ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Пакистан менен Бангладештин ортосунда алты келишимге кол коюлду
Ишемби күнү эки күндүк иш сапарынын алкагында Даккага барган Дардын Мухаммед Юнус жана Халеда Зия менен жолугушуусу күтүлүүдө.
Пакистан менен Бангладештин ортосунда алты келишимге кол коюлду
Пакистан мен Бангладеш акыркы учурда мамилелерин нормалдаштырууга умтулууда. / AA

Бангладеш менен Пакистан жекшемби күнү алты келишимге кол коюшту, анын ичинде расмий паспорт ээлерине визасыз саякат мүмкүнчүлүгүн берген келишим да бар. Бул Пакистандын тышкы иштер министринин акыркы 13 жылдан кийин Даккага жасаган биринчи сапары болду.

Келишимдерге Пакистандын вице-премьер-министри жана тышкы иштер министри Ишак Дар менен Бангладештин тышкы иштер боюнча кеңешчиси Мухаммед Тохид Хоссейндин министрлик деңгээлдеги сүйлөшүүлөрүнөн кийин Даккадагы мейманканада кол коюлду.

Буга чейин Бангладештин убактылуу өкмөтү визадан бошотуу боюнча долбоорду жактырган.

Башка келишимдер соода, тышкы кызмат академиялары, мамлекеттик маалымат агенттиктери, стратегиялык изилдөө институттары жана маданий алмашуу программалары боюнча кызматташууну камтыды.

Ошондой эле соода боюнча биргелешкен жумушчу топ түзүлөт.

Кол коюу аземинен кийин журналисттерге маалымат берген Дар, 1974-жылдагы сүйлөшүүлөрдү жана мурдагы президент Первез Мушаррафтын 2000-жылдардын башындагы сапарын мисал келтирип, Бангладештин Пакистандан бөлүнүп чыгышына себеп болгон 1971-жылдагы согушка байланыштуу пикир келишпестиктердин талкууланганын билдирди.

Түштүк Азиядагы эки өлкөнү “үй-бүлө” деп атап, Дар мындай деди: “Мусулмандарга жүрөктөрүн таза кармоо айтылган. Ошондуктан биз өткөндү унутуп, соода жана эки тараптуу мамилелерди жаңы деңгээлге көтөрүшүбүз керек”.

Бирок Хоссейн Дардын сөздөрүн четке какты. “Биз Пакистандан 1971-жылдагы көз карандысыздык согушундагы геноцид үчүн өкүнүп, кечирим сурашын каалайбыз. Ошондой эле Пакистан бул жерде калган жарандарын кайра алып кетип, бөлүнбөгөн Пакистандын орток активдери боюнча Бангладештин талаптарын чечиши керек,” – деди.

Кеңешчи, Шейх Хасинанын тушунда Исламабад менен мамилелер атайылап токтотулганын, бирок азыркы убактылуу өкмөт "Пакистан жана башка дос өлкөлөр менен биз каалагандай нормалдуу мамиле түзүүнү" максат кылып жатканын кошумчалады.

Ал арада Пакистандын соода министри Жам Камал Хан, төрт күндүк сапарынын алкагында соода жана байланыштарды жакшыртуу үчүн Дакка менен Карачи ортосунда түз аба каттамдары жыл аягына чейин кайра башталарын билдирди.

Дакка менен Исламабаддын мамилелери 2024-жылдын августунда Шейх Хасинанын өкмөтү кулатылган көтөрүлүштөн кийин жумшара баштаган. Бангладешке акыркы жолу 2012-жылы барган Пакистандын тышкы иштер министри Хина Раббани Кхар болгон.

Иликте
Газадагы геноциддин үчүнчү жылы: Израиль маанилүү инфраструктураны кантип талкалады?
Иранга каршы согуш мунай ташуу жолдорун бузуп, Ирак динарынын курсун түшүрдү
АКШ аскерлери Окинавада чектөөлөргө туш болушту
Израилдин геноцидинде Газада жана оккупацияланган Батыш Шериада 20 000ден ашуун окуучу каза болду
Эрдоган менен Путин Кара деңиз коопсуздугун жана Орусия-Украина сүйлөшүүлөрүн талкуулашты
Киев менен Москва түнү бою чабуулдарын улантышты
Мамлекеттик катчы Рубио Иран Ормуз кысыгынын көзөмөлүн "толугу менен колдон чыгарганын" айтты
Дүйнө үч жылдан бери тарыхтагы эң чоң кыргынга күбө болууда
Түркия Газага ар дайым колдоо көрсөтүп келди
Испанияда нааразычылык акцияларынан кийин чукул чаралар бекитилди
Президент Эрдоган көптөгөн жылдардан бери Газанын эң күчтүү үнү болуп келе жатат
Вэнс Ирандын байытуу ишмердүүлүгүн кыскартуу согушту токтотуу үчүн зарыл экендигин белгиледи
ДССУ Россияны чумадан каза болгондордун саны боюнча ачык-айкын болууга чакырды
Зеленский: Москва Украинага каршы "кеңири масштабдуу чабуулга" даярданууда
Канаданын премьер-министри Марк Карни Түркияга биринчи сапарын жасайт