ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Ак үй Иранга карата АКШ кол салууларынын таасири чектүү экендиги тууралуу айтылгандарды четке какты
АКШнын медиа каражаттары Коргоо чалгындоо агенттигине таянып берген кабарларда Ирандагы ядролук объектилерге карата Американын чабуулдарынын Тегерандын программасын кыска убакытка гана кечеңдеткендигин ортого салды. Ак үй муну четке какты.
Ак үй Иранга карата АКШ кол салууларынын таасири чектүү экендиги тууралуу айтылгандарды четке какты
/ Reuters
25 Июнь 2025

Ак үй Ирандын ядролук объектилеринин АКШнын жол башчылыгында бомбаланышынын чектелүү гана зыян алып келип, Тегерандын ядролук мүмкүнчүлүгүн бир канча айга кечеңдеткендигин ортого салган АКШ медиа каражаттарынын кабарларына каршы чыкты.

CNN жана New York Times Коргонуу боюнча чалгындоо агенттиги тарабынан шейшемби күнү жасалган жашыруун баа берүүгө шилтеме жасапчабуулдардын кеминде эки чоң ядролук объектинин киришин жапканын бирок жер астындагы бекемделген бөлүмдөрүнүн кыйрабагандыгын билдирди.

Алгачкы жыйынтыктар Ирандын ядролук программасы алты айдан аз убакытка кечеңдетилиши мүмкүн экенин көрсөтүүдө — бул АКШнын президенти Дональд Трамптын чабуулдардын "объекттерди толугу менен жок кылды" деген коомдук билдирүүсүнө каршы келүүдө.

Чабуулдардан мурда АКШнын чалгындоо кызматтары Иран өз программасын тездетүүгө чечим чыгара турган болсо үч айдын ичинде негизги өзөктүк аппаратты иштеп чыгаарын айтышкан.

Чабуулдардан кийин DIA тарабынан жасалган баа берүүдө убакыт тилкесин бир аз артка жылдырса болот деген тыянакка келингендиги билдирилди.

Трампты "кемсинтүү" аракети

Ак үйдүн басма сөз катчысы Каролин Левитт: "Бул "баалоо" толугу менен жаңылыш" деди.

"Бул баа берүүү 'өтө жашыруун' деп классификацияланган, бирок ошентсе да чалгындоо коомчулугундагы белгисиз, төмөн деңгээлдеги бирөө CNNге билдирди”.

Левитт бул маалыматтын "Президент Трампты кемсинтүү жана Ирандын ядролук программасын жок кылуу боюнча кемчиликсиз аткарылган миссияны ишке ашырган эр жүрөк учкучтарды дискредитациялоо аракети" экенин кошумчалады.

"14 даана 30,000 фунттук бомбаны буталарына таштаганда эмне болорун баары билет: толук кыйроо",- деп белгиледи.

Бирок АКШнын баа берүүсүн билген жетекчилер The New York Timesке Ирандын байытылган уран запасынын чоң бөлүгүнүн чабуулдардан мурда башка жерлерге көчүрүлгөнүн жана мунун да операциянын таасирин чектегенин айтышты.

Бул материалдардын айрымдары өлкө боюнча жашыруун объекттерге көчүрүлгөн болушу мүмкүн экендиги айтылды.

Чабуулдарда тоонун ичине көмүлгөн Фордоу объектиси да бутага алып, электр системалары зыян тартты.

Ирандын “олуттуу” мүмкүнчүлүгү бар

Бирок жетекчилер Ирандын объектке кирүү жана аны оңдоо үчүн канча убакыт талап кылынары белгисиз экенин айтышты.

Конгресстин шейшемби күнү DIA отчету боюнча маалымат берилмек, бирок сессия кийинкиге жылдырылды.

Депутаттарга бейшемби күнү маалымат берилиши күтүлүүдө.

Учурда АКШнын чалгындоо тууралуу баа берүүсү азыр да алдын ала баа берүү болуп, алдыдагы жумаларда кошумча баа берүүлөрдүн болушу күтүлүүдө.

АКШнын жогорку даражалуу аскердик талапкери шейшемби күнү сенаторлорго билдирүү жасап, Ирандын 7-октябрдан бери стратегиялык жактан алсыраганына карабастан, АКШ күчтөрүн бутага алуу үчүн "олуттуу тактикалык мүмкүнчүлүгүн" сактап калганын айтты.

АКШ Борбордук командирлигин (CENTCOM) жетектөөгө талапкерлиги көрсөтүлгөн деңиз флотунун вице-адмиралы Чарльз Купер II Иран дүйнө жүзү боюнча америкалык аскерлерге олуттуу коркунуч жаратып жатканын эскертти.

"Алардын тактикалык мүмкүнчүлүктөрү жетиштүү, анын бир элементин кечээ көрдүк”,- деген деди Купер, Ирандын Катардагы АКШнын Аль-Удейд аба базасына жасаган жооп чабуулуна шилтеме берип.

Иликте
Түркия Конго Демократиялык Республикасы жана Руанда ортосундагы тынчтык келишимин кубаттады
Израиль күчтөрү Сириянын Кунейтра элет жерине жаңы кургактагы операция жүргүздү
Азиядагы селдерде каза болгондордун саны  1500дөн ашты
Тышкы иштер министри Фидан 23-Доха форумуна катышат
Путин менен Моди АКШнын кысымы күчөгөн учурда Нью-Делиде соода жана Украинадагы согушту талкуулашты
Түркия Кара деңиздеги кол салуулар боюнча Украинанын жана Орусиянын элчилерин чакыртты
"Эл аралык коомчулук аймактык туруктуулукту коркуткан Израилге каршы аракетке өтүшү керек"
Израилдик күчтөр оккупациядагы Батыш Шериада беш тарыхый экспонатты тартып алышты
Вьетнамда сел эки адамдын өмүрүн алып, ондогон жер көчкүлөр жүрдү
Газадагы ок атышпоого карабастан Израиль 2026-жылга коргонуу бюджетин 34 миллиард долларга көтөрдү
Бельгия өз аймагында жашаган 19 шектүү сириялык согуш кылмышкерин иликтеп жатат
АКШ саякаттоого тыюу салууну 30дан ашык өлкөгө кеңейтиши мүмкүн
Евровидение 2026 сынагындагы нааразычылык толкуну: Израилдин катышуусу нааразычылыкты жаратты
Петро: Колумбияны баңгизатка каршы күрөш шылтоосу менен коркутуп жатышат
Чыгыш Тынч океанда банги зат ташыганы айтылган кемеге жасалган кол салуусунда төрт киши каза болду