ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Ок атышпоо келишимне карабастан Израиль Газада көп сандаган аймакты аткылады
Израиль армиясы Рафах, Хан-Юнус, Жабалия жана Газа шаарынын аймактарында жаңы абадан сокку урууларды жана артиллериялык аткылоолорду баштады.
Ок атышпоо келишимне карабастан Израиль Газада көп сандаган аймакты аткылады
Израилдин геноциддик согушу 2023-жылдын октябрь айынан бери 73 миңден ашуун палестиналыкты өлтүрдү. [Архивдик сүрөт] / AA

Израиль армиясы дүйшөмбү күнү Газанын түштүгүнө жана түндүгүнө жаңы чабуулдарды баштап, 10-октябрдан бери күчүндө болгон ок атышпоо келишимин дагы бир жолу бузду.

Күбөлөрдүн айтымында, Aнадолу агенттигине Израиль армиясы толугу менен аскердик көзөмөлдөгү сары зонанын ичинде жайгашкан түштүк Рафах шаарына абадан сокку урган.

Көргөн күбөлөр Израилдин аскердик унааларынан Рафахтын түндүгүнө карай башаламан ок атылгандыгын билдиришти.

Күбөлөрдүн айтымында, Израилдин артиллериясы чыгыш Хан Юнуста бир нече жерди тик учактардын коштоосунда бомбалады.

Газанын түндүгүндөгү Чыгыш Жабалия Израилдин тик учактары тарабынан бутага алынды. Ошол эле учурда Газа шаарынын чыгыш аймактары аскердик унаалардан атылган окко дуушар болду.

Үзгүлтүксүз кол салуулар

Жекшемби күнү Израиль күчтөрү ок атышууну токтотуу келишимин бузуп, Газанын бир катар аймактарына абадан сокку уруп, артиллериялык аткылоолорду ишке ашырды.

Хан Юнус шаарында деңиз күчтөрү эки балыкчыны кармап, кайыгын талкалашты, артиллериялык жана абадан сокку уруулар шаардын чыгыш бөлүгүнө, Израилдин оккупациясындагы «сары зонага» туш келди.

Көргөн күбөлөр жана Анадолу агенттигинин булактарынын маалыматы боюнча, кошумча чабуулдар Газа шаарынын түндүктөгү чыгыш аймактарына багытталды.

Газадагы Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 10-октябрдан бери аймакта Израилдин ок атышууну токтотуу келишимин бузууларынан 390дон ашык адам каза болуп, 1060тан ашык адам жаракат алган.

2023-жылдын октябрынан бери Израиль ок атышууну токтотууга карабастан Газага жасаган кол салууларында көпчүлүгү аялдар жана балдар болгон болжол менен 70 700 адамды өлтүрүп, 171 100дөн ашык палестиналыкты жарадарк ылды.

Иликте
Украина: "Орусиядагы мунай иштетүүчү завод менен Мариновка аскердик аэродромуна чабуулдарды жасадык"
Нигерияда кеме оодарылып, 52 адам каза болду
Гутерриш Орусиянын Киев жана Украинанын башка шаарларына чабуулдарын катуу айыптады
Орусия Москва Иранга сүйлөшүүлөрдү кайра баштоого кысым көрсөтпөгөнүн айтты
Россия: "Киевдин позициясы кризисти тынчтык жолу менен чечүү мүмкүнчүлүгүн начарлатууда"
Кыргызстан Кытайдын Кыргыз жарандарына виза берүүнү жеңилдетүү чечимин кубаттады
Түркиянын аймактык ролу Ирак багытында мунай агымын көбөйтүү максаты менен чыңдалат
Израиль түнү менен Ливандын түштүгүнө абадан сокку урду
Ирандын Революциялык Гвардиясы: "Эгер жаңы согуш башталса, дагы да кыйратуучу куралдарды колдонобуз"
Зеленский Киевге жасалган кол салууларда каза болгондордун саны  12ге жеткенин билдирди
Түштүк Корея: "Түндүк Кореяда 80-120 ядролук курал бар деп болжолдонууда"
НАТО Орусиянын Калининград облусунуна жакын аймакта аба машыгуусун өткөрдү
Иран: АКШнын "Экономикалык D-Day операциясы" өзүнүн кризисин жашыруу аракети
Румыниянын Украина чек арасына жакын токойлуу аймакка бир жума ичинде экинчи жолу дрон кулап түштү
НАТО Ирандын Европадагы АКШ объектилерине карата ыктымалдуу кол салууларына даяр