ДҮЙНӨ
3 мүнөт окуу
Британияда отчет даярдалып британиялык 10 жаран Газада согуштук кылмыш кылуу менен айыпталды
Отчетто 10 шектүүнүн Израиль аскерлери тарабынан жасалган "согуштук кылмыштар жана адамзатка каршы кылмыштарга" аралашкандыгына байланыштуу далилдердин досьеси камтылган.
Британияда   отчет  даярдалып британиялык  10 жаран Газада согуштук кылмыш кылуу менен айыпталды
/ Reuters

Британиядагы алдыңкы юрист жана юридикалык изилдөөчүлөр тобу Британиянын 10 жаранын курчоого алынган Газада согуш кылмыштарын жасагандыгы тууралуу кенен отчетун Лондон полиция департаментине тапшырды.

240 барактан турган отчет дүйшөмбү күнү британиялык адам укуктары боюнча белгилүү юрист Майкл Мэнсфилд КС жана Гаагада иш алып барган изилдөөчү топ тарабынан шаардын Метрополитенинин Терроризмге каршы полициясынын командирлигиндеги Согуштук кылмыштар тобуна сунушталуу үчүн даярдалды.

Бул кайрылуу Газадагы жана Британиядагы палестиналардын өкүлү болгон, Палестина адам укуктары борбору менен Британия борбору болгон Коомдук кызыкчылык боюнча укук борборунун (PILC) атынан жасалды.

Бул отчеттун Британия жарандарынын Газада жасалган оор кылмыштарга аралашкандыгына байланыштуу кенен түрдө изилденип жана күчтүү далилдерди сунгандыгы белгиленди.

Отчетто 10 британиялык шектүүнүн күбөлүктөрү белгиленип, Израиль армиясы тарабынан жасалган "согуштук кылмыштар жана адамзатка каршы кылмыштарга" катыштыгы тууралуу далилдер да ортого салынды.

Отчетто өзгөчө камакка алуу ордерлерин чыгаруу жана Британия сотторунда кылмыш ишин козгоо максатында Британия жарандары тууралуу териштирүүнүн ачылышына чакырык салынды.

Отчет Палестинадагы болжолдуу согуш кылмыштары үчүн жоопкерчиликке тартуу максатында аракет кылып жаткан Глобал 195 аттуу укуктук коалициясынын эл аралык чакырыгына жооп катары жасалган.

“Өлтүрүүгө уруксат берүү”

Юридикалык топ баяндаманы жеткирер алдында Скотланд-Ярддын тышында журналисттер менен сүйлөштү. PILCнин юридикалык директору Пол Херон отчеттун алты айга созулган кеңири далил чогултуу иштерине негизделгендигин айтты.

"Метрополитен полициясынын согуш кылмыштары командасына жасаган кайрылуубузда толук жана чукул тергөө алуу жана кылмыш ишин козгоону талап кылабыз",- деди Херон.

Херон сөз болуп жаткан согуштук кылмыштар жана адамзатка каршы кылмыштардын арасында адам өлтүрүү, атайылап кыйынчылыктарга себеп болуу, Газадагы палестиналыктарга карата олуттуу жаралоо, жарандарга кол салуу, мажбурлоо менен жер котортуу, депортациялоо, гуманитардык жардам кызматкерине кол салуу, Израиль армиясынын Палестина калкына карата аракеттери менен байланыштуу массалык жок кылуу кылмышы экендигин белгиледи.

Израилдин ок атышпоодон кийин 14 күнгө созулган кол салулуарын улантып жаткандыгын белгилеген Херон : “Бул кайрылуу мындан да ылайыктуу учурда келе албас эле”,- деди.

Палестинанын Адам укуктары борборунун директору Ражи Сурани азыркы учурда Газанын бомбалоо, өлтүрүү жана кыргынга дуушар болуп жаткандыгын айтты.

Сурани : “Акыркы 18 айдан бери кыргындын түз эфирден берилиши абдан чоң уят”,- деди.

Израилдин кол салууларын өзүн - өзү коргоо катары аныктоо “палестиналык жарандарды өлтүрүүгө уруксат берүү” деген мааниге келгендигин айтты.

АКШ, Британия жана Европаны Израилдин кол салууларында кылмыш өнөктөшү кылуу менен айыптаган Сурани Израилге азыр да курал жиберилип жаткандыгын айтты.

Сурани : “Менин оюмча британдык прокурор Стивен Паркинсон Газадагы согуштук кылмыштарга түздөн - түз катышкан Британиянын жарандарына карата териштирүү жана айыптоону башташы керек болгон киши”,- деди.

Мэнсфилд Израилдин Эл аралык Кылмыш Сотуна (ICC) кысым көрсөтүүнү улантуу менен үнүн бийиктетүүнн маанисине токтолуп, Британиянын Эл аралык кылмыш сотуна колдоо көрсөтүүсү керектигин айтты.

Британия өкмөтүнүн да мыйзамдын үстөмдүгүн колдоосу керектигин белгиледи.

“Жарнама кампаниясы”

Бирок Британиянын Израилди колдогон юристтер тобу (UKLFI) бул отчёт жөн гана "пиарлык трюк" деп эсептөөдө.

The Jewish Chronicle гезити Израилди колдогон юристтер тобунан (UKLFI) Жонатан Тернердин сөздөрүнө кайрылуу менен : “Айтылган кылмыштардын эл аралык жаза сотунун прокурорунун Израиль ачкачылыкты согуштук метод катары колдонгондугу тууралуу негизги айыптоолордон айырмаланышы да көкүлдөрдү бурууда”,- деп жазды.

Израилди колдогон “Монитор” бейөкмөт уюмунун юридикалык кеңешчиси Энн Герцберг отчеттун Британияда жашаган еврейлерди коркутууга багытталган деп билдирди.

Герцберг Х эсебинен : “Максат бир гана мыйзамдуу куугунтук эмес, ошол эле учурда Израиль менен союздаштарынын арасында глобалдык бөлүнүүнү максат кылган кампаниянын бир бөлүгү”,- деди.

Иликте
Израилдин Газага чабуулдарынан каза болгондордун саны 73 миң 399га жетти
Президент Эрдогандан "17-август" билдирүүсү
Филиппинде тропикалык циклон жана муссон жамгырларынын айынан 23 адам каза болду
Президент Эрдоган Аль-Жазира телеканалына маек куруп берди:
Трамп Мекке биргелешкен коргонуу келишимине кол коюлганына канааттанганын билдирди
Орусия: "Украинанын ракеталык чабуулунанан Белгород облусунда 6 адам каза болду"
Түркиянын 17 жашка чейинки кыздардан турган командасы дүйнөлүк чемпионатта күмүш медалды жеңип алды
Орусия Украинадагы аскердик өнөр жай объектилерине жана кемеге сокку урганын жарыялады
Индонезиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 51ге жетти, Түркия жабырлануучуларга көңүл айтты
Иран Трамптын Ормуз кысыгы боюнча билдирүүсүн четке кагып, "Ирандын аймагы бойдон каларын" билдирди
ХамаХамас Газадагы ок атышууну токтотуу келишимин туруктуу кылуу үчүн Каирге барат
Румыния: Испаниянын НАТО согуштук учагы аба мейкиндигин бузгандыгы үчүн УУАны атып түшүрдү
Түрк Кызылайы Газада протездик колдоо долбоорун баштады
Түштүк Корея лидери Ли Түндүк Корея менен болгон чыңалууну токтотууну каалаганын билдирди
TRT Казакстандагы маалымат каражаттары үчүн жасалма интеллект боюнча окутууларды өткөрөт