Түркиянын биринчи айымы үй-бүлө институтун чыңдоо үчүн жаңы глобалдык көз караштын зарылдыгы
Эмине Эрдоган демографиялык көйгөйлөрдүн күчөп баратканын белгилеп, үй-бүлөлөрдү социалдык өнүгүүнүн борборуна койгон глобалдык саясатты ишке ашырууга чакырды.
Түркиянын биринчи айымы Эмине Эрдоган эл аралык коомчулукту үй-бүлө институтун бекемдөө үчүн жаңы көз карашты иштеп чыгууга чакырып, төрөттүн төмөндөшү жана калктын картайышы коомдорду "үй-бүлөдөн кийинки реалдуулукка" сүйрөп баратканын эскертти.
"Өсүп келе жаткан Европа 2025" деп аталган эл аралык саммитке жөнөткөн видео кайрылуусунда Эрдоган чоң үй-бүлөлөр, чогуу белгиленүүчү майрамдар жана ар кайсы муундар бир дасторконго чогулган күндөр дүйнөнүн ностальгиялык архивинин бир бөлүгүнө айланганы айтты.
Эрдоган бул өзгөрүү маданий трансформацияны гана чагылдырбастан, үй-бүлөнүн коомдун негизги уюштуруучу бирдиги катары ролунан алыстаганын көрсөткөнүн белгиледи.
Эрдоган дүйнөлүк демографиялык тенденцияларга токтолуп, төрөттүн бир аялга 2,2 балага чейин төмөндөгөнүн жана өлкөлөрдүн жарымынан көбү жаңылануу босогосунан төмөн экенин билдирди. Түркиянын биринчи айымы 2030-жылга чейин ар бир алтынчы адамдын 60 жаштан ашканын, ал эми 80 жана андан жогорку курактагы калктын саны 2050-жылга чейин үч эсе көбөйүшү күтүлүп жатканын билдирди.
"Ар бир төрөт дүйнөнүн жазына жаңы күн кошот. Төрөттүн төмөндөшү жана жаштардын санынын азайышы экономикалык өсүштү жайлатат. Социалдык камсыздоо жана саламаттыкты сактоо системаларына олуттуу каржылык кысым жаратат. Кыскасы, өзүн жаңылай албаган дүйнө сөзсүз түрдө чоң туңгуюкка кептелет",- деди Эмине Эрдоган.
Үй-бүлө жылы
Эрдоган Түркиянын бул кыйынчылыктарга карата реакциясын баса белгилеп, баарына 2025-жылды Үй-бүлө жылы, ал эми 2026-2035-жылдар аралыгындагы мезгилди Үй-бүлө жана калктын он жылдыгы деп жарыялаганын эскертти.
Турмуш шарттарын жеңилдетүү үчүн турак-жай жана нике кредиттери, ийкемдүү жумуш графиктери, ата - энелер үчүн дектерттик өргүү, энелер үчүн эмизүү уруксаты сыяктуу саясаттардын жумуш менен үй-бүлөлүк жашоонун ортосундагы карама-каршылыкты азайтууга багытталганын билдирди.
Эрдоган ошондой эле үй-бүлөлүк жашоону жеке максаттарга тоскоолдук катары көрсөткөн маданий дискурстарды сынга алып, заманбап "маданият индустриясы" индивидуалдуулукту алдыга чыгарып, үй-бүлөнү четтете турганын билдирди.
Биринчи айым саммиттин бул тенденцияларга каршы туруу жана үй-бүлөгө багытталган саясатка карата конкреттүү милдеттенмелерди кабыл алууга түрткү берүү үчүн платформа түзөт деген үмүттө экенин билдирди.
"Мен үй-бүлөнү борборлоштурган кадамдардын картайып, барган сайын обочолонуп бараткан дүйнөгө жаңы дем берерине ишенем",- деп кошумчалады Эмине Эрдоган.