ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Түркия оккупациядагы Батыш Шериада Израилдин "аннексия" аракеттерин айыптады
Түркиянын Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү, элчи Ахмет Йылдыз Коопсуздук Кеңешинин жогорку деңгээлдеги жыйынында АКШнын президенти Трамптын 20 пункттан турган тынчтык планын толук ишке ашырууну талап кылды.
Түркия оккупациядагы  Батыш Шериада Израилдин "аннексия" аракеттерин айыптады
Түркия эки мамлекеттүү чечимди жана кайра куруу аракеттерин колдоосун кайрадан ырастайт. / Reuters

Түркиянын БУУдагы өкүлү Израилдин бир тараптуу кадамдары Батыш Шериадагы мыйзамсыз катышуусун бекемдөөгө багытталганын белгилеп, Газадагы ок атышууну толук токтотууну жана Израилдин Газадан толугу менен чыгып кетүүсүн талап кылды.

Шаршемби күнү Палестинадагы кырдаал боюнча БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жогорку деңгээлдеги жыйынында сөз сүйлөгөн Ахмет Йылдыз баарынын көңүлү Газадагы морт ок атышууну токтотууга бурулуп жатканда учурда "оккупациялык держава Батыш Шериада мыйзамсыз катышуусун бекемдөөгө багытталган бир тараптуу кадамдарды жасоону улантып жатканын" билдирди.

Йылдыз: "Түркия 2803-резолюцияны жана АКШнын президенти Дональд Трамптын 20 пункттан турган планы менен бирге ок атышууну токтотуу боюнча бардык чаралардын толук аткарылышын талап кылууда", - деп билдирди.

Ок атышууну токтотуу режимин сактоо — мындан ары өлүм-житимдердин алдын алуу, гуманитардык жардам көрсөтүү, алгачкы калыбына келтирүү аракеттери жана маанилүү саясий диалог үчүн өтө маанилүү экенин баса белгилеген Йылдыз, Израилдин кайталанган чабуулдарын жана гуманитардык жардамдарга киргизген чектөөлөрүн айыптады. Ал Газага кирген гуманитардык жардамдын көлөмүн олуттуу түрдө көбөйтүү жана анын тоскоолдуксуз жеткирилишин камсыз кылуу керектигин белгиледи.

Йылдыз аймакты калыбына келтирүү жана кайра куруу процессин ишке ашыруу үчүн Израилдин Газадан толук чыгып кетиши зарыл экенин баса белгилеп, Түркиянын кайра куруу иштеринде активдүү роль ойноого даяр экендигин айтты.

Басып алынган Батыш Шериа маселеси боюнча Анкара Израилдин аннексиясына каршы экенин дагы бир жолу кайталап: «Биз аннексиянын бардык түрүнө кескин түрдө каршыбыз», — деди. Ал Израилдин Батыш Шериадагы катышуусун кеңейтүүгө багытталган бир тараптуу чараларын «эл аралык укукту одоно бузуу» деп мүнөздөдү.

Йылдыз эл аралык коомчулукту жана Коопсуздук Кеңешин өздөрүнүн укуктук жана моралдык жоопкерчиликтерин аткарууга чакырып: «Кеңеш Израилди басып алынган Батыш Шериадагы чыңалууну күчөтүүнү токтотууга, ок атышууну токтотуу боюнча келишимдерди толук аткарууга жана мыйзамсыз оккупациясын токтотууга мажбурлашы керек», — деди.

Элчи: «Газадагы ок атышууну токтотуудан кийин жаралган ылдамдык эки мамлекеттүү чечимди ишке ашырууга багытталышы керек. Түркия бул аракеттерде конструктивдүү, жоопкерчиликтүү жана ишенимдүү өнөктөш катары иш алып барууну улантат», — деп кошумчалады.

Иликте
Иран парламентинин спикери Калибаф Израиль ислам өлкөлөрүнүн негизги душманы экенин айтты
Президент Эрдоган Аясофия тууралуу пост жарыялады
Израиль армиясы Газадагы бир нече үйгө абадан сокку урду
Түркия израилдик министрдин Акса мечитинде жүргүзгөн рейдине каршылык көрсөттү
Украина лидери: "Россиянын Павлоград шаарына жасаган чабуулунда 3 адам каза болду"
Султандар жарым финалда
Россия менен АКШнын тышкы иштер министрлери Украина кризиси тууралуу сүйлөштү
Израиль Газадагы ок атышуу эрежесин бузуп, төрт палестиналыкты өлтүрдү
Түркиянын "AKYA" торпедосу чыныгы ок - дары менен атуу сыноосунда бутадагы кемени жок кылды
Кыргызстан менен Беларус соода көлөмүн 500 миллион долларга чейин көбөйтүүнү максат кылууда
Пакистан менен Иран терроризмге жана баңги затка каршы күрөшүүдө кызматташуусун күчөтөт
Иран: "АКШ менен маалымат алмашуу жана ортомчулук аракеттери уланууда"
Россиянын түштүгүндөгү Wildberries логистикалык борборлоруна дрон менен чабуул жасалды
Түрк аскерлеринин Сомалидеги миссиясынын мөөнөтү 2 жылга узартылды
АСЕАН Түркияга диалог өнөктөшү статусун берди