ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
ДССУ Атлас океанындагы кемеде 7 ханта вирус учурунун аныкталганын билдирди
Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюмунун (ДССУ) Башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус Аргентинадан Кабо-Вердеге баруучу жүргүнчүлөрдүн кемесинде 7 ханта вирусу учурунун аныкталганын билдирди.
ДССУ Атлас океанындагы кемеде 7 ханта вирус учурунун аныкталганын билдирди
Жашыл Мурун аралдарынын (Кабо-Верде) жээгиндеги хантавирус катталганы айтылган круиздик кеме. / Reuters

Тедрос Адханом Гебрейесус бул тууралуу борбору АКШ болгон Х социалдык медиадагы эсебинен маалымат берди.

"4-майдан тарта кеме жолго чыккан 1-апрелден бери хантавирустун жети учуру (экөө тастыкталган жана бешөө шектүү) аныкталды, анын ичинде үчөө каза болду", - деген Гебрейесус, учурдагы маалыматтарга таянып, ДССУ бул вирустун дүйнө калкы үчүн коркунучу төмөн деп эсептей турганын кошумчалады.

Гебрейесус ДССУ кырдаалды көзөмөлдөп жана жаңыртып тураарын билдирди.

Гебрейесус ДССУнун кемедеги жүргүнчүлөрдү жана экипажды колдоо үчүн тиешелүү өлкөлөр жана кеменин оператору менен бирге иштеп жатканын билдирип: "Координацияланган эл аралык жооп кайтаруу терең иликтөөлөрдү, учурларды изоляциялоону жана кароону, медициналык эвакуацияны жана лабораториялык изилдөөлөрдү камтыйт",- деди.

ДССУ кечээ хантавирустан жабыркаган үч адамдын каза болгонун жарыялап: "Учурда бир адам Түштүк Африкада реанимацияда. Кошумча лабораториялык текшерүүлөрдү жана эпидемиологиялык изилдөөлөр менен бирге иликтөөлөр уланууда. Жүргүнчүлөргө жана экипажга медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Вирустун геномдук ырааттуулугун изилдөө да жүрүп жатат",- деп кошумчалады.

Хантавирус

Хантавирус көбүнчө кемирүүчүлөр аркылуу жугуучу оору катары белгилүү.

Кемирүүчүлөрдүн кургатылган заңы, заарасы жана шилекейи аралашкан абаны дем алуу аркылуу, кээде кемирүүчүнүн тиштегени же тырмап алганы аркылуу жугуучу вирус дене табынын көтөрүлүшү, чарчоо жана булчуң оорусу сыяктуу симптомдорду көрсөтөт. Дем алуу жетишсиздигине да алып келиши мүмкүн болгон вирус кээде ички кан агуу жана бөйрөктүн иштебей калышына алып келиши мүмкүн.

Иликте
Израиль оккупацияланган Батыш Шериадагы айылга баруучу акыркы жолду жаап, 47 үй-бүлөнү обочолонтту
Президенттик кубоктогу чоң беттеш ТРТ 1 каналынан көрсөтүлөт
Президент Эрдогандын Ардагерлер күнүнө карата куттуктоосу
АКШ Украинага 2,68 миллиард долларга абадан коргонуу жабдууларын сатууну бекитти
Путин: "Киев администрациясынын сүйлөшүү ниети жок"
Трамп Си менен "абдан жемиштүү" жолугушуу өткөрүүдөн үмүттүү
Израиль армиясы үч жылдык согуштан кийин жоокерлердин жана жабдуулардын жетишсиздигине туш болууда
Россия Украинага курал-жарак жеткирүү көбөйгөнүнө байланыштуу британ дипломатын чакырды
Эрдоган: "Стамбул аэропортунун төртүнчү учуп-конуу тилкеси дүйнөлүк байланышты жогорулатат"
Эрдоган: «Түркияны дүйнөдөгү эң кеңири аба каттамдары тармагына ээ өлкөлөрдүн бирине айландырдык"
Израиль күчтөрү Сириянын түштүгүндө рейд жүргүздү
Орусия Япониядан АКШнын ракеталык системаларын өз аймагынан чыгарууну талап кылды
Түндүк Кореянын Орусиядагы заводдорго миңдеген жумушчуларды жөнөткөнү айтылууда
Конго Демократиялык Республикасында эболадан каза болгондордун саны 3577ге жетти
Пакистанда мечитке жакын жерде жардыруу болду: 15 киши каза болуп, 50дөн ашык киши жаракат алды