ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
АКШ Ирандын санкцияларынын жоюулушу тууралуу сурап жатканын айтты
Трамп журналисттерге Тегерандын абдан оор санкциялардын жоюлуп же жоюлбай тургандыгы тууралуу сураганын айтты; бул идеяга ачык экенин, бирок азырынча чечим кабыл алына электигин билдирди.
АКШ Ирандын санкцияларынын жоюулушу тууралуу   сурап жатканын айтты
Трамп Ирандын АКШнын санкцияларын алып салууну суранганын айтып, "муну угууга даяр" экенин кошумчалады. / AP

АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын АКШнын санкцияларды жоусу тууралуу сурап жатканын билдирди. Бейшемби күнү кечинде Ак үйдө журналисттер менен жолугушкан Трамп: "Иран санкциялардын жоюулушу тууралуу сурады. АКШ Иранга оор санкцияларды киргизген жана бул алардын каалаганын ишке ашыруусун кыйындатып жатат. Мен муну угууга даярмын жана эмне болорун көрөбүз, бирок мен бул идеяга ачыкмын", - деп билдирди.

Нью-Йоркто Ирандын Бириккен Улуттар Уюмундагы миссиясы бул маселе боюнча комментарий берүү өтүнүчүнө азырынча жооп бере элек.

Ирандын диний лидери Аятолла Али Хаменеи дүйшөмбү күнү жасаган билдирүүсүндө, АКШ Израилди колдоону, аскердик базаларды кармап турууну жана Жакынкы Чыгышка кийлигишүүнү улантып, Иран менен АКШнын ортосундагы кызматташуунун мүмкүн эмес экендигин белгилеген.

Трамп январь айында экинчи президенттик мөөнөтүн баштагандан кийин Иранга карата "максималдуу кысым көрсөтүү" кампаниясын кайрадан баштады. Бул кампания Тегерандын өзөктүк куралды иштеп чыгуусуна бөгөт коюуну да камтыйт.

Июнь айында АКШ Ирандын өзөктүк объектилерин бомбалаган.

Иран менен Израилдин ортосундагы 12 күндүк согушка чейин, июнь айында АКШ менен Ирандын ортосунда өзөктүк курал боюнча беш жолу өзөктүк сүйлөшүү өткөрүлгөн, бирок Ирандын уранды байытуу маселеси да болгон бир катар чоң тоскоолдуктар макулдашуунун түзүлүшүнө тоскоол болду.

Батыш державалары Тегеранды уранды байытууну толугу менен токтотууга чакырып, куралдануу коркунучун жоюуну сунушташкан, бирок Иран бул сунушту четке каккан.

Иликте
Эрдоган: "Стамбул аэропортунун төртүнчү учуп-конуу тилкеси дүйнөлүк байланышты жогорулатат"
Эрдоган: «Түркияны дүйнөдөгү эң кеңири аба каттамдары тармагына ээ өлкөлөрдүн бирине айландырдык"
Израиль күчтөрү Сириянын түштүгүндө рейд жүргүздү
Түндүк Кореянын Орусиядагы заводдорго миңдеген жумушчуларды жөнөткөнү айтылууда
Конго Демократиялык Республикасында эболадан каза болгондордун саны 3577ге жетти
Пакистанда мечитке жакын жерде жардыруу болду: 15 киши каза болуп, 50дөн ашык киши жаракат алды
Скандинавия аба жолдору Израилге каттамдарды кайрадан жандандыруу планын жокко чыгарды
Филиппин: Мектепте болгон атышуудан эки окуучу каза болду
Бразилиянын лидери Трампты президенттик шайлоого кийлигишпөө жөнүндө эскертерин айтты
Африкада жаңы океан пайда болот
Орусия: Украинадагы согуштун көлөкөсүндө парламенттик шайлоо өткөрүлүүдө
Газада Израиль тарабынан талкаланган конуштан дагы 12 сөөк табылды
Кофенин жыты маанайды жана мээ толкундарын өзгөртө алары аныкталды
Трамп Польшада АКШнын базасын түзүү боюнча маанилүү ийгиликтерге жетишилгенин жарыялады
Словакиянын премьер-министри Фицо "Европа боюнча аскердик кагылышуу" тууралуу эскертти