САЯСАТ
3 мүнөт окуу
Калифорния Трамптын тарифтери боюнча сотко кайрылган биринчи штат болду
Доо арызында Калифорния АКШ товарларынын эң ири импорттоочусу болгондуктан, бажы төлөмдөрүнүн чыгымдарынын "пропорционалдуу эмес бөлүгүн" өзүнө алары айтылууда.
Калифорния Трамптын тарифтери боюнча сотко кайрылган биринчи штат болду

Калифорния президент Дональд Трампка бажы тарифтеринен улам доо ачкан биринчи АКШ штаты болду.

«Бүгүн Калифорния штатынын атынан Трамп администрациясына каршы доо арыз бергенимди жарыяладым», – деп билдирди губернатор Гэвин Ньюсом шаршемби күнү федералдык сотко арыз тапшыргандан кийин видео билдирүү жарыялап. Бул доо арызда Трамптын Конгресстин макулдугусуз Эл аралык экономикалык өзгөчө абалдар боюнча ыйгарым укуктар мыйзамын (IEEPA) колдонуп, тарифтерди киргизгени сынга алынган.

"Калифорния биздин өлкөнүн эң ири өндүрүш штаты жана дүйнө жүзү боюнча эң ири соода өнөктөштөрүнүн бири. Трамптын администрациясынын заманбап Америка тарыхындагы эң ири салыкты көтөрүүнү таңуулоо боюнча бир тараптуу ыйгарым укуктарды алдыга жылдырууда, Калифорниядан башка эч бир штат мынчалык таасирленбейт”, - деп кошумчалады.

"Бул өлкө тарыхындагы өз дарбазасына гол киргизүү окуясы. Заманбап Америка тарыхындагы өзүн-өзү жок кылуучу кадамдардын бири",- деди Ньюсом.

40 миллион калкы жана АКШнын ички дүң продукциясынын 14 пайызын түзгөн чоң экономикасы менен Калифорниянын экономикалык зыяндын негизги оорчулугун тартары болжолдонууда.

Ньюсом башкаруусу көз карандысыз өлкө болгондо дүйнөнүн бешинчи чоң экономикасы боло турган Калифорниянын Трамптын тариф саясаттарын эл аралык сооданы кыскарта турган болсо, миллиарддаган долларлык кирешеден кол жууй тургандыгын айтты.

«Ыйгарым укук жок»

"АКШнын Конституциясы Конгресске тарифтерди киргизүү укугун берген жана Трамп жаңы тарифтер боюнча ыйгарым укук катары көрсөткөн IEEPA президентке Америка Кошмо Штаттарына кирген бардык товарларга өзүм билемдик менен салык салууга укук бербейт", - деп айтылат штаттын доо арызында.

"Президент Трамптын жаңы тарифтик буйругу экономикага кыйратуучу таасирин тийгизип, биржалык жана облигациялар рынокторунда башаламандык жаратып, бир нече сааттын ичинде жүздөгөн миллиард долларды рыноктук наркты жок кылды, эч кандай эскертүүсүз же тийиштүү процедурасыз инвестицияны суутуп, өлкөнү рецессияга жетелөө коркунучун пайда кылды",- деп айтылат доо арызында.

Арызда АКШ штаттарынын арасында эң ири импорттоочу жана дүйнөнүн бешинчи чоң экономикасы болгон Калифорния тарифтердин чыгымдарынын "пропорционалдуу эмес үлүшүн" көтөрүп жаткандыгы да айтылды.

Ак үйдүн өкүлү Куш Десаи шаршемби күнкү билдирүүсүндө Калифорниянын губернатору Гэвин Ньюсомдун Трамптын тарифтерине тоскоол болуунун ордуна штатындагы кылмыштуулук, үй-жайсыздык жана жогорку баалар маселелерин чечүүгө көңүл бурушу керектигин айтты.

«Бардык Трамп администрациясы Американын өнөр жайларын жок кылган жана жумушчуларыбызды артта калтырган бул улуттук өзгөчө кырдаалды, бажы тарифтеринен сүйлөшүүлөргө чейин колубуздагы бардык каражаттар менен карап чыгууга даяр”,- деди Десаи.

Трамп администрациясы азыркы учурда окшош болгон үч доо арызы менен бетме - бет. Булардын бири – ишкердик дүйнөнүн кызыкчылыгын коргоочу Liberty Justice Center уюму тарабынан Нью-Йорктогу Эл аралык соода сотунда бардык бажы алымдарын токтотуу боюнча доо арыз, экинчиси – Флориданын федералдык сотунда чакан бизнестин ээси тарабынан Кытайга карата бажы алымдарын токтотуу боюнча доо арыз, ал эми үчүнчүсү – Монтанада, Канаданын Альберта провинциясына жана Монтанага жайылган жергиликтүү америкалык уруу болгон Блэкфит улутунун мүчөлөрү тарабынан козголгон жана Трамптын Канадага киргизген бажы алымдарына каршы доо.

Иликте
Трамп: «Менин оюмча Иран менен ок атышпоо аяктады»
Иран АКШнын Исламабад ок атышпоо келишимин бузушун айыптады
АКШ Иранга каршы жаңы кол салууларды баштады
Сирия жана Франция он жылдан ашык убакыттан кийин дипломатиялык байланыштарды калыбына келтирүүгө макулдашты
Германия: НАТО өлкөлөрү Украинага 140 миллиард евро жардам берүүгө убада беришет
Президент Эрдоган: "Саммиттен күчтүү чыгабыз"
Трамп менен Эрдоган жолугушуусу: АКШ Түркияга каршы санкцияларды жойот, F-35 боюнча чечим жакында
Эрдоган НАТО саммитине келген  Трампты Анкарада тосуп алды
Кремль: "Анкарадагы НАТО саммитин жакындан көзөмөлдөп жатабыз"
НАТОнун Анкара саммитинде Коргонуу өнөр жай форуму башталды
Түркия курамасы («12 алп адам») Дүйнөлүк кубок жолунда 6 беттештин баарында жеңишке жетти
Министр Фидан: "Түркия Европа коопсуздугунун борбордук актерлорунун бири"
Анкара НАТО саммитине  негизги эл аралык медиа борборун даярдады
Сабиха Гөкчен аэропорту жүргүнчүлөр боюнча рекордго жетти
Азербайжан Украинадагы SOCAR объектисине жасалган кол салууга байланыштуу Россияга нота берди