ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Трамп Израилдин Газада 60 күндүк ок атышпоо шарттарына макул болгонун билдирди
АКШнын президенти ХАМАСты келишимди кабыл алууга чакырып, кырдаалдын жакшырбай турганын эскертти.
Трамп Израилдин Газада 60 күндүк ок атышпоо шарттарына макул болгонун билдирди
Trump says Israel agrees to 60-day Gaza ceasefire conditions / AP

АКШнын президенти Дональд Трамп Катар жана Египет аркылуу жүргүзүлүп жаткан кыйыр сүйлөшүүлөрдө Израилдин Газада 60 күндүк ок атышпоо үчүн «зарыл шарттарды» кабыл алганын айтты.

Трамп шейшемби күнү Truth Social платформасында жазган билдирүүсүндө, анын өкүлдөрү ошол эле күнү израилдик жетекчилер менен "узак жана жемиштүү жыйын" өткөргөнүн айтып: "Израиль 60 күндүк ок атышпоону жыйынтыктоо үчүн керектүү шарттарды кабыл алды, согушту токтотуу үчүн бардык тараптар менен иштешебиз”,-деди.

Ал ошондой эле акыркы сунуш ортомчулар аркылуу ХАМАСка жеткирилерин кошумчалады.

Трамп "Жакынкы Чыгыштын жыргалчылыгы үчүн ХАМАС бул келишимди кабыл алат деп үмүттөнөм, анткени абал жакшырбайт, дагы да начарлай берет", – деди.

Трамп журналисттерге билдирүүсүндө, ок атышпоо келишимине “келерки жумада” жетишилерине үмүттөнөрүн айтып, Вашингтондо Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен жолугаарын да ырастады. Экөө Газа жана Иран маселелерин талкуулашмакчы.

"Нетаньяху бул жакка келет. Биз көп нерселерди талкуулайбыз", – деди Трамп.

Израилдин Газадагы геноциди

Израиль 2023-жылдын октябрынан бери Газада геноцид кылып келе жатат.

Палестиналыктар, көбү аялдар жана балдардан турган 56,600дөн ашуун палестиндин өлтүрүлгөнүн билдиришти.

Палестинанын расмий WAFA кабар агенттигинин маалыматына караганда, 11 миңдей палестиналык кыйраган үйлөрдүн урандыларынын астында калды.

Бирок адистер каза болгондордун чыныгы саны Газадагы жетекчилер билдиргенден алда канча көп 200,000ге жакын деп болжолдошот.

Вашингтон өзүнүн узак мөөнөттүү өнөктөшү Израилге жыл сайын $3.8 миллиард аскердик жардам бөлүүдө.

2023-жылдын октябрынан бери АКШ Израилдин Газадагы геноциди жана коңшу өлкөлөрдөгү согуштарын колдоо үчүн $22 миллиарддан ашуун каражат сарптады.

АКШнын жогорку даражалуу аткаминерлери Израилди Газадагы жайкын тургундардын өлүмү үчүн сындашса да, Вашингтон курал-жарактарды өткөрүүгө шарт коюу чакырыктарына азырынча каршылык көрсөтүп келет.

Иликте
АКШ Түркияга реактивдүү кыймылдаткычтарды сатуу процессин тездетип жатат
Бишкектеги ШКУнун бизнес - форумунда 150 миллион долларлык келишимге кол коюлду
Нуман Куртулмуш Бакуда Азербайжандын Улуттук Парламентинин спикери Гафарова менен жолугушту
Трамп: "Түркиядагы НАТО саммитине Эрдоган үчүн катышып жатам"
Түркия менен Египеттин ортосундагы жакындашуу Афина үчүн тынчсызданууну жаратууда
Тышкы иштер министри Фидан эртең Канадага барат
Рубио Жакынкы Чыгышка сапарын баштады; Союздаш өлкөлөр Иран тууралуу суроолорго жооп күтүшүүдө
Байрактар: "Түркия атомдук электр станцияларын курушу керек"
Түркия ФИБАнын Дүйнөлүк Кубогунун Европа тандоо оюндарынын "күч рейтингинде" биринчи орунда
Анталияда туризм активдүүлүгү жогорулады
Президент Эрдоган Ирактын премьер-министри Али Зейди менен сүйлөшүү өткөрдү
Түрк мамлекеттеринин ортосунда электрондук соода жана санариптик кызматтар жеңилдетилет
Польшанын президенти Түркияга келет
Вэнс: Иран БУУнун ядролук инспекция агенттигинин кирүү мүмкүнчүлүгүн калыбына келтирүүгө макул болду
Түркмөнстандын президенти Сердар Бердимухаммедов Азербайжанда жолугушууларды өткөрдү