлдү"
АКШнын аскерлери Кариб деңизинде баңгизат аткезчилиги менен алектенген деп шектелген кемени атты
Израиль оккупацияланган Батыш Шериадагы айылга баруучу акыркы жолду жаап, 47 үй-бүлөнү обочолонтту
АКШ Украинага 2,68 миллиард долларга абадан коргонуу жабдууларын сатууну бекитти
Путин: "Киев администрациясынын сүйлөшүү ниети жок"