ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Улуу Британиянын АКШдагы элчиси Мандельсон Эпштейн менен байланышы болгондуктан кызматынан алынды
Британиянын тышкы иштер министрлиги : "Электрондук каттар Питер Манделсондун Жеффри Эпштейн менен болгон мамилесинин тереңдигин жана масштабын ал дайындалган мезгилде билингенден олуттуу түрдө айырмалангандыгын көртөтүүдө",- деп билдирди
Улуу Британиянын АКШдагы элчиси Мандельсон Эпштейн менен байланышы  болгондуктан кызматынан алынды
/ Reuters

Бейшемби күнү Би-Би-Сиде жарыяланган кабарга караганда Британиянын премьер-министри Кеир Стармер АКШдагы Британиянын элчиси Лорд Питер Манделсонду кызматтан алды. Бул чечим маркум, соттолгон сексуалдык кылмышкер Жеффри Эпштейн менен байланышы тууралуу жаңы маалыматтардын ачыкка чыгышынан кийин кабыл алынганын кабарлады.

Би- Би- Си Британиянын тышкы иштер министрлигинин бир билдирүүсүнө таянып, өкмөттүн бул билдирүүсүн жарыялады : "Питер Манделсондун жазган электрондук каттарындагы кошумча маалыматтардын негизинде премьер-министр тышкы иштер министринен аны элчи кызматынан чакыртып алууну суранды."

Билдирүүдө электрондук каттар Манделсондун Жеффри Эпштейн менен болгон мамилесинин тереңдиги жана масштабы анын дайындалышы учурунда белгилүү болгон маалыматтардан кыйла айырмаланарын көрсөткөнү айтылган.

Ошондой эле бир электрондук катта Манделсон Эпштейндин биринчи соттолушу туура эмес болгонун жана аны кайра карап чыгуу керектигин сунуштаганы көрсөтүлгөн. Бул "жаңы маалымат" катары мүнөздөлгөн.

«Ушул жагдайды эске алып жана Эпштейндин кылмыштарынан жабыркагандардын укуктарын урматтоо менен, ал дароо элчи кызматынан чакыртылды», - деп билдирүүдө кошумчаланган.

Манделсон 2024-жылдын декабрь айында Стармер тарабынан Вашингтондогу элчи болуп дайындалган.

Эпштейн 2019-жылы Нью-Йорк шаарындагы түрмө камерасында сотту күтүп жаткан учурда каза болгон. Ал буга чейин 2008-жылы жашы жете элек кызды сойкулукка тартуу боюнча күнөөсүн мойнуна алып, соттолгон.

Анын жабырлануучулары адилеттикке жетүү жана зомбулук көрсөткөндөрдү жоопко тартуу үчүн мыйзамдык колдоо талап кылышууда.

Иликте
Ак үй "Trump TV" каналын ишке киргизди
160тан ашык спортчу Ирландия-Израиль беттешин бойкоттоо чакырыгына кол коюшту
Японияда Дужуан тайфунунан төрт адам каза болду
Министр Курум Нью-Йоркто COP31ди таанытты
Дезинформация менен күрөшүү борбору ТИМге таандык «Уганда» тууралуу маалыматты четке какты
Министр Фидан Түркия-Египет-Пакистан-Сауд Арабиясынын тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышты
АКШнын президенти Трамп Нью-Йоркто Франциянын президенти Макрон менен жолугушту
Түрк аба күчтөрү Кипр аралынын түштүгүндө машыгуу учууларын өткөрдү
Израилдин Газадагы чабуулдарынан 9 адам жаракат алды
Орусия: "Украинадагы логистикалык борборлорго, портторго жана кемелерге сокку урдук"
Алгачкы жыйынтыктар боюнча парламенттик шайлоодо "Бирдиктүү Орусия" партиясы артыкчылыкка ээ болду
Халепте аскердик аянтта болгон жарылуулардан 4 адам жаракат алды
Ирандын Революциялык гвардия корпусу: "Ормуз кысыгында MQ-1 үлгүсүндөгү дрон атып түшүрүлдү"
Президент Эрдоган Нью-Йорктогу Түрк үйүнө барганында аны күтүп турган адамдар менен учурашты
Сауд Арабиясы хуситтердин Риядга атылган баллистикалык ракетасы жок кылынганын жарыялады