ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Президент Эрдоган армян коомчулугу менен өз ара биримдикти жана сый-урматты дагы бир жолу ырастады
Режеп Таййип Эрдоган, Сахак Машалянга жолдогон билдирүүсүндө Осмон армяндарын эскерип, орток келечекке басым жасады.
Президент Эрдоган армян коомчулугу менен өз ара биримдикти жана сый-урматты дагы бир жолу ырастады
Erdogan's message comes as Armenian communities around the world observe April 24, marking the anniversary of the incidents of 1915 near the end of the Ottoman era. / AA

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркиядагы армяндардын патриархы Сахак Машалянга жолдогон кайрылуусунда, өлкөнүн биримдигине, өз ара урмат-сыйга жана Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда каза болгондордун элесине болгон берилгендигин дагы бир жолу баса белгиледи.

Бейшемби күнү Президенттиктин Коммуникация башкармалыгы тарабынан жарыяланган билдирүүдө Эрдогандын "Армян коомчулугунун урматтуу мүчөлөрүнө чын жүрөктөн салам жолдоп", Түркиянын аймагында кылымдар бою ар түрдүү коомдордун бирге жашап келгенин баса белгилегени” айтылды.

Президент Эрдоган : «Кылымдар бою бул мекенде бирге жашап келдик жана мурдагыдай эле бүгүнкү күндө да кубанычыбызды, кайгыбызды тең бөлүшүүнү улантып жатабыз»,-деди.

“Кандай гана себеп болбосун, биз эч качан бир дагы жараныбыздын дискриминацияга, четтетүүгө же четке кагууга дуушар болушуна жол берген эмеспиз жана бербейбиз", - деп кошумчалады.

1915-жылдагы окуялардын 100 жылдыгы

Эрдогандын билдирүүсү, дүйнө жүзүндөгү армян коомчулугу Осмон империясынын акыркы мезгилинде болгон 1915-жылдагы окуялардын жылдыгын белгилеп жаткан 24-апрелге туш келди.

Эрдоган Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда каза болгон Осмон армяндарына урматын жана көңүл айтуу сөздөрүн дагы бир жолу билдирип, бул трагедияны империянын кулашынын алкагында баалады.

“Осмон дөөлөтүнүн акыркы мезгилине туура келген согуш жылдарындагы козголоңдор, күчөгөн бандалык кыймылдар, куралдуу топтордун диверсиялары жана эпидемиялардан улам каза тапкандардын азабын дагы деле жүрөгүбүздө сезип жатабыз” деди.

Президент, өтмүштүн азыркыга же келечекке үстөмдүк кылуусуна жол бербестен, аны менен бетме-бет келүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

"Өткөндүн кайгылуу эскерүүлөрү азыркыны же келечекти туткунга айлантпашы керек деген ишеним менен биз 86 миллион адам (Түркиянын жарандары) катары келечегибизди бирге куруу керектигин түшүнөбүз", - деди.

Биримдик жана өз ара таануу

Эрдоган тарыхты манипуляциялоо менен бөлүп-жаруу аракетине каршы эскертип, мындай аракеттер өлкөнүн коомдук түзүлүшүнө эч качан зыян келтире албаганын айтты.

"Өлкөбүздүн маданий, көркөм, саясий, экономикалык, билим берүү жана социалдык жашоосуна чоң салым кошкон армян жарандарыбыздын тынчтыгы, коопсуздугу жана жыргалчылыгы – башка бардык жарандарыбыздай эле биз үчүн артыкчылыктуу бойдон калат", - деп кошумчалады.

Билдирүүсүн жыйынтыктап жатып Эрдоган Түркиянын алдыга жылышы үчүн биримдикти жана өз ара таанууну улантууга чакырды.

"Түркияны бүгүнкү күнгө чейин бирге алып келгендей эле Түркия кылымын да бирге ийиндешип курабыз", - деди.

"Ай жылдыздуу желектин тынч жана коопсуз көлөкөсүндө, биз ар дайым Түркия Республикасынын ардактуу жарандары катары эркин жашайбыз. Ушул ойлор менен мен армян коомчулугунун өткөндөгү кайгысын чын жүрөктөн бөлүшөрүмдү дагы бир жолу кайталап, каза болгон бардык осмон жарандарын эскеремин",-деди.

Иликте
НАТОнун Анкара саммитинин билдирүүсү жарыяланды
Россия: "Украина эл аралык энергетикалык инфраструктурага каршы террордук аракеттерге барууда"
Эрдоган НАТО ичиндеги коргонуу боюнча кызматташтыкка карата чектөөлөрдү жоюга чакырды
Трамп: «Менин оюмча Иран менен ок атышпоо аяктады»
Иран АКШнын Исламабад ок атышпоо келишимин бузушун айыптады
АКШ Иранга каршы жаңы кол салууларды баштады
Сирия жана Франция он жылдан ашык убакыттан кийин дипломатиялык байланыштарды калыбына келтирүүгө макулдашты
Германия: НАТО өлкөлөрү Украинага 140 миллиард евро жардам берүүгө убада беришет
Президент Эрдоган: "Саммиттен күчтүү чыгабыз"
Трамп менен Эрдоган жолугушуусу: АКШ Түркияга каршы санкцияларды жойот, F-35 боюнча чечим жакында
Эрдоган НАТО саммитине келген  Трампты Анкарада тосуп алды
Кремль: "Анкарадагы НАТО саммитин жакындан көзөмөлдөп жатабыз"
НАТОнун Анкара саммитинде Коргонуу өнөр жай форуму башталды
Түркия курамасы («12 алп адам») Дүйнөлүк кубок жолунда 6 беттештин баарында жеңишке жетти
Министр Фидан: "Түркия Европа коопсуздугунун борбордук актерлорунун бири"