ТҮРКИЯ
4 мүнөт окуу
Эрдоган: Түркия-АКШ өнөктөштүгү глобалдык жана аймактык ырааттуулуктун ачкычы
Түркиянын президенти Албаниядан кайтып келе жатып: "Эки чоң союздаш жана НАТОнун мүчөсү катары коргонуу тармагында арабызда эч кандай чектөөлөр же тоскоолдуктар болбошу керек", - деди.
Эрдоган: Түркия-АКШ өнөктөштүгү глобалдык жана аймактык ырааттуулуктун ачкычы
/ TRT World and Agencies

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркиянын тездик менен өзгөрүп жаткан глобалдык чөйрөдө тынчтыкты жана туруктуулукту бекемдөөгө болгон күч-аракетин баса белгилеп, Анкара менен Вашингтондун ортосундагы стратегиялык карым  - катнаштарга өзгөчө көңүл бурду.

"Түркия-АКШ өнөктөштүгү аймагыбызда жана дүйнөдө туруктуулукту камсыз кылуу үчүн өтө маанилүү. Биз конструктивдүү жана натыйжага багытталган диалог платформасын түзүүгө аракет кылып жатабыз", - деди Эрдоган жума күнү Албанияга жасаган расмий сапарынан кийин Түркияга кайтып жатып.

Президент НАТОнун алкагында жалпы баалуулуктарга жана стратегиялык биримдикке кайрадан көңүл бурууга чакырды.

Коргонуу кызматташтыгы

Эрдоган коргонуу кызматташтыгы жана санкциялар боюнча узакка созулган чыңалууга токтолуп: “CAATSA боюнча жумшаруунун бар экенин ишенимдүү айта алабыз. CAATSA процессинен ылдам өтөрүбүзгө ишенем”,- деди.

Түркиянын президенти эки өлкөнүн коргонуу тармагындагы кызматташтыгына эч кандай чектөө болбошу керектигин баса белгиледи.

"Эки ири союздаш жана НАТОнун мүчөсү катары, коргонуу тармагында ортобузда эч кандай чектөө же тоскоолдуктар болбошу керек," - деди.

Эрдоган стратегиялык өнөктөштүккө зыян келтирген бардык тоскоолдуктарды жоюу боюнча Анкаранын күтүүлөрүн дагы бир жолу кайталады. “Стратегиялык өнөктөштүк рухуна каршы келген бардык тоскоолдуктарды жоюу биздин эң чоң үмүтүбүз. Ар бир оң кадам баалуу. Мен дагы көптөгөн кадамдар жасалат деп ишенем”, - деди.

Тынчтык жана туруктуулук

Эрдоган АКШнын мамлекеттик департаментинин Түркияга 300 миллион доллардан ашык суммага абадан бага атуучу ракеталарын сатууну бекиткендигин ыраазычылык менен кабыл алды.

Сирия, Ирак жана терроризм

Эрдоган Европаны Сириядагы терроризмди жок кылуу жана калыбына келтирүү иштерин баштоо үчүн жоопкерчиликти алууга чакырды. АКШнын Сирияга карата санкцияларды жоюу чечимине оң мисал катары баа берди.

“АКШнын президенти Дональд Трамптын Сирияга карата санкцияларды жоюу чечимин бул контекстте абдан маанилүү деп эсептейм. Досум Трамптын чечими бардык тиешелүү тараптарга, айрыкча ЕБга үлгү болот деп ойлойм”, - деди.

Түркиянын Сирия өкмөтү менен бекем байланышта экендигин белгилеген Эрдоган: “Азыркы учурда Сирия администрациясы менен абдан жакшы мамиледебиз. Сириянын президенти Ахмед Шараа Түркияга эки жолу сапар менен келди. Абдан түшүмдүү сүйлөшүүлөрдү өткөрдүк”,- деди.

Бул мамиле Сирияда гана эмес, коңшу Иракта да тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылат деп кошумчалады.

Түркиянын ички жана чек ара террору менен күрөшүү аракеттерине токтолгон президент: «Террордук уюм ПККнын толугу менен куралсызданышы, жоюу чечиминин толук аткарылышы жана мыйзамсыздыктын ташталуусу абдан маанилүү»,-деди.

Коңшу өлкөлөр менен террор элементтерининкуралсыздандырылышы тууралуу сүйлөшүүлөрдүн улантылып жаткандыгын кошумчалады.

Түркиянын ортомчулук тууралуу чечкиндүүлүгү

Украина согушу жана Пакистан-Индия чатагы

Эрдоган Түркиянын ортомчулук кылууга жана дипломатияны өнүктүрүүгө даяр экенин дагы бир жолу кайталады.

«Тараптардын ортосунда диалог каналдарын ачык кармоо жана сүйлөшүүлөрдү улантуу үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз», - деди бул аптада Стамбулда үч жылдан кийин биринчи жолу түздөн түз сүйлөшүүлөрү өткөргөн Россия жана Украина өкүлдөрү тууралуу.

Президент Түркиянын Россия - Украина согушун токтотуу үчүн Вашингтон, Москва жана Киевдин ортосунда активдүү ортомчулук кылып жатканын ырастап, Европаны бул жогорку деңгээлдеги дипломатиялык аракетти колдоого чакырды.

Эрдоган: «АКШнын президенти Дональд Трамп, Россиянын президенти Владимир Путин жана Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жүргүзгөн процессибизге Европа Биримдиги баш болгон бардык тиешелүү тараптардын колдоосун күтөбүз»,-деди.

Түрк президенти Европаны “саясий тоскоолдуктарды жана бейкалыс мамилени” артта калтырууга чакырып, антпесе Европанын атаандаштыкка жана узак мөөнөттүү туруктуулугуна зыян келтирерин эскертти.

"Европанын мындан ары унчукпай коюуга мүмкүнчүлүгү жок", - деди ал Украинадагы уланып жаткан согушка да, Газадагы гуманитардык кризиске да токтолуп. "Биз жөн гана "согушту токтоткула" деп айтпастан, ыкмаларды сунуштап, негиз даярдап, аракетке чакырып жатабыз.

Эң оболу, согушту токтотуу үчүн куралдар тынып, дипломатия сүйлөшү керек. Тынчтык сүйлөшүүлөрү башталышы керек жана бул мүмкүнчүлүк колдон чыгарылбаш керек”.

Эрдоган Пакистан менен Индиянын ортосундагы акыркы кагылышуу боюнча: “Эгер тараптар талап кыла турган болсо, биз, албетте, өз милдетибизди аткарабыз. Биз тынчтыкты каалайбыз; эки коңшунун ортосунда чыңалууну каалабайбыз”, - деди.

Газадагы гуманитардык кризис

Эрдоган Газа жана Батыш Шериада уланып жаткан зомбулукка байланыштуу Европаны активдүү жоопкерчилик алууга чакырды.

“Европанын Газадагы гуманитардык трагедияга жана Батыш Шериадагы кол салууларга унчукпай калууга укугу жок. Нетаньяху өкмөтүнө карата кысымды күчөтүү үчүн мүмкүн болгон бардык каражаттарды колдонобуз”, - деди.

Израилдин аскердик кол салууларынын токтотулушу керектигин баса белгилеген Эрдоган туруктуу тынчтык жолун ачууга чакырып: "Аймакта туруктуу тынчтыктын жолу эки мамлекеттүү чечимден өтөт. Эң натыйжалуу жолу - 1967-жылдагы чек аранын ичинде, борбору катары Чыгыш Кудсту кабыл алган географиялык жактан жанаша жайгашкан Палестин мамлекетин түзүү," - деди.

“Израиль өз жарандарынын коопсуздугун күн сайын ондогон палестиналык балдарды, аялдарды жана күнөөсүздөрдү өлтүрүү менен камсыздай албайт. Бул абалдан тезирээк баш тартуу баары үчүн жакшы болот.

Газанын бир күн да текке кетире турган убактысы жок. Биз муну бардык платформада билдирип келебиз. Израилдин Газадагы агрессиясы токтотулушу керек."

Иликте
Фидан Иран жана пакистандык кесиптештери менен АКШ-Иран сүйлөшүүлөрүн талкуулады
Президент Эрдоган Чанаккале кургактык согуштарынын 111 жылдыгын эскерди
Президенттиктин 7-Эл аралык яхта жарышында Улуттук эгемендүүлүк кубогу башталды
Түркия Израилдин согуштук аракеттерине карабастан, "этият оптимизмин" сактоодо
Эрдоган: "Согуштун жана кысымдын жүгүн балдар көтөрбөшү керек"
Түркия менен  Британия мамилелерин тереңдетүү үчүн «стратегиялык өнөктөштүк» келишимине кол коюшту
Түркия 15 жашка чейинкилер үчүн социалдык медианы колдонууга тыюу салат
Эрдоган Штайнмайерге аймактагы согуштар Европаны алсыратып жатканын айтты
Президент Эрдоган Анкара саммитинин алдында НАТОнун ичинде бекем биримдикке чакырды
Мехмет Шимшек Түркиянын глобалдык бөлүнүүлөргө каршы соода коридорлоруна басым жасаганын билдирди
Транспорт министри: Түркияда реактивдүү отун жетишсиздиги жок
Тышкы иштер министри Фидан бейшемби күнү Улуу Британияга эки күндүк расмий сапар менен барат
Түрк балбаны Рыза Каяалп Европа чемпионатында 13-алтын медалын жеңип рекорд койду
Түркия Жаңы Зеландиянын башкы губернаторун Анкарада кабыл алды
Түркия Ирактын Керкүк шаарына түркмөн губернаторунун дайындалышын "тарыхый" кадам катары кубаттады
Түрк кеме куруу индустриясы 2026-жылы АКШда өткөн Sea-Air-Space жарманкесинде орун алды
Фидан: «АДФ дүйнөлүк лидерлерди кабыл алып, Түркия өзүнүн дипломатиялык ролун кеңейтүүдө»
Түркиянын биринчи айымы Анталия Дипломатия Форумундагы «Палестина үчүн бир жүрөк» панелине катышты
Эрдоган Анталья форумунда Словения, Комор жана Конгонун лидерлери менен жолугушту
Түркия Анталья дипломатия форумунда Балкан Тынчтык платформасынын жыйынын өткөрөт