ДҮЙНӨ
3 мүнөт окуу
Түштүк Кореянын президенти Ли Чжэ Мён шайлоодон утуп чыгып кызматка киришти
Өлкөнүн жаңы лидери Түндүк Корея менен диалогду улантуу, АКШ жана Япония менен байланышты бекемдөө жана Трамптын тарифтеринин жогорулашына карабастан экономиканы коргоого убада берди.
Түштүк Кореянын президенти Ли Чжэ Мён шайлоодон утуп чыгып кызматка киришти
/ AP
4 Июнь 2025

Түштүк Кореянын жаңы президенти Ли Чжэ Мён шайлоодон утуп чыккандан кийин ант берип кызматын баштады. Ли Түндүк Корея менен дипломатия жүргүзөрүн жана АКШ менен Япония менен үч тараптуу кызматташууну тереңдетүү убадасын берди.

Шаршемби күнү инаугурацияда сөз сүйлөп өкмөттүн Түштүк Корея  -  АКШ биримдигинин негизинде Түндүк Кореянын коркутууларына каршы «күчтүү тоскоолдукту» күтөп жаткандыгын бирок жарым аралда тынчтыкты түзүү үчүн диалогго да ачык экендигин айтты.

Прагматикалык тышкы саясат убадасын берген Ли Сеул  -  Вашингтон -  Токио карым  - катнаштарын бекемдеп аймактык туруктуулукту камсыз кыларын баса белгиледи.

Ли өзгөчө Түштүк Кореяны "калыбына келтирүүчү энергияга негизделген коомго" айландырууга жана өсүп бара жаткан теңсиздикти, демографиялык төмөндөөнү жоюу үчүн ички реформаларды ишке ашырууга убада берди.

Экономикалык кыйынчылыктар жана тариф маселелери

Ли президенттик кызматын экономикалык кысым күчөп турган мезгилде баштап жатат. Өлкөсүнүн болот жана алюминий экспорту АКШнын президенти Дональд Трамптын кеңейтилген  соода сунуштарынын негизинде Вашингтондон  50 пайыздык катнашта жогорку бажы салыктары менен бетме  - бет.

Өткөн жылы Түштүк Корея АКШга болот экспорттоо боюнча төртүнчү орунда турган. Аналитиктер жаңы администрация күтүүсүз бийлик алмашууну негиздеп, башка өлкөлөрдүн, анын ичинде Япония менен Кытайдын, Трамп администрациясы менен соода сүйлөшүүлөрүн кандай жүргүзүп жатканын изилдөө үчүн убакыт талап кылышы мүмкүн экендигин белгиеп жатышат.

Ли АКШ менен соода жүргүзүүнүн эң актуалдуу маселе экенин моюнга алып, келишимге "шашуунун кереги жок" деди.

Глобалдык чөйрө тездик менен өзгөрүп, протекционизм күчөп турган маалда Ли улуттук кызыкчылыктарга ылайык прагматикалык дипломатияны жүргүзөрүн, АКШ жана Япония менен коопсуздук тармагында кызматташууну улантарын билдирди.

Түндүк Корея жана аймактык коопсуздук

Линин Түндүк Кореяга болгон мамилеси мурунку президент Юн Сук Ёлдун катуу позициясынан айырмаланууда. Юндун бийлиги учурунда Пхеньян менен карым - катнаштар эң төмөнкү дегээлге жеткен.

Корея Социалдык демократиялык партиясынын жумшак мамилесине карабастан Ли аскердик тоскоолдукту диалог аракеттери менен бириктирерин айтты.

"Биз бөлүнүү жана согуштун жараларын айыктырып, тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү келечегин түзөбүз," - деди.

Супер державалардын ортосундагы тең салмактуулук

Ли администрациясы АКШ менен Кытайдын ортосундагы чыңалууну жөнгө салуу боюнча кысымга туш болууда. АКШ Түштүк Кореянын негизги коопсуздук өнөктөшү болууну улантууда, Кытай Түндүк Кореянын эң чоң соода өнөктөшү жана көптөн бери колдоочусу.

Ли Пекин менен достук мамилени жактап TIME журналына Кытайдын Тайванга кол салуусу менен Түштүк Кореянын Тайванга жардам берип же бербей турганы тууралуу суроого: “Бул суроонун жообун инопланетяндар Жерди басып алууга чечим чыгарганда ойлоном”,- деп жооп берди.

Саясий реформа жана социалдык маселелер

Ли жарандык башкарууну токтотуу аракеттерин иликтөөгө жана келечекте мындай аракеттерге жол бербөө үчүн конституциялык өзгөртүүлөрдү колдоого убада берди.

Жаңы президент төмөнкү деңгээлдеги төрөт, теңсиздиктин күчөшү жана турак-жай кризиси сыяктуу курч ички көйгөйлөр менен беттешүүдө.

Ли иш жумасын кыскартууга, пенсияга чыгуу курагын жогорулатууга жана балдарга, кары-картаңдарга, майыптарга социалдык тейлөө кызматтарын кеңейтүү убадасын берди.

Иликте
Трамп Иран согушу "жакында бүтөт" деп айтты
Он өлкө Ливандагы кол салууларды "тез арада токтотууга" чакырды
Пакистандын премьер-министри Сауд Арабия, Катар жана Түркияга сапар тартат
25 кеме Ормуз кысыгынан өттү, АКШнын блокадасына карабастан деңиз кыймылы уланууда
IFRC Түркиядан Иранга көбүрөөк жардам жөнөтүүнү пландаштырууда
Макрон Трамп менен Пезешкианды тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайра баштоого чакырды
Франция менен Британия "коргонуу максатында" Ормуз кысыгындагы коопсуздук миссиясын талкуулашат
Премьер-министр Мелони: Италия Израиль менен коргонуу келишимин токтотууда
Кытай менен Испания "кыйрап бараткан" дүйнөлүк тартипте биримдик жөнүндө билдирүү жөнөтүштү
Трамптын сынынан кийин Рим Папасы согушка каршы сөздөрүн улантаарына убада берди
АКШнын санкцияларына кабылган кытайлык танкер Ормуз кысыгы блокадасын бузуп өттү
Иран беш Араб өлкөсүн айыптады: "АКШ жана Израиль менен кызматташтыңар, кун төлөгүлө!
Израиль Түштүк Ливанда узак мөөнөттүү аскердик оккупациялоону сунуштады
Кытай Иранга курал-жарак өткөрүүнү пландап жатканы тууралуу маалыматтарды четке какты
Каирде ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканда, Израиль Газага дагы кол салды