ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Эрдоган: Түркия чек араларынын тышындагы коркунучтарды булагында жок кылууда
Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган чек арадагы коопсуздук чараларына, Сириянын түндүгүн интеграциялоодогу жетишкендиктерге жана Түркиянын коргонуу мүмкүнчүлүктөрүндөгү жетишкендиктерге токтолду.
Эрдоган: Түркия чек араларынын тышындагы коркунучтарды булагында жок кылууда
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 2026-жылдын 19-февралында Анкарадагы Чанкая сарайында өткөн оозачар программасында шейиттердин үй-бүлөлөрү менен жолугушту. / AA

Президент Режеп Таййип Эрдоган бейшемби күнү Түркиянын өз коопсуздугун камсыз кылуу үчүн чек араларынан тышкары да бардык керектүү кадамдарды таштаганын, коркунучтарды булагында жок кылып жатканын жана муну жасоо үчүн эч кимден уруксат сурабай турганын билдирди.

Эрдоган борбор шаар Анкарадагы Чанкая сарайында шейиттердин үй-бүлөлөрү менен өткөн ооз ачуу (ифтар) программасында сөз сүйлөп «терроризмден арылган Түркия» максатына жетүүдө олуттуу ийгиликтерге жетишилгендигин белгиледи.

Эрдоган: «Бүгүнкү күндө Түркия өз коопсуздугу үчүн чек ара ичинде гана эмес, чек арадан тышкары жерлерде да тиешелүү кадамдарды таштоодо. Кайсы жерде коркунуч болсо, биз эч кимден уруксат сурабастан, булагында жок кылып жатабыз», — деди.

Эрдоган өзгөчө : “Террорсуз Түркия тууралуу алып барылган иштерде ийгиликтерге жетишилди. Чек араларыбыздын ичинде жана тышында өлкөбүзгө карата коопсуздук коркунучтары олуттуу азайды”,- деди.

Президент: “Жарым кылымга жакын убакыттан бери элибиздин жүрөгүн өйүгөн бул балээден Түркияны түбөлүккө куткарууда чечкиндүүбүз. Муну да 23 жылдан бери шейиттерибиздин жанын аябаган аманатына көө жаппастан, баатырларыбыздын арбагын таарынтпастан, шейиттердин сөөгүн сыздатпастан ишке ашырууну көздөп жатабыз", - деди.

Куралдуу күчтөрдүн жана башка коопсуздук түзүмдөрүнүн ийгиликтүү операцияларынын натыйжасында террордук уюмдардын кыймыл-аракети олуттуу түрдө чектелгенин белгилеген Эрдоган, коргоо өнөр жайындагы жетишкендиктерге токтолду. Ал мурда Түркия коргонуу тармагында 80 пайыз чет өлкөлөргө көз каранды болсо, бүгүнкү күндө ички өндүрүштүн үлүшү 80 пайызга жеткенин билдирди.

Эрдоган: «Бүгүн учкучсуз учуучу аппараттар (ИУА жана СИУА), ракеталар, кемелер, тик учактар жана танктар сыяктуу дээрлик бардык тармактарда өз муктаждыгыбызды өзүбүз камсыздай алабыз. Кудай буюрса, алдыда согуштук учактарды жана учак ташуучу кемелерди чыгаруу кезек келет», — деди.

Коңшу Сириядагы абалга да токтолгон президент ал жерде оң жылыштар болуп жатканын белгилеп :"Сириянын түндүгүндөгү маселени кан төгүлбөстөн чечүү боюнча өткөн айда макулдашууга жетишилди. Толук интеграцияга карай процесс башталды", - деди.

Иликте
Украина лидери: "Россиянын Павлоград шаарына жасаган чабуулунда 3 адам каза болду"
Султандар жарым финалда
Россия менен АКШнын тышкы иштер министрлери Украина кризиси тууралуу сүйлөштү
Израиль Газадагы ок атышуу эрежесин бузуп, төрт палестиналыкты өлтүрдү
Түркиянын "AKYA" торпедосу чыныгы ок - дары менен атуу сыноосунда бутадагы кемени жок кылды
Кыргызстан менен Беларус соода көлөмүн 500 миллион долларга чейин көбөйтүүнү максат кылууда
Пакистан менен Иран терроризмге жана баңги затка каршы күрөшүүдө кызматташуусун күчөтөт
Иран: "АКШ менен маалымат алмашуу жана ортомчулук аракеттери уланууда"
Россиянын түштүгүндөгү Wildberries логистикалык борборлоруна дрон менен чабуул жасалды
Түрк аскерлеринин Сомалидеги миссиясынын мөөнөтү 2 жылга узартылды
АСЕАН Түркияга диалог өнөктөшү статусун берди
Түркия Жер Ортолук деңизиндеги байыркы шаарда 2000 жылдык негизги жолду ачыкка чыгарууда
БУУ:2026-жылдын биринчи жарымында Россия-Украина согушунда карапайым калктын өлүмү 37% өстү
Дүйнөлүк башаламандык шартында АСЕАН биримдикке чакырган маанилүү саммит баштады
Лавров Түндүк Кореянын Тышкы иштер министри  Цой Сон Хи менен жолугушту